Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Бээжин кыргыз азыгына эшигин ачты


Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Бээжинде, 28-апрель, 2019-жыл.
Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Бээжинде, 28-апрель, 2019-жыл.

Кыргызстан тоо балын, кокон гиласын, буудай унун жана быштак баш болгон сүт азыктарын Кытайга экспорттой турганы маалым болду.

Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев аталган айыл чарба азыктарын коңшулаш өлкөнүн рыногунда сатууга уруксат берген документтерге кол коюлганын билдирди.

Ал жакында экспорттоло турган азыктардын фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздугун текшерүү үчүн Кытайдан инспекторлор келерин айтты.

Бирок эксперттер арасында Кыргызстан ири көлөмдөгү айыл чарба азыктарын Кытай рыногуна сатууга даяр эместигин айтып, буга байланыштуу бир катар иштерди жөнгө салуу керектигин белгилешти.

Бизнес-форумдун жыйынтыгы

"Кыргызстан - Кытай" бизнес-форумунун алкагында кыргыз-кытай агрардык өндүрүш комплексин куруу жөнүндө рамкалык келишимге жана соода-өндүрүштүк логистикалык-агрардык өнөр жай борборун куруу" тууралуу меморандумга кол коюлду.

Мындан сырткары жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоочу химиялык каражаттарды өндүрүүчү айыл чарба паркын ачуу боюнча меморандум бекитилди.

Мындан сырткары айыл жана суу чарба министри Эркинбек Чодуев Кыргызстандын айрым айыл чарба азыктарын Кытайга экспорттоого жол ачылганын билдирди.

Эркинбек Чодуев
Эркинбек Чодуев

"Кол коюлган протоколдор боюнча биз эми тиешелүү айыл чарба азыктарын автотранспорт менен Кытайга экспорттоого мүмкүнчүлүк алдык. Бул экспорттун көлөмүн да көбөйтөт. Биздин кыргыз ишкерлер өздөрү дагы ал жакка ташып барып, товарларын сатса болот. Буудай унун экспорттоо боюнча биринчи жолу протоколго кол коюлду. Биздеги буудайды кайра иштетүүчү ишканаларга жол ачылды. Балды биз буга чейин бир катар башка өлкөлөргө экспорттоп келсек, эми аны расмий түрдө Кытайга да сата баштайбыз. Сүт азыктарынан Кытай тарап биздин өндүрүштөн чыккан быштакка көбүрөөк кызыгып жатат. Бул боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Эми ал жактан тиешелүү инспекторлор келип текшерип, биздин ишкерлерге Кытай рыногуна чыгууга жол ачылат".

Иреттелбеген айыл чарба саясаты

Кыргызстандагы күнөсканалар бирлигинин төрагасы Тилек Токтогазиев айыл чарба багытындагы кол коюлган келишимдер менен меморандумдар ишке ашып кетеринен күмөн санайт. Анын айтымында, айыл чарба тармагы сапаттык стандарттарга жооп берген айыл чарба азыктарын ири көлөмдө өндүрүп, анын логистикасын жолго коюп, заманбап сертификациядан өткөрүүгө даяр эмес.

Тилек Токтогазиев айыл чарба саясатын иретке келтирмейинче, экспорт тууралуу ойлонууга эртелик кыларын айтты.

Тилек Токтогазиев
Тилек Токтогазиев

"Азыр эми мына ошондой документтерге кол коюлуп, анын жыйынтыгы боюнча эле Кытайдын базарларына товарларды сатабыз дегендер болуп жатат. Бирок ал биз ойлогондой оңой иш эмес. Анткени Кытай тарап сыпайычылык үчүн долбоорлор болсо дагы, болбосо дагы меморандумдарга кол коё беришет. Бул жөн эле "биз болгону мүмкүнчүлүктөрдү гана беребиз" деген сөз. Ошондой ниетин билдирип жатышат. Анан дагы ал мүмкүнчүлүктөрдүн бардыгы ишке ашабы? Маселе ошондо. Бул жерде биз алгач айыл чарба саясатындагы ички шарттарды иретке келтирип алышыбыз абзел. Логистика маселесин чечүү керек. Сапаттык стандарттар, сертификациялоо усулдарын жана техникалык шарттарды жогорку деңгээлге көтөрүшүбүз зарыл".

Тармак жетекчилигинин жөндөмү

Ошол эле кезде айыл чарба адистери Кыргызстан Кытайдын рыногуна экспортко чыгардан мурда, айыл чарба азыктарын өстүрүүнүн заманбап технологиясын өздөштүрүүгө тийиш деп эсептешет. Анткени анын суроо-талабына жооп берчү сапаттуу, экологиялык жактан таза жана жетиштүү көлөмдө айыл чарба азыктарын өндүрүү маселеси чечиле элек экен.

Айыл чарба тармагы боюнча эксперт Манас Саматов министрлик менен өкмөттү бул маселелерди чечүүгө жөндөмсүз дейт.

Манас Саматов
Манас Саматов

"Иш жүзүндө бизде Кытайга жөнөтө тургандай ири көлөмдөгү экспорттук айыл чарба азыктары жок. Биздин Айыл чарба министрлиги жомок айтып эле жүрөт. Биз алгач Кытайдын суроо-талабын камсыз кыла тургандай экологиялык жактан таза жана эл аралык сапаттык стандарттарга туура келген азыктарды өндүрүүнү үйрөнүшүбүз зарыл. Азыр бул багытта министрликтин жасаган ишинин дайыны жок. Ишке ашыра турган долбоорлору да, айыл чарбасын түшүнгөн адиси да жок. Бир курулушчуну алып барып, ал жакка айыл чарба министри кылып коюшту. Төө десең бээ дейт. Ушундай шартта кантип анан тармак өнүксүн?".

Министр шек саноолорду жокко чыгарды

Учурда Кыргызстан менен Кытайдын айыл чарба багытындагы соода жүгүртүүсү болгону 42 миллион АКШ долларына барабар. Анын 25 млн. долларын Кытайга чыккан экспорттук товарлар түзсө, калган 17 млн. долларын ал жактан кирген импорт түзөт.

Кытайга экспорт көлөмүн өстүрүү кагаз бетинде калышы мүмкүн деген күмөн саноолорго карата айыл чарба министри Эркинбек Чодуев жооп кайтарды.

"Биздин ветеринардык инспекциянын, тиешелүү департаменттин астында лабораториялар ачылган. Мына ошол жактардан текшертип, ал жактан берилген сертификаттар менен Кытайдын базарларына чыкса болот. Кытай тараптын койгон эң негизги талабы - экспорттоло турган айыл чарба азыктарынан оору чыкпашы керек. Бул эми эл аралык талап. Башка эч кандай талап деле жок. Эң башкысы биздин ишкерлер биздин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун эске алуу менен товарларын Кытайга алып барып сатууга толук жол ачылды".

Кыргызстан буга чейин ВСП+ программасынын алкагында Европа Биримдиги менен 6 миңден ашуун товарларды бажы төлөмүсүз киргизүүгө жеңилдик алган. Бирок эксперттердин айтымында, Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктү толук пайдалана албай келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG