Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

Ат-Башы: хаб курулушунан чыккан каңшаар


«Ат-Башы» индустриялык соода логистикалык борборунун долбоору.
«Ат-Башы» индустриялык соода логистикалык борборунун долбоору.

Ат-Башы районунун тургундары "чек арага жакын жерге соода-логистикалык борбор курулса, Кытай жерди тартып алат" деп чочулашууда.

Кыргыз өкмөтү муну суу кечпеген ушак катары баалап, кайсы бир күчтөр чагым уюштурушу мүмкүн деп боолгоп жатат.

13-январда Ат-Башы району менен Кытайдын чектеш аймагына соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы жыйын өткөн. Жергиликтүү эл катышкан бул жыйында "логистикалык борбор курулса, кытай жарандары чек арага жакын аймактарды ээлеп алат. 200 гектар жер Кытайга 49 жылга ижарага берилет экен" деген сөздөрдү айтышкан.

- "Арпа менен Аксай Кытайга сатылып кетиптир дейт, 13 миң кытай каптап, малыбызды айдап өтө албай калат экенбиз" деген сөздөр тарап жатат. Аны угуп алып эле ызы-чуу түшүп жатышат, - деди "Ат-Башы жаштары" уюмунун мүчөсү Турат Ыдырысов.

Райондук администрацияга чогулган жүздөн ашуун киши жыйын соңунда долбоордун чоо-жайын иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүшкөн.

Ат-Башы айылынын тургуну Дарыгүл Ибраева комиссия кандай чечим чыгарса, иш ошого жараша уланарын айтты:

- Комиссиянын курамына Ат-Башы районундагы 19 айылдын ар биринен бирден киши кошулду. Арасында мен да бармын. Комиссиянын мүчөлөрү долбоордун бардык документтерин карап чыгабыз. Анын негизинде элге канчалык пайдалуу болот, ошол эле кезде инвестордун пайдасы канчалык экенин иликтеп чыгабыз. Элге зыяны жокпу, коркунуч жаралбайбы деген тарабын да карайбыз. Мына ошонун жыйынтыгы менен талдап, элге логистикалык борбор салынат же салынбайт деп жооп айтканы турабыз.

Ат-Башыга соода-логистикалык борбору салынары 10 жылдай убакыттан бери айтылып келет. Бирок логистикалык борборду салууга бел байлаган инвесторлордун шарты, экономикалык негиздемелери толук айтыла элек.

“Нарын” эркин экономикалык аймагынын башкы директору Гүлзат Абдырасулова соода-логистикалык борборду салуу үчүн мамлекеттер арасында эмес, жеке инвесторлор менен келишим түзүлгөнүн билдирди:

- Ушул долбоор башталганга чейин Ат-Башы районундагы 11 айыл өкмөттү кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Азыр тескери маалымат чыгып жатат. Мен ушуну баса белгилей кетейин, мамлекетке караштуу жерди ижарага берүү боюнча өкмөттүн атайын токтому бар. Ал жерде ачык эле "ижарага алган тарап үчүнчү жакка бере албайт" деп жазылып турат. Укугу жок. Ошондой эле ишкерлер ижарага алган жерде он эки айдын ичинде иш жүргүзбөсө, келишимди бир тараптуу жокко чыгарса болот.

Гүлзат Абдырасулованын айтымында, курулганы жаткан индустриялык соода-логистикалык борбордун баштапкы иштерин кытайлык жеке ишкер Лю Ин менен кыргызстандык ишкер Эмилбек Абдыкадыров ишке ашырат. Алардын коому "Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы" деп аталат. Мындан тышкары долбоорго катышуу ниетин Түркия, Бириккек Араб эмираттары, Казакстан, Беларус жана Орусиялык инвесторлор билдирип жатышат. Долбоордун жалпы наркы 280 млн долларга бааланган.

Логистикалык борбор куруу долбоору Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында бекитилген макулдашууга ылайык ишке ашканы жатат.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы​ Чыңгыз Эсенгулов бул жерде чагымчыл күчтөр иштеп жатышы мүмкүн деген пикирде:

Чынгыз Эсенгулов.
Чынгыз Эсенгулов.

- Коомчулукту козутуп, кандайдыр бир чагымчыл иштерге барган адамдар болушу мүмкүн. Ошонун айынан ушундай нааразы пикирлер жаралды деп божомолдоп жатабыз. Элдин каршы чыкканы кимдир бирөө үчүн керек болгондой. Биз нааразы болгон адамдарга иштин чоо-жайын түшүндүрдүк.

Өкмөттүн өкүлү долбоорду ишке ашыруу боюнча түшүндүрүү иштерин кенен-чонон жүргүзүү максатында тийиштүү материалдар даярдалып жатат деп ишендирди.

Өкмөт тараткан маалымат боюнча соода-логистикалык комплекс Ат-Башыдагы Бишкек - Нарын -Торугарт жолунун жанына салынып жатат. Бул комплекс - ири кампалар, жүк ташууга байланыштуу терминал, өндүрүш ишканалары, бажы көзөмөлү сыяктуу көп функционалдуу соода-сатыкка байланыштуу кызматтарды камтыйт.

Логистикалык борбор салынып бүтсө, 15 миңге жакын жумушчу орун түзүлүп, аймакта чоң шаарча пайда болору пландалууда.

Өткөн жылдын 11-декабрында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев курулушка капсула салып жатып "Ат-Башы" хабы заманбап жана ири борбор болорун белгилеген.

Ал сегиз жыл аралыгында курулуп бүтөрү пландалып жаткан индустриялык соода-логистикалык борбору казынага салым кошоруна ишеним арткан.

Мухаммедкалый Абылгазиев, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень жана ишкер Эмилбек Абдыкадыров соода-логистикалык борбордун курулушуна капсула салып жатат.
Мухаммедкалый Абылгазиев, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень жана ишкер Эмилбек Абдыкадыров соода-логистикалык борбордун курулушуна капсула салып жатат.

- Эки мамлекет ортосундагы достук мамилени чыңдаганыбыз үчүн инвестор ишенип келип жатканын көрүүдөбүз. Борбор дегенибиз менен чоң шаарча курулганы жатат. Нарын облусуна гана эмес, Кыргызстандын экономикасына да салым кошо турган долбоор болот, - деген өкмөт башчы.

Ошондой эле логистикалык борбор Кыргызстандын Кытай менен соода алакасынын көлөмүн көбөйтөрү айтылууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG