Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Оштун гиласын Кытай ала баштады


Оштун Араван районундагы багбандар кокон гиласын Кытайга экспорттоп жатат.

Мурда ортомчуларга түшүмүн арзан кармата берип, мээнети акталбаган багбандар эми Кытайга түз экспорттоо мүмкүнчүлүгү ачылганына кубанып жатат.

Эксперттер болсо айыл чарба азыктарын экспорттоодо мурдагыдай эле пайданын көбүн чет элдик ишкерлер көрүп жатканын айтышат.

Багбандар баасына ыраазы

Жергиликтүү багбандардын «Араван агросервис» деп аталган кооперативдик чарбасынын АКШнын ЮСАИД уюмунун көмөгү менен ачкан логистикалык борбору быйылкы кокон гилас сатуу маалында Кытайга 35 тонна гилас экспорттошкон.

Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган кооперативдик чарбанын жетекчиси Шахрух Умаров билдирди:

«Биздин кооперативдик чарба 2016-2018-жылы ЮСАИД уюмунан 33,6 миң доллар грант алып, ушул муздаткычы бар логистикалык борборду курганбыз. Эми бул борбор аркылуу биз эрте бышкан картошка менен кокон гиласты сорттоп, таңгактап, сактап, Кытайга экспорттоп жатабыз».

Кытайга экспорттоо үчүн таңгакталган кокон гилас.
Кытайга экспорттоо үчүн таңгакталган кокон гилас.

«Агросервис» ишканасы учурда фермерлерден кокон гиласты 130 сомдон 240 сомго чейин сатып алышат:

«​Биз фермерлерден гиласты сатып алып, жууп-тазалап, сорттоп, ар бир кутуга 5 килограммдан салып, Кытайга сатабыз. Бизден кытайлык ишкерлер сатып алышат. Алардын баасы канча экенин билбейбиз. Былтыр бизге аябай кыйын болгон, кокон гиласты 30-40 сомдон араң сатканбыз. Эми быйыл бул борбор аркылуу жакшы баада сатып жатабыз».

Умаровдун айтуусунда, учурда Араванда кокон гилас түгөнүп, логистикалык борборго Баткендин Үч-Коргон айылынан, Кара-Суу районунан сатылып алынууда.

Ош облусунан кокон гиласты кытайлык ишкерлер өздөрү келип, алып жүргөн. Эми жергиликтүү ишкерлер менен багбандардын жана ЮСАИДдин күчү менен жаңы логистикалык борбор курулуп, эл жемишин кымбатыраак баада сатууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Араван районунун Эрке-Кашка айылынын тургуну Токтосун Бакиров быйыл бакчасындагы кокон гиласын ушул борбор аркылуу жакшы баада сата алганына кубанып турган экен.

«Былтыр арзан болуп, аны өткөрө албай кыйналганбыз. Быйыл эми ушулар аркылуу эле сатып атабыз. Булардын талаптары бар, ошого ылайыктап, терип келип тапшырабыз. Мисалы, кокон гиласты эртең мененки саат 11ге чейин гана териш керек. Күн ысыгандан кийин терилген гилас бат бузулат».

Кокон гиласты сорттоо учуру.
Кокон гиласты сорттоо учуру.

Буга чейин Кытай мамлекети менен айыл чарба өндүрүмүнүн айрым түрлөрүн экспорттоого келишим түзүлгөн. Анда кокон гиласты аба жолдору менен гана ташууга уруксат берилген эле. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги быйыл жазда жемиштин аталган түрүн транспорт менен ташууга уруксат берүүнү Кытайдан өтүнүп жаткан.

2017-жылы Кыргызстан Кытайга 40 тонна кокон гилас жөнөткөн. 2018-жылкы статистика белгисиз.

Каймагы кытайларга...

Аравандагы борбор Кыргызстандын түштүгүндөгү эл аралык талаптарга жооп берген саналуу логистикалык борборлордун бири. Алар азырынча Кыргызстанда өстүрүлгөн айыл чарба азыктарын чет мамлекеттерге экспорттоо жаатында жыйноочу жана сактоочу гана ролду аткарып, киреше да ушул багыттан гана түшүп жатат. Ал эми Кыргызстандын экологиялык жактан таза азыктарын сыртка экспорттоодо негизги пайданы дагы деле болсо чет элдик ишкерлер көрүүдө.

ЖИА Бизнес биримдигинин Ош облусундагы өкүлү Бектурсун Такелеевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, кыргызстандык дыйкандар менен ишкерлерге чет мамлекеттердин, өзгөчө Кытайдын базары дагы деле жабык болуп жатат:

«Айыл чарба азыктары өтпөй, туруп калган жок. Кытайга сатылып жатат. Бирок өтө арзан баада. Аны да биздин ишкерлер алып кирип саткан жок. Алар болгону элден жыйнап, аны сорттоп, таңгактап, даярдап, сактап берүүчү гана ишинен киреше таап жатышат. Ал эми негизги пайданы дагы деле болсо кытайлык ортомчу ишкерлер көрүп жатышат. Алар кандай жол менен алып кетип жатышат, биздин бюджетке канча салык төгүшөт, бул өзүнчө суроо».

Кыргызстандын айыл чарба азыктары экологиялык жактан таза деп айтылганы менен, аны башка мамлекеттерге экспорттоодо кыйынчылыктар жаралып келет. Ишкерлердин айтымында, жергиликтүү азыкты базарына түздөн-түз экспорттоодо эң татаал өлкө коңшулаш Кытай болуп саналат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG