Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Абай – Арстанбек менен Шортанбайдан кийинки доордун жарчысы


Алматыдагы Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинде “Дилдер үндөштүгү: Абай жана түрк дүйнөсүнүн өткөнү менен бүгүнкүсү” деген темада өткөрүлгөн эл аралык вебинардын жарнамасы. 26.11.2020.
Алматыдагы Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинде “Дилдер үндөштүгү: Абай жана түрк дүйнөсүнүн өткөнү менен бүгүнкүсү” деген темада өткөрүлгөн эл аралык вебинардын жарнамасы. 26.11.2020.

Дүйнө коомчулугу быйыл атактуу казак акыны Абай Кунанбай уулунун 175 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Тарыхчы Т.Чоротегин Абай өз доорунун айтылуу заманачыларынын кыртышынан жаңы сереге өнүп чыккан ойчул акын болгондугун өз блогунда баса белгилейт.

Алгы сөз

Алматыдагы Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетине караштуу Тарых жана укук институтунун Дүйнөлүк тарых кафедрасы тарабынан 2020-жылдын 26-ноябрында “Дилдер үндөштүгү: Абай жана түрк дүйнөсүнүн өткөнү менен бүгүнкүсү” деп аталган эл аралык вебинар өткөрүлдү. Ага Казакстандын ар кыл аймактарынна, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиядан да аалымдар катышты.

Вебинарга катышкан түркиялык абай таануучу, доктор Эртолкун Гайнетулла. 26.11.2020.
Вебинарга катышкан түркиялык абай таануучу, доктор Эртолкун Гайнетулла. 26.11.2020.

Түркиялык аалым Эртолкун Гайнетулла казак тилинде таза сүйлөп, абай таануу көйгөйлөрү, Абайдын мурасынын Түркияда которулуп жаткандыгы тууралуу сөз кылды.

Ал эми Кыргызстандын УИАсынын Бегималы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун Кыргызстандын заманбап тарыхы бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова Абайдын мурасын кыргыз жана казак жадитчилери кантип уланткандыгын баяндады.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Жумагул Байдилдеев болсо Абайдын мурасын даңазалаган Муктар Ауэзовдун кыргыз элинин баатырдык эпосу «Манастын» элдик мазмунун коргоого кошкон опол тоодой салымы жөнүндө баяндап берди.

Вебинарга катышкан бишкектик аалымдар Аида Кубатова менен Жумагул Байдилдеев. 26.11.2020.
Вебинарга катышкан бишкектик аалымдар Аида Кубатова менен Жумагул Байдилдеев. 26.11.2020.

Казакстандык аалымдар Абайдын доору, өмүрү менен чыгармачыл жолу тууралуу ар тараптуу серептерин сунушташты.

Биз ушул вебинарда ортого салынган баяндамабыздын негизинде Абай жана анын “заманачыларга” байланышы тууралуу блогду сунуштамакчыбыз.

Вебинарды уюштурган алматылык аалымдар. 26.11.2020.
Вебинарды уюштурган алматылык аалымдар. 26.11.2020.

* * * * * * *

Абайды кыргыздын көпчүлүгүнө Муктар Ауэзов тааныткан

“Алакушту атынан чакыр” деген сөз бар эмеспи. Мен жаш чагымда, алыскы Ички Теңир-Тоодогу Нарын аймагында айылдык улан кезимде Абай Кунанбай уулу тууралуу алгач Абайдын өзүнүн чыгармасынан эмес, Муктар Ауэзовдун “Абай жолу” романынан өзгөчө таасирге батып окуган элем.

Ал эми Абайды алгачкы жолу даңазалаган кыргыз – бул XIX кылымда жашаган жана казактын нагыз эл акыны болуп кеткен айтылуу Жөжө акын (казакча Шөже Қаржаубайұлы; 1808–1895). Ал Чүй өрөөнүнө чейин келип кетип тургандыгы маалым.

“Атамдын аты Каржообай, Жөжө атым,

Ала-Тоонун ар жагында кыргыз затым,

Энеден туулгандан чыйрак элек,

Атанып жети жаштан “Жөжө акын”...”

деген ыр саптары аркылуу өзүн баяндаган атактуу акын – сөөгү кыргыз, эти казак болуп калган эмеспи.

Ал өз доорундагы казак мыктыларын санап келип:

...Эр чыкты Тобыктыдан далай-далай,

Байылгы адамдарга бардыгы шай.

Атадан артык болуп башкасынан,

Эл бийлеп келе жатат акын Абай...” –

деген саптары аркылуу Абайды да эскерип өткөн.

Санжырага карасак, чынында да Абайдын ата-теги орто жүздөгү тобыкты аргын уруусунан чыккан. Бул уруудагы Олжай баатырдан – үч уулдун бири – Айдос. Айдостун Айпара деген аялынан – 4 уулдун ичинен улуусу – Ыргызбай.

Ыргызбайдын 4 уулунун кичүүсү – Өскенбай. Ал эми Өскенбайдын Зере ысымдуу аялынан – Кунанбай. Зере эне найман уруусунан экен, кыз кезинде Токбала деген ысымы бар экен.

Бул Кунанбай ата Өскенбай уулу шариятка ылайык 4 аялдуу болуптур.

Ал эми Абай атабыз Кунанбайдын экинчи аялы Уулжандан Чыңгыз-Ата тоосунун Жийдебай деген капчыгайында 1845-жылы жайында төрөлгөн экен.

Алматыдагы Абайдын айкели.
Алматыдагы Абайдын айкели.

Бул санжыралык маалыматтардын бардыгы азыр Казакстанда жана дүйнө жүзүндө кеңири жана эркин жайылган хрестоматиялык маалымат болуп саналат.

Биз болсо Абайды Муктар Ауэзовдун коммунисттик (болгондо да сталиндик) цензуранын доорунда миң айла, он миң азап менен жазган даңазалуу романы аркылуу үйрөнгөнүбүздү жогоруда айттым.

Андан кийин Абайдын өзүнүн бир катар чыгармаларын кыргыз, казак, орус тилдеринде окудук.

Эгерде Абай жөнүндө сыпаттаган Муктар Ауэзовдун алгачкы эки китептен турган «Абай» романы үчүн авторго 1949-жылы Иосиф Сталиндин өзүнүн уруксаты менен Сталиндик сыйлык берилсе, ал эми Никита Хрущевдин доорунда төрт томго жеткен “Абай жолу” романы үчүн авторго Лениндик сыйлык ыйгарылган.

Орус жазуучусу жана котормочусу Анна Борисовна Никольская [1(13).12.1899 — 21.11.1977] — күйөөсү, профессор Борис Иванович Ильин-Какуев (солдо) жана казак жазуучусу Мухтар Ауэзов (оңдо) менен. 1959-жыл.
Орус жазуучусу жана котормочусу Анна Борисовна Никольская [1(13).12.1899 — 21.11.1977] — күйөөсү, профессор Борис Иванович Ильин-Какуев (солдо) жана казак жазуучусу Мухтар Ауэзов (оңдо) менен. 1959-жыл.

Бул жогорку сыйлыктар Ауэзовду гана эмес, Абайдын өзүнүн баалуу мурасын да коммунисттик цензура доорунда ар кандай тыюу салуулардан натыйжалуу коргоп турган.

“Заманачы” Арстанбек жана анын казак шериктери

Бүгүнкү жыйындар Абайдын доорун жана мурасын бейтарап изилдөө доорунда өтүп жаткандыгы үчүн биз бактылуубуз.

Абайдын дооруна ар тараптуу көз чаптыруу үчүн казак элинин коңшуларынын адабиятына да кайрылууга туура келет.

Мен бүгүн учкай эскерте кетчү кыргыз элинин залкар акыны, композитору, күү аткаруучусу – Арстанбек Буйлаш уулу (1824–1878). Ал кыргыздын тынымсейит уруусунан. Азыркы тапта бул уруунун өкүлдөрү, санжырачылардын маалыматына караганда, Кыргызстандын Нарын, Ысык-Көл, Талас, Баткен сыяктуу аймактарында, Кытайдагы Текес, Ак-Чий, Ак-Суу аймактарында байырлайт.

Арстанбек Буйлаш уулу (Бойлош уулу; 1824-1878).
Арстанбек Буйлаш уулу (Бойлош уулу; 1824-1878).

Арстанбек 1824-жылы Ички Теңир-Тоодогу Ийри-Сууда төрөлгөн, ал кезде ички теңир-тоолук (нарындык) кыргыздар Кокондон да, Орусиядан да эгемен болгон.

Акын Арстанбек 1878-жылы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз аймагында өлгөн, ал кезде Кыргызстан падышалык Орусиянын кол астындагы оторчулук аймагы болуп калган.

Арстанбектин атасы Буйлаш өрөөнүндөгү таасирдүү бий болгон.

Арстанбек – Буйлаштын салбар деп атап салган токолунан туулса да, тирикарак чыгып, ырчы катары 16 жашында таанылган.

Анын атасын Кокон хандыгынын бийликтери кармап кетип, абакка салганда, Арстанбек жаш кезинен Фергана өрөөнүнө барып, айтылуу Алымбек даткага учурап, ырчылык өнөрү менен атасын абактан бошотуп алганы маалым.

Арстанбек өзү кийинчерээк Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүздө бугу уруусунун арасында байырлап, болуштук деңгээлге чейин шайланып жеткен.

“...Анжыян, Кокон аралап,

Ырчылыгым дааналап,

Кайта келдим пааналап.

Доор сүрдүм башында,

Дуулдап жүрдүм жашымда...

Журт ичинде ырдадым,

Журт жакшысын сыйладым.

(Музооке менен муңдаштым, (Музооке – Тоголок Молдонун аталаш агасы, комузчу, акын)

Сейилкан менен чертиштим. (Ормон хандын уулу Сейилкан чоң комузчу болгон)

Каркыраны жайладым,

Казакка барып ырдадым.

Тезек төрө алдында (акындыгы да бар казак төрөсү)

Замана ырын зарладым.

Экейден чыккан Сүйүнбай, (казак акыны Сүйүнбай Арон уулу)

Башканы көргөн буюмдай.

Айтса сөзү куюндай,

Аны менен айтыштым.

Өткөн кептен тартыштым.

Каңтарбайды каңтардым, (казак акыны Каңтарбай)

Калк ичинде аңтардым...”

Бул саптардан Арстанбек Фергана өрөөнүнө барганын, өз доорундагы казак төкмөлөрү менен арбын жолукканын баяндайт.

Арстанбек жана анын Кыргызстандагы жолдоочулары – Борбордук Азиядагы динге сабырдуу болгон ханафийлик сопулук философиялык агымдын мурасын төкмөлүк поэзияга ширелткен “заманачылар” жалгыз болгон эмес.

Казакстанда да ушундай эле агым болгонун, анын ири өкүлү – акын Шортанбай Канай уулу экендигин азыркы ойчул Мурат Ауэзов таасын белгилейт:

“XIX кылым – бул Казакстандагы хандык бийликтин падышалык өкмөт тарабынан жоюп салышынын мезгили; өзгөчө алганда, 1867–1868-жылдары “Казактарды башкаруу тууралуу жобо” кабыл алынган соң жана анын шарттары жүзөгө ашырыла баштагандан тартып, күч алган. Бул – казак коому кармалып келген негизги түркүктөрдүн урашына алып келди. Бул – дүрбөлөң доору, кайгы доору, же, акын Шортанбай Канай уулунун “Зар заман” обондуу ырынын аталышы менен кийинчерээк атап калышкандай, “зар заман” доору болгон. Кийинчерээк “Зар заман” деген адабий агым да пайда болгон. Бул агым Казак талаасынын экономикалык, саясий жана маданий жактан оторчулукка айландырылышына каршы нааразылыкты чагылдырган”.

Коомдук ишмер Мурат Ауэзов. Алматы шаары. 2010-жылдын 30-сентябры.
Коомдук ишмер Мурат Ауэзов. Алматы шаары. 2010-жылдын 30-сентябры.

Чынында, 1867-жылы Орусиянын падышасы Александр II “Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облустарын башкаруу тууралуу убактылуу жобо” деген документке, ал эми 1868-жылы “Торгой, Урал, Ак-Моло жана емей облустарын башкаруу тууралуу убактылуу жобого” кол койгон. Бул жобо казактардын гана эмес, башкыр, кырыз сыяктуу башка бир катар элдердин айрым топторунун да тагдырларында бурулуш башаган (1868-жылга карата Түндүк Кыргызстан Орусия тарабынан дээрлик толук каратылып алынган эмеспи).

Ошол доордо “Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң”, - деген Арстанбектин сөзү ылакап кепке айланган.

Арстанбек 1868-жылга чейин падышалык Орусиянын оторчулугуна каршы чыгып, ал түгүл Кашкардагы Бадөлөттүн (Жакыпбектин) мамлекетине казак менен кыргыз кошулуп алса жакшы болмок деген идеяны да таркаткан.

Айтмакчы, Орусиянын оторчулугуна каршы маанай камтылган саптары жана өзүнүн бийдин тукуму болгону, шайланып болуштукка жеткени сыяктуу жагдайлар анын мурасына Кыргызстанда сталиндик доордо – 1947–49-жылдардан кийин тыюу салууга себепчи болгон. (Кайра куруулар доорунун акыркы жылдарынан, 1989-жылдан тартып гана Арстанбектин мурасы Кыргызстанда кайрадан ачык чагылдырыла баштаган).

Абайдын мууну жана жадитчилер

Абай болсо оторчулук шартында ыңгайлашууна, анын жакшы жактарын да өздөштүрүүгө умтулган Чокон Валиханов сыяктуу жаңы казак муунунун өкүлү болду.

Чокон сыяктуу эле, Абай да мусулман чыгыш адабияты менен чектелбестен, өз доорундагы орусиялык адабияттын жетишкендиктерин астейдил үйрөнгөн.

Маселен, Абай оторчулук доорундагы чарбалык жаңыланууларды эске алып, көчмөн казаккка кайрылат:

Егіннің ебін,

Сауданың тегін

Үйреніп, ойлап, мал ізде...

«Эгиндин эбин,

Сооданын тегин

Үйрөнүп, ой чабыттап, мал (байлык, товар) изде».

Ал оторчулук доордо казактар өз жемин жедирбес үчүн кеңири билим алуусу керектигин түшүнүп, агартуу зарылдыгы тууралуу өз чыгармаларында ырааттуу чагылдырган.

Абай өз мууну кыйла сабатсыз болгонун, эми жаңы муунду билимге тартуу зарылдыгын төммөнкү ыр саптарында айтат:

Жасымда ғылым бар деп ескермедім,

Пайдасын көре тұра тексермедім.

Ержеткен соң түспеді уысыма,

Қолымды мезгілінен кеш сермедім.

Жашымда илим бар деп эскербедим,

Пайдасын көрө туруп текшербедим.

Эр жеткен соң түшпөдү го уучума,

Колумду мезгилинен кеч сермедим.

Бұл махрұм қалмағыма кім жазалы,

Қолымды дөп сермесем, өстер ме едім?

Адамның бір кызығы - бала деген,

Баланы окытуды жек көрмедім.

Кур жалак калганыма ким айыптуу,

Колумду төп сермесем, өсөр белем?

Адамдын бир кызыгы – бала деген,

Баланы окутууну жек көрбөдүм.

Абайдын илим-билимге чакырган ушундай маанайын XX кылымдын башында татар, башкыр, кырым татар, азербайжан, кумук, балкар, ногой, кыргыз, казак, өзбек, уйгур ж.б. жадитчилер өз эне тилдеринде андан ары сүрөп кетишти.

Кыскача жыйынтыктасак, Абайдын доорунун кыртышын ар тараптуу аңдоо жана изилдөө үчүн кыргыз-казактын XIX кылымдагы “заманачыларынын” – сопулук идеяларды оозеки көркөм адабиятка жайылткан залкар төкмөлөрдүн чыгармачыл мурасын да изилдөө – күн тартибиндеги зарыл маселелерден.

XS
SM
MD
LG