Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Өкмөт Ат-Башыга логистикалык комплекс кургусу келет


Ат-Башыдагы бажы-логистикалык комплекстин долбоору.
Ат-Башыдагы бажы-логистикалык комплекстин долбоору.

Кыргыз өкмөтү Ат-Башыдагы Кытай менен чектеш аймакка бажы-логистикалык комплекс куруу боюнча аракет көрүп жатат.

Өткөн аптада Экономика министрлигинин жана Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү Нарынга барып, облустук бийлик менен жыйын өткөрүп келген. Ал жерде Ат-Башыга бажы-логистикалык комплекс куруу боюнча сөз болуп, жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, комплексти куруш үчүн жер карап көрүү, талдоо маселелери талкууланды.

Баштапкы долбоорго ылайык, комплекс «Торугарт» өткөрмө бекети менен Ат-Башы айылынын ортосунда 25 гектар аянтка курулат. Долбоор ишке ашса, Кытайдын товарлары ошол жерден бажылык тариздөөдөн өтөт.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча курула турган комплекс мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашат. Аталган өнөктөштүк - бул мамлекеттин социалдык жактан маанилүү долбоорду жеке ишкана -компаниялар менен чогуу жүзөгө ашыруу механизми.

Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун жетекчиси Данияр Абдылдаев комплекс тууралуу мындай маалымат берди:

«Бул өкмөттүн буйругунун негизинде башталган иш. 2016-жылы жеке өнөктөштүктү механизмин колдонуу боюнча бажы-логистикалык комплексин куруу жөнүндө буйрук чыккан. Анын негизги максаты – бажы тармагындагы жол-жоболорду оптимизация кылуу жана жаңы инновациялык деңгээлге чыгаруу. Мындан сырткары жаңы инфратүзүмдөрдү куруп, ишке киргизүү».

2017-жылдын октябрь айынан 2018-жылдын март айына чейин долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан. Ага ылайык, жеке өнөктөш менен келишимдин иштөө мөөнөтү 25 жыл деп белгиленген. Ал эми талап кылынган инвестиция көлөмү болжол менен 30 миллион АКШ долларын түзөт.

Долбоорду ишке ашыруу жана өнөктөштү тандоо конкурстук негизде жүргүзүлүп тендер жарыяланат.

Ат-Башы районунун тургуну Дайракүл Ибраева комплексти курууда өкмөт элге түшүндүрүү иштерин колго алышы керек деп эсептейт.

«Бул долбоорду ийне-жибине чейин элге түшүндүрүп бериши керек, - деди ал. - Ошондон кийин элге жагып, макулдук беришсе гана сала башташы керек. Эгер долбоор элге жакпаса каршылык көрсөтөт. Өткөндө Нарын облустук администрациясына тийиштүү министрликтеринин өкүлдөрү келип, сүйлөшүп кетиптир деп уктук. Ошол жерден акимдер «эл менен чечебиз, ал канча гектарга салынат, жер ижарага берилеби, эмне салынат» деген суроо берсе, дагы эле чийки экени билинип, толук жооп бере алган эмес экен. Биздин оюбузча, президенттик, андан кийин парламенттик шайлоо өтсүн. Эл тынчысын. Андан кийин жалпы жыйын өткөрүп, эл менен кеңешип алышсын».

Өкмөттүн Ат-Башыда, кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрмө бекетинин жанына бажы көзөмөлүн жакшыртуу жана аймактын тышкы экономикалык байланыштарын өркүндөтүү максатында логистика борборун куруу тууралуу токтому 2016-жылы декабрь айында чыккан.

Ал эми комплексти куруу боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдети облустук бийликке жүктөлгөн. Өкмөттүн Нарындагы өкүлүнүн орун басары Адыл Сапаров бул иштер кийинки жылы башталарын билдирүүдө:

«Биз «долбоорду тактап бергиле» деп Мамлекеттик бажы кызматына айттык. Андан кийин биз ошого жараша элге түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштайбыз. Бул кийинки жылы жасалчу иш».

Ушул жылдын башында Ат-Башы районунда жалпы суммасы 275 миллион долларды түзгөн соода-логистикалык борборунун курулары айтылган. Өкмөттүн маалыматы боюнча, ага кытайлык ишкер түз инвестиция жумшамак.

Айрым экономисттер курулушу башталганы турган «Ат-Башы» терминалы Казакстандын Кытай менен чектешкен жериндеги «Хоргос» соода борборуна атаандаш хаб болорун айтып келишкен.

Кыргыз бийлиги «эгерде соода-логистикалык борбор ишке берилсе, Нарын облусу 7-8 жыл ичинде дотациядан чыгат, 15 миңге жакын жумушчу орун түзүлүп, аймакта чоң шаарча пайда болот» деп жар салган.

Бирок жергиликтүү элдин каршылыгынан кийин бул долбоор ишке ашпай калганы жарыяланган.

Ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев борбор курулбай калышына «нарындыктарга сырттан таңууланган, алардын кызыкчылыгына каршы келген пикирлер себеп болгонун» айткан.

Ал эми курулушка каршы чыккандар логистикалык борбор үчүн ижарага берилген аймак жайыт экенин белгилеп, кийин ал Кытайга биротоло өтүп кетиши ыктымал деген чочулоосун билдиришкен.

Ошол эле кезде өкмөттүн бул жолку аракетин сындагандар да бар. Экономика тармагы боюнча эксперт Эркин Абдразаков буларга токтолду:

Эркин Абдразаков.
Эркин Абдразаков.

«Бөйрөктөк шыйрак чыгарып эмне кереги бар? Азыр ансыз да Мамлекеттик бажы кызматы, Мамлекеттик чек ара кызматы иштеп жатат. Аларды бириктирип Улуттук коопсуздук боюнча мамлекттик комитетке каратты. Эми аларга дагы кандай укуктар берилиши керек? Эгер комплексти мамлекет курса ушуга чейин эле куруп коймок. Булар «тендер» деп коюп эле элди чаташтырып жатат. Мына, Нарында эркин экономикалык зона түзүштү эле. Анын пайдасы деле болгон жок».

2000-жылдардын башынан бери эле жергиликтүү бийлик Ат-Башыга соода терминалы салынарын билдирип, инвестор издеп келет. Учурда сөз болуп жаткан долбоор канча убакта ишке ашат? Ишке кирсе жергиликтүү элдин канчасы иш менен камсыз болот? Ага тышкы инвесторлор катышабы жана алардын укуктары кандай чечилет? Ушул сыяктуу экономикалык негиздемелер айтыла элек.

XS
SM
MD
LG