Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Жээнбековдун убадасы жана иши


Жээнбеков-Атамбаев: бийликти сынаган бир жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00

Жээнбеков-Атамбаев: бийликти сынаган бир жыл

Президент Сооронбай Жээнбековдун бийликке келгенине бүгүн, 24-ноябрда туура бир жыл толду. Бир жыл ичинде Жээнбековдун мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеси элдин назарындагы башкы маселе болду.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоодо жеңип, ошол жылдын 24-ноябрында кызматына расмий киришкен.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн кызматка киришүү инагурациясы саясий элитанын катышуусунда өтүп, мамлекетти башкаруу вазийпасын Жээнбеков мурдагы президент Атамбаевден салтанаттуу түрдө өткөрүп алган.

Жээнбеков ант берээрдин алдында ага Алмазбек Атамбаев ыр түрүндө батасын берген:

- Дос көрүнүп, кас болгондон сакта,

Жанында жүрүп, өч болгондон сакта!

Соке, досум!

Берекет жаныңдан кетпесин!

Сооронбай Жээнбеков да өз кезегинде бийликти өткөрүп берип жаткан мурдагы президентке ыраазычылык билдирген:

- Мекенине ак эмгегин арнаган, Кыргызстанды өнүгүү жолуна алып чыккан урматтуу Алмазбек Шаршеновичке таазим кылып, элибиздин атынан тереӊ ыраазычылык билдирем! Сиз баштап берген кыргыз көчү өз жолун улайт! Кыргызстаныбызга, элибизге аруу тилек, адал мээнет менен өтөп берген ак кызматыӊыз, эрдигиӊиз, акылман-көрөгөчтүгүӊүз үчүн Сиз “Кыргыз республикасынын баатыры” эӊ жогорку артыкчылык даражасы, “Ак шумкар” өзгөчө белгисине татыктуусуз. Мамлекетибиздин бул эӊ жогорку сыйлыгын сизге элибиздин атынан чоӊ сыймык менен тапшырам деген үмүттөмүн. Президенттик кызматка киришкенден кийинки биринчи жарлыгым ушул болот.

Бирок президент убадасына ылайык биринчи жарлыгы менен ыйгарган бул жогорку наамды экс-президенттин колуна тапшыра элек. Төрт ай мурдагы жана азыркы президенттин мамилеси бузулганы тууралуу аңыз Кыргызстан Социал-демократтар саясий партиясынын 31-марттагы курултайында ачыкка чыкты.

Курултайдан кийин уюштурган маалымат жыйында партия лидери Алмазбек Атамбаев Жээнбековдун 8-февралда Коопсуздук кеңешинин соңку жыйынындагы баяндамасына таарынычын айтып чыккан:

- Жээнбековго Коопсуздук кеңеши адаштырган маалымат берип жатат. Анткени менин убагымда коррупцияга каршы күрөш боюнча көптөгөн иштер жасалган. Жээнбеков менен 23 жылдан бери доспуз. Эки жаш улуу катары кээде ага бир нерселерди айтышым мүмкүн. Биздин өлкө үй-бүлөлүк, кландык башкарууга барбашы керек. Муну Сооронбай Шарипович түшүнөт деп ойлойм. Ага мен айтпасам, ким айтат?


Бул сөздүн чындыгын президент Сооронбай Жээнбеков да үн катпастыгы менен далилдеп келди. Талдоочулар жыл аягына чейин созулган эки саясий лидердин тиреши коомдук-саясий маанайга олуттуу таасир этип жатканын айтып келишет.

Коомчулуктун бүйүрүн мурдагы жана азыркы президенттердин маалымат каражаттарындагы акыркы билдирүүлөрү кызытып, эки достун эки жээкке кеткени биротоло ырасталды.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө башына келгенинин бир жылдыгын утурлай 24.кg маалымат каражатына берген маегинде Атамбаевди "мени башкарып алууга аракет кылды" деп күнөөлөдү:

- Мен эч качан аны менен мамилем бузулганын айткан эмесмин. Ооба, биз узак убакыт бою партиялаш жана үзөңгүлөш болгонбуз. Бирок ал үчүнчү кишилер аркылуу мени жетеленме жетекчи кылгысы келгени, менин аракеттеримди башкарып тургусу келгени – адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да ага абийир алып келбейт. Мага анын бул аракеттери таптакыр түшүнүксүз болчу. Ал мени “досум”, “партиялашым” деп көп айтат, бирок чыныгы достор андай кылбайт. Мактангым келбейт, бирок кыйын мезгилдерде, керек болсо андан баары качып кеткен кезде да дайыма жанында болгом. Үй-бүлөмө, жакындарыма коркунуч туулганда да Атамбаевди колдоп жүргөм. Азыр анын саясий технологдору мени "саткын" деп атап жүрүшөт. Бирок кимдин ким экенин убакыт көрсөтөт.

Экс-президент болсо 19-ноябрда "Апрель" телеканалындагы маегинде азыркы президент Сооронбай Жээнбековду эски бийликтин жолуна түшүп, "үй-бүлөлүк башкарууга жол берип жатат" деп айтып чыкты. Мындай дооматка президент Жээнбеков жооп кайтара элек, бирок, инагурацияда сүйлөгөн сөзүндө:

- "Жетекчи болом” дегендер өзү таза болсун! "Ыймандуу бийде – тууган жок! Туугандуу бийде – ыйман жок!” деген ата-бабаларыбыздын сөзүн эсибизден чыгарбайлы! Демократиянын эки досу бар, биринчиси эркиндик, экинчиси – жоопкерчилик. Мен президент катары бийликтин бардык бутактарына эң катуу талаптарды коем. Аткаминерлердин арасындагы коррупция менен күрөшүү менин президенттик мөөнөтүмдүн эң приоритеттүү багыты! Бул күрөштүн башкы маңызы – мыйзам алдында баары бирдей болот, - деген убада менен кызматка киришкен.

Мындай сөздү президент кези келгенде кайталап келет. Анткен менен президенттин дарегине "куда-сөөктөрү мамлекеттик башкарууга кийлигишип жатат" деген дооматтар маал-маалы менен коомчулукта айтылып келе жатат.

Жакында эле Жээнбековдун кудасы, "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин бир тууган агасынын "Мегаком" мобилдик компаниясынын логистика бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалып, коомчулуктун сынынан кийин кайра баш тартышы дооматтар төгүн жерден айтылбаганын көрсөткөндөй болду.

Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине туура бир жыл толгондо, 24-ноябрда Бишкекте саясатчылардын жоон тобу курултай өткөрүп, мурдагы эки саясий өнөктөштү ийге келтирүү керек деген демилгени көтөрүп чыгышты.

Бирок жыйындын аягында "Жогорку Кеңеш менен Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселесин карасын, анын алты жылдагы иши канааттандырарлык эмес деп табылсын, ишмердигине укуктук баа берилсин" деген чечим кабыл алынды.

​Ал ортодо Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтагы бир жылы сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупциянын ооздукталарына үмүт жандырып жатат дегендер да, тышкы жана ички саясатта өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкудай чечкиндүү стратегиялык аракеттерди жасай элек деп сындагандар да чыгууда.

Шайлоо маалында Сооронбай Жээнбеков президенттикке шайланса коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө убада берген эле.

Жада калса анда 35 коррупционердин тизмеси бар экенин айтып, аларды жазага тартарын эскерткен. Акыркы бир жылда коррупция менен күрөш алкагында негизинен Бишкек ЖЭБинин айланасындагы чырга катышы бар адамдар камакка алынды.

Алардын сап башында Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, Осмонбек Артыкбаев сыяктуу КСДПнын белдүү өкүлдөрү турат. Эксперттер чөйрөсүндө президент айткан "калган тизме кайда" деп суроо салгандар да бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG