Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:24

АКШ Хашогжинин өлүмү боюнча 17 саудиялыкка санкция салды


Журналист Жамал Хашогги.
Журналист Жамал Хашогги.

АКШ журналист Жамал Хашогжинин өлтүрүлүшү боюнча 17 саудиялык жаранга экономикалык санкция салды. Алардын ичинде Сауд Арабиясынын мураскер ханзадаасы Мухаммад бин Салмандын жогорку даражалуу жардамчылары бар. Бул санкциялар Саудиянын коомдук прокурору Хашогжинин өлтүрүшү боюнча беш адам өлүм жазасына тартылаарын билдиргенден көп өтпөй жарыяланды.

59 жаштагы Хашогжи 2017-жылдан бери АКШда жашап, Саудиянын мураскер ханзадасын кескин сынга алып келген. Ал 2-октябрда Сауд Арабиясынын Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна документтерин тууралоо максатында кирип кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.

Түркиянын бийлиги Хашогжи консулдуктун ичинде муунтуп өлтүрүлгөнүн, андан соң денеси мүчөлөнгөнүн билдирген. Түрк тарап саудиялык журналисттин көзүн тазалоо операциясы алдын ала пландалган деп ишенет.

“Биз санкция салган саудиялык расмий өкүлдөр - Жамал Хашогжини үрөй учургандай жол менен өлтүрүүгө катышкандар. АКШда жашап, иштеп жаткан журналистти бутага алып, ырайымсыздык менен өлтүргөндөр өз кадамынын кесепетин тартышы керек”,-деп билдирди 15-ноябрда АКШнын каржы министри Стивен Мнучин.

Санкцияга кабылган 17 адамдын арасында мураскер ханзааданын башкы жардамчылары Сауд Ал-Кантани жана Махер Мутреб да бар. Ошондой эле Хашогжи өлтүрүлгөн учурда Саудиянын Стамбулдагы башкы консулу болуп иштеген Мухаммад Алтаиби да “кара тизмеге” киргизилген.

АКШнын Каржы министрлиги белгилегендей, ханзаада Мухаммед бин Салмандын узактан берки оң колу саналган Сауд Ал-Кантани журналист Жамал Хашогжини өлтүрүү операциясын “пландоого жана аны ишке ашырууга” аралашкан.

“Бул кадамдын натыйжасында аталган адамдардын АКШнын юрисдикциясындагы мүлкүнө бөгөт коюлат жана АКШ жарандарына алар менен кандайдыр бир транзакцияларга катышууга жалпысынан тыюу салынат”,-деди АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.

Саудиянын бийлиги журналист Хашогжини өлтүрүүгө падышалык үй-бүлөнүн тиешеси жоктугун, бул кадамга өзүм билемдикке жол берген адамдар барганын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG