Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:50

Эрдоган: Хашогжинин өлүмүнө байланыштуу аудиолор АКШга берилди


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Анкара саудиялык журналист Жамал Хашогжинин өлүмүнө байланыштуу бардык аудио жазууларды АКШга, Франция, Германия, Британияга өткөрүп берди. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган “алардын баары бул аудио жазуулар тууралуу билерин, угуп чыгышканын” айтты. Муну менен Түркия Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунда журналисттин өлүмүнө байланыштуу далил бар экенин алгачкы ирет расмий тааныды. Бул тууралуу буга чейин маалымат каражаттарында гана айтылып келген. Аудио Борбордук чалгын башкармалыгынын башчысы Жин Хеспелге да берилди. Эрдогон анда эмнелер жазылганын, толук мазмунун ачыктап айткан жок.

Сауд бийлиги журналист Жамал Хашогжи 2-октябрда Стамбулдагы башкы консулдугунда өлтүрүлгөнүн мойнуна алган. Бирок расмий бийлик журналист “жогору жактын” буйругу менен эмес, камактагы кылмышкерлердин демилгеси менен өлтүрүлгөнүн айтышкан. Бул Түркия менен Батыш өлкөлөрүндө ар кандай суроолорду жаратып келет. Анын өлүмүнө мураскер канзаада Мохаммедге жакын адамдар турганы айтылып жатат. Расмий Эр-Рияд бул окуяга сауд падышалыгынын тиешеси жоктугун белгилеп келет. Ишембиде Франция жана АКШ президенттери Эммануэль Макрон менен Дональд Трамп Парижде жолукканда да Хошогжинин өлүмү боюнча маселени козгоп, Сауд Арабия буга байланыштуу кошумча далилдерди көрсөтүшү керектигин белгилешти.

Түркиянын Башкы прокуратурасы журналистти “адегенде муунтуп өлтүрүп, андан соң жиликтеп салышкан” деп билдирген.

XS
SM
MD
LG