Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:23

Апта: шайлоонун кассасы менен акчасы


Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев.
Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев.

Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Кыргызстанда азыркы жана мурдагы президенттердин айланасында карама-каршылык жаңы деңгээлге чыкты. АКШнын атайын кызматы журналист Жамал Хашогжини өлтүрүүгө мураскер ханзаада Мухаммад бин Салман буйрук берген болушу мүмкүн деп эсептейт.

Мамлекет башчысы 60 жашка толду

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 16-ноябрда 60 жашка чыкты. Аны мааракеси менен Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана башка мамлекеттердин башчылары, коомдук ишмерлер куттукташты. Президенттин 60 жылдык юбилейи анын мамлекет башчылык кызматка киришкенинин бир жылдыгына туш келип отурат.

Мамлекеттик жана негизги жеке телеканалдар президент тууралуу тартылган "Кыргызстан - бул биз" деген 16 мүнөттүк телефильмди көрсөтүштү. Анда ар кыл кесиптин ээлеринин өз жумуштарынын түйшүгү жана милдети тууралуу айткандары мамлекет башчынын Кыргызстандагы жана эл аралык жыйындардагы сүйлөгөн сөздөрү менен коштолуп отурат.

- Өлкөбүздүн коопсуздугу чек аранын бекемдигинен башталат. Өлкөбүздүн чек арасын көздүн карегиндей сактоо ыйык милдет, Кыргызстандын ар бир жаранынын милдети. Чек арачы болуу - бул абдан сыймыктуу кесип, ошол эле кезде абдан чоң милдет жана жоопкерчилик, - деп сүйлөйт тасмада президент Сооронбай Жээнбеков чек арачылар тууралуу.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Ал эми президент айыл жери жөнүндө тасмада буларды айтат:

- Элибиздин тамыры - элетте. Кыргыздын тамыры - айылда. Айыл өнүксө - биздин мамлекет өнүгөт.

Пропагандалык маанайдагы бул даректүү тасмада Сооронбай Жээнбековду бир жыл мурда президенттикке сүрөгөн экс-президент Алмазбек Атамбаев тууралуу сөз же кадрлар кошулган эмес.

Ошол эле кезде Алмазбек Атамбаевдин да азыр ортолору сууп турган өнөктөшүн туулган күнү менен куттуктаган-куттуктабаганы белгисиз.

Маараке алдындагы чыр маалымат

Президент Сооронбай Жээнбековдун 60 жылдык мааракесинин алдында анын былтыркы президенттик шайлоо учурунда үгүт өнөктүгүнө жумшаган расмий акча каражатынын суммасынан күмөн санаткан маалымат чыгып кетти.

15-ноябрда “Прецедент” өнөктөштүк тобунун жетекчиси, юрист жана укук коргоочу Нурбек Токтакунов "президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттардын “Exel” формасындагы тизмесин "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялады. Анда Жээнбековдун штабы Борбордук шайлоо комиссиясына расмий түрдө билдиргендей, 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 АКШ долларын короткону көрсөтүлөт. Токтакунов алып чыккан кагаздын чын-бышыгы тууралуу талкуулар күчөдү. Кагазда аты жазылгандардын айрымдары аны ырастап, башкалары четке кагууда.

Социал-демократтар партиясынын мурдагы мүчөсү, учурда АКШда жашап жаткан Ренат Самудиновдун көз карашында, Токтакунов алып чыккан тизмеде айрым адамдардын аты-жөнү алынып салынгандай:

Ренат Самудинов.
Ренат Самудинов.

- Шайлоого кеткен каражаттар жана ысымдар боюнча тизме менен таанышып чыктым. Алардын дээрлик көбүн тааныйм. Тизмени карап чыкканда партиянын жетекчилигине жакын, алардын жеке тапшырмаларын аткарган адамдардын аты-жөнү жок. Тизмеден саясий мүчөлөрдүн, КСДПнын таламын талашып жүргөндөрдү көрө албайсыздар. Көбүнчө майда уюштуруучулар гана бар экен ал жерде. Ошондуктан бул тизме Нурбек Токтакуновго берилерден мурун бир сыйра даярдалган окшойт. Тизме оригинал эмес деп ойлойм. Ал саясий максатта чыгарылган го деген ой калтырды менде. Бирок негизи бул тизме карачу маселе. Ал көп суроо жарата турган тизме. Негизи тизменин базасы туура эле. Анткени алардын баары шайлоого дайыма катышып жүргөндөр.

Нурбек Токтакунов жарыялаган тизмеде шайлоо фондунан каражат алып турган жүздөгөн адамдын, анын ичинде азыркы бир канча депутаттын жана саясатчылардын аттарына окшогон ысымдарды көрүүгө болот. Мындан тышкары, акча алган онго жакын ырчы, алып баруучулардын аттары жазылган.

Тангандар жана ырастагандар

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты, былтыркы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдүн үгүт ишине кол кабыш кылган Зарылбек Рысалиевдин тизмеде 5 миң доллар алганы көрсөтүлгөн.

- Биринчиден, Нурбек Токтакунов уялышы керек. Менин акча алып жатканымды көрбөсө, ага эч бир далил жок болсо, жөн эле "бирөөдөн уктум" деп каралай берген болбойт да. Мен бир тыйын да алган эмесмин. Мага аны ким бериптир? Эми адамдан деле сурап койсо болот да. Шайлоодо Бакай-Ата районунда Жээнбековду сүрөгөнүм чын, - деди депутат.

Фарид Ниязов
Фарид Ниязов

Ошол эле кезде КСДПнын өкүлү, Сооронбай Жээнбековдун шайлоо учурундагы штабынын жетекчиси Фарид Ниязов укук коргоочу Нурбек Токтакунов жарыялаган документте чыныгы ысымдар жана иш-чаралар жазылганын билдирди:

- Мен штабды башкарып, анын ишин уюштуруп жүргөм. Бирок шайлоо өнөктүгүн каржылоо менин милдетиме кирчү эмес. Президенттикке талапкер ал маселелерди штабдагы жооптуу эки адам менен талкуулачу. Биз ал материалдарды кылдат изилдеп жатабыз. Документтеги ысымдар жана иш-чаралар реалдуу экенин моюнума алам. Даталар да туура көрсөтүлгөн. Анын ичинде мен тууралуу да. Башка даталар жана сандар тууралуу документте аты аталгандардан сурап, тактаса болот. Мен башкарган штаб шайлоо мыйзамдарынын алкагында иш алып барган. Менин бир да кызматкерим мыйзам бузмак эмес. Анын үстүнө мунун баарына биздин юристтер, БШК жана башка талапкерлердин штабдары көз салып турган.

Тизмедеги адамдардын айрымдары да документте көрсөтүлгөн күнү ошончо сумманы алганын ырасташууда.

"Тизмегейт": алгандар жана тангандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00

Ал эми президент Сооронбай Жээнбековдун командасындагы бир катар адамдар жарыяланган документтерди "фейк", "жалган" деп атап, окшош жооп узатышты:

- Бул фейк маалымат экени көрүнүп турат, мөөрү жок, кол тамга жок. Фейк маалыматка комментарий бербейбиз. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюнча маалыматтардын баары өз убагында расмий жарыяланып, БШКга берилген, - деди президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева.

Импичмент демилгеси

Кылмыш кодексинин 140-беренесине ("Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу") ылайык, “талапкер шайлоочулардын добуштарын, ошондой эле алардын жакын туугандары, ишенимдүү адамдары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан материалдык баалуулуктар түрүндө же кандайдыр бир кызматты же башка дөөлөттөрдү алууга көмөктөшүү менен сатып алганда, беш жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат”.

Бирок юрист жана укук коргоочу Нурбек Токтакунов ал жарыялаган кагаздагы маалыматтар президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоого негиз боло аларын билдирүүдө:

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

- Бул документтин чындык экени көрүнүп эле турат. Аны текшерүү деле оңой эле. Ал жактагы адамдардын тизмесин, географиялык аталыштарды, коротулган максатын карап чыкса деле бул маалымат чындыкка жакын экени аныкталат. Бул эмнени билдирет? Ал шайлоо штабында көрсөтүлгөн каражаттан башка каражат пайдаланылганынын далили. Бул болсо президенттик шайлоону уурдап алышканын түшүндүрөт.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Токтакунов жарыялаган документти кандай болгон күндө да укук коргоо органдары текшерип чыгышы керек деген ойдо:

- Башкы прокурорбу же башкабы, иликтеп чыгыш керек. Ал жерде адамдардын аттары аталып жатпайбы, ошолорду сураса болот. Анан БШКга тапшырылган отчет менен салыштыруу зарыл. Эгер чын эле тигил жаран айткандай көп каражат иштетилген болсо, анда бул жерде маселе бар. Ал эми импичмент дегени бул туура эмес. Импичмент тууралуу Конституцияда так жазылган. Эгер кылмыш кылса жарыяланат. Ал эми шайлануусу бул - башка маселе.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Конституциянын 51-беренесине ылайык, президентке импичмент же ишеним көрсөтпөө “Президент мамлекеттик чыккынчылык же башка өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн Жогорку Кеңеш тарабынан коюлган Президенттин аракеттеринде кылмыштын белгиси бар экендиги жөнүндө Башкы прокуратуранын корутундусу жана айып коюунун белгиленген тартибин сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун корутундусу менен ырасталган күнөөнүн негизинде гана кызматынан четтетилиши мүмкүн”.

- Кыргызстанда шайлоо эч качан таза өткөн эмес. 2017-жылдагы президенттик шайлоо да таза өткөн жок. Анын таза өтпөгөнүнө биринчи кезекте бийлик күнөөлүү. Анткени бийлик өзүнүн мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, административдик ресурстарды, акча ресурстарын колдонуп келген. Кыргызстанда бийлик менен байлык жуурулушуп кеткен. Ууруну колунан кармап албагандан кийин аны ууру деп айтыш оор. Бирок мындай болушуна мен ишенем. Анткени жер-жерлерде кандай гана иш-чаралар, жолугушуулар өттү, концерт-тойлор болду. Ошонун баары каражат да. Ошондуктан ушундай чоң каражат кеткенине ишенсек болот, муну баары эле билип турат. Эми бул маалымат жөнөкөй иш эмес. Бул жерде биздин азыркы иштеп жаткан президентке көлөкө түшүп калды да. Ошон үчүн укук коргоо органдары, парламент бар-жок экенин далилдеш керек. Ушуга барабы же барбайбы, бул башка маселе, - деди юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев "Азаттыкка" берген маегинде.

Ал эми коомдук ишмер Эдил Байсалов өзүнүн "Фейсбук" баракчасына:

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

- Бул "шайлоо кассасы" Жээнбековду жаман атты кылбайт, тескерисинче Атамбаевдин өзүнө тазалангыс көө сыйпайт. Бул киши мактанап жүрдү эле го "таза шайлоо өткөрдүм" деп. Мына көрдүк, урматтуу Алмазбек Шаршенович, таза шайлооңузду. Бул сиздин күнөөңүз. Сиз жооптуусуз. Сооронбай Жээнбеков мына шайлоодогу болгон иштерди казып баштаганы үчүн, азыр Икрам Илмиянов камакта отурат. Форумду дагы тинтүүгө алып, бүт документтерди, аяктагы бардык "кара бухгалтерияларды" выемка кылыш керек. Бүт коррупцияны булагы, бардык ыплас иштердин очогу ошол Атамбаевдин штабында. Аларды тазаламайынча, Кыргызстанда саясий жашообуз оңолбойт, кырдаал да тынчыбайт, - деп жазды.

Акчаны Илмиянов төгүп турганбы?

Юрист жана укук коргоочу Нурбек Токтакунов КСДПнын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин орун басары, азыр камакта отурган экс-премьер-министр Сапар Исаковго адвокаттык кылып жүрөт. Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иштерге байланыштуу кармалган.

- Документтерди мен Сапар Исаковдон алган жокмун. Бирок Исаковду коргоо боюнча иштерди жүргүзүп жаткан учурда ар түркүн адамдар менен жолугушуу өткөрдүм. Дал ошондой Исаковду коргоо учурунда бул маалыматты берген адам менен тааныштым, - деди юрист жана укук коргоочу Нурбек Токтакунов​.

Адвокат бул маалыматты былтыр президенттикке талапкердин штабында иштеген "Жээнбековдон да, Атамбаевден да көңүлү калган" ишенимдүү адам бергенин билдирүүдө.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов жарыялаган документте шайлоо фондуна акчаны негизинен "И.С" деген адам төгүп турган. Ал бул киши мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы "Икрамжан Сатарович Илмиянов" болушу мүмкүн деп эсептейт.

Икрамжан Илмиянов.
Икрамжан Илмиянов.

Алмазбек Атамбаевдин тушунда бийликтеги эң таасирлүү адамга айланган Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Орусияда кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Ага "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөдө "2017-жылы 8-августта штабдын башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов "Дизел комплект" аттуу компаниянын өкүлдөрүнөн 150 миң долларды "демөөрчүлүк жардам" катары алганы аныкталды" деп айтылган. Укук коргоо органдары бул сумманы ал өзүнө кымырып алганбы же шайлоо фондуна төккөнбү деген суроого жооп издешүүдө. Ушундан улам тергөөчүлөр буга чейин КСДПнын эсебине 150 миң доллар акча түшкөн-түшпөгөнүн тактоо боюнча партияга жазуу түрүндө суроо узаткан.

Юрист Нурбек Токтакунов жарыялаган маалыматтан кийин Илмиянов бул иштерде маанилүү күбөгө айланды.

Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашевдин пикиринде, Кыргызстандагы акыркы мезгилдеги шайлоолор, саясий топтордун арасындагы араздашуулар өздөрүн "элита" санап алган адамдардын кандай гана жол менен болсо да бийликке келүү ниетин көргөзүүдө:

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

- Бизде өздөрүн "элитабыз" дегендер мамлекетти унутуп калды. Булар бийликке мамлекетти пайдаланалы деп келишет. Ошол аркылуу байышат. Буларда өсүп-өнүгүү, өлкөнүн келечеги, парламенттик демократия боюнча эч кандай атаандаштык көз караш, оппозициялык көз караш жок. Максаттары - бийликке келүү. Бийлик системасы азыркы саясий элитанын талаптарына толук жооп берет. Эптеп утуп бийликке келсең, ичесиң-жейсиң, эч нерсеге жооп бербейсиң. Бүт мамлекеттик мекемелер, укук коргоо органдары, сот системасы ошол "элитанын" куралы болуп калды.

Президенттин маеги

Ушул айда президент Сооронбай Жээнбековдун расмий кызматка киришкенине бир жыл болгону турат. Ал “24.kg” маалымат агенттиги менен кенен маектешип, бийликте турган бир жылындагы жетишкендиктери, коррупция менен күрөш, Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ), тышкы, ички саясат тууралуу ойлорун билдирди. Анын ичинде экс-президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеси жөнүндө биринчи жолу ачык пикирин айтты. Анын кабарлашынча, мурдагы президент менен акыркы жолу 29-мартта, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) курултайынын алдында жолуккан.

- Менин инаугурациямдан төрт айдан кийин, жооптуу президенттик ишимдеги жеңил эмес мезгилде, 31-мартта анын жасаган билдирүүсү мен үчүн күтүүсүз болду. Анда ал мени Бишкек ЖЭБиндеги авария жана коррупция үчүн айыптады. КСДПнын курултайына партиянын Ош облусундагы бөлүмүнүн илгертен келаткан мүчөлөрүн киргизбей коюшту. Алар Атамбаев үчүн да, партия үчүн өтө оор болгон жылдары да биздин партиянын башында жүрүшкөн. Окуялардын мындай чукул өзгөрүшүнө мен абдан таң калдым, - деди президент “24.kg” маалымат агенттигиндеги маегинде.

Ал эми быйыл жаздан бери маалымат каражаттарына маек бербей келе жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев да 19-ноябрда "Апрель ТВ" каналына интервью бере турганы маалым болду. Анда Токтакунов жарыялаган документ тууралуу да сөз болору күтүлүп жатат.

Маевскийдин кармалышы

Ал арада ишемби күнү “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишиндеги негизги күбө, орусиялык ишкер, Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Леонид Маевский Москвада камакка алынганы маалым болду. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маевский "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган" деп айыпталып, 16-ноябрда Москвадагы Тверь райондук соту аны 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алууну чечимин чыгарган.

- Маевскийдин кандай адам экени тастыкталды. Бул биздин эки жылдан бери жаңы бийликтен Текебаевдин ишин кайра карап, акыйкат чечим чыгарып бергиле деген талабыбыз туура экенин айгинелеп жатат. Сөзсүз түрдө Текебаевдин ишин кайра карап чыгууга моралдык, мыйзамдык, саясий жактан да негиз болуп жатат, - деди "Ата Мекен” партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Алмамбет Шыкмаматов.

"Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. 2017-жылдын августунда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновдун ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүүгө чечим чыгарган. Бул чечимди Жогорку Сот да күчүндө калтырган.

Мурдагы президент Атамбаевдин убагында камалып, эркинен ажыратылган оппозициялык саясатчылардын иштерин калыс кароого мүмкүнчүлүк берүү маселеси жаңы президент Жээнбеков кызматына киришкенден бери эле көтөрүлүп келе жатат.

Жамал Хашогжини өлтүрүүнү ханзаада билгенби?

АКШнын атайын кызматы журналист Жамал Хашогжини өлтүрүүгө мураскер ханзаада Мухаммад бин Салман буйрук берген болушу мүмкүн деп эсептейт. Бул тууралуу ЦРУдагы өз булактарына таянуу менен биринчи "Washington Post" гезити жазды. Кийин ушундай мазмундагы маалыматты камтыган материалдар "Reuters", "Associated Press" жана башка маалымат каражаттарына чыкты. ЦРУ Түркиядан жана башка жактардан алынган маалыматтарга таянуу менен "мындай операцияны ханзаада Мухаммад бин Салман билбей калмак эмес" деген тыянакка келген.

Маалыматтарда журналист Жамал Хажогжиге керектүү документ иштери үчүн Түркияга барууну Мухаммад бин Салмандын бир тууганы, Сауд Арабиянын Кошмо Штаттардагы элчиси Халид бин Салман телефон чалып айткан. Бирок элчи бул сөздөрдү дароо четке какты:

- Биз буга чейин "Вашингтон постко" айткандай, Хашогжи мырза менен менин акыркы байланышым 2017-жылдын 26-октябрында болгон. Мен аны менен эч качан телефондон сүйлөшкөн эмесмин жана албетте ага кайсы бир себептен Түркияга барууну да сунуштаган эмесмин. Мен АКШ өкмөтүнөн бул дооматтарга байланыштуу кандай гана маалымат болбосун жарыялоону суранам.

Мураскер ханзаада Мухаммад бин Салман өзү да жума күнү кылмышты айыптаган билдирүү жасаган:

Мухаммед бин Салман баштаган Саудиянын бийлик адамдары.
Мухаммед бин Салман баштаган Саудиянын бийлик адамдары.

- Биринчиден, бул кылмыш бардык саудиялыктар үчүн оор тийди, менимче, бул дүйнөдөгү бардык адамдар үчүн оор. Бул эң жаман кылмышты актоого болбойт. Бүгүн Сауд Арабиясы бул иштин тергелишин аягына жеткирүү үчүн түрк тарап менен кызматташып жатат жана күнөөлүүлөрдү сот жоопкерчилигине тартат.

Жамал Хашогжи - сауд арабиялык журналист. Ал 2017-жылы АКШга чыгып кетип, Сауд Арабиянын бийлигин, анын ичинде Мухаммад бин Салманды сындап, макалаларды жазып жүргөн. 2-октябрда түркиялык колуктусу менен никесин каттатуу үчүн тийиштүү документтерди алганы падышалыктын Стамбулдагы башкы консулдугуна кирген бойдон кайра чыккан эмес.

Жамал Хашогжи.
Жамал Хашогжи.

Өткөн жумада Кошмо Штаттар журналисттин өлтүрүлүшү боюнча айрым саудиялыктарга санкция салды. Мындай чарага кабылган 17 кишинин арасында Мухаммед бин Салмандын Хашогжини өлтүрүү операциясын “пландоого жана аны ишке ашырууга” аралашкан делген башкы жардамчылары Сауд Ал-Кантани жана Махер Мутреб да бар.

Саудиянын прокуратурасы Хашогжинин өлүмү боюнча 11 киши айыпталып жатканын, алардын бешөөнү өлүм жазасына тартуу жөнүндө сунуш киргизилгенин ушул жумада кабарлады. Ошондой эле ал журналисттин денеси мүчөлөнгөнү тууралуу Түркия тарап башынан бери айтып келген версияны тастыктаган.

- Бул кылмыш кандай жасалганы да ачыкка чыкты: алгач мушташ болгон. Андан кийин ага өлүмгө алып келүүчү уколду өтө чоң дозада сайышкан. Бул жагдай Хашогжинин өлүмүнө алып келген. Андан соң курмандыктын денесин мүчөлөшүп, консулдуктун имаратынан алып чыгып кетишкен, - деди 15-ноябрда Саудиянын коомдук прокурорунун орун басары​ Шаалан ал-Шаалан.

Буга чейин Түркиянын бийлик өкүлдөрү "саудиялык журналист Хашогжи жогору тараптын буйругу менен өлтүрүлгөн" деген жоромолду да айтышкан. Анкара журналисттин өлүмүнө байланыштуу бардык аудио жазууларды АКШга, Франция, Германия, Британияга өткөрүп бергени белгилүү болгон.

Саудия бул ишке мураскер ханзааданын эч тиешеси жок экенин кайталап келет. Бейшемби күнү Саудиянын прокуратурасынын маалыматына Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу комментарий берип, түрк тарап маалыматка каанаттанбай турганын айтты:

- Зомбулук менен өлтүрүлгөн Хашогжинин сөөгү кайда? Аны кайда жоготушкан? Кайда көөмп же өрттөп салышкан? Ага эмне болгон? Бүгүнкү билдирүүдө аны өлтүрүүгө буйрук бергендерге каршы чара көрүлгөнү айтылды. Биздин оюбузча мындай кадамдардын баары жакшы. Бирок жетиштүү эмес. Буйрук бергендер жана аны ишке ашыргандар ачыкка чыгышы керек.

АКШ менен Түркиянын президенттери Дональд Трамп жана Режеп Тайып Эрдоган 11-ноябрда Парижде журналист Жамал Хашогжинин өлүмүнүн себептерин иликтөөнүн жүрүшүн да талкуулаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG