Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Жээнбеков: Атамбаевдин мени жетеленме кылгысы келгени орунсуз


Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев Жээнбековдун инаугурациясында. 24-ноябрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев Жээнбековдун инаугурациясында. 24-ноябрь, 2017-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков “24.kg” маалымат агенттиги менен кенен маектешип, бийликте турган бир жылындагы жеткишкендиктери, коррупция менен күрөш, Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ), тышкы, ички саясат тууралуу ойлорун билдирди. Анын ичинде экс-президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеси жөнүндө да ачык пикирлерин айтты.

Жээнбеков шайлоо учурундагы “Көч уланат” деген урааны жөнүндө түшүндүрмө берип, бул Атамбаевдин эмес, мамлекеттин, элдин көчү экенине токтолду. Мамлекет башчы экс-президент менен акыркы жолу 29-мартта, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) курултайынын алдында жолукканын айтты.

“Менин инаугурациямдан төрт айдан кийин, жооптуу президенттик ишимдеги жеңил эмес мезгилде, 31-мартта анын жасаган билдирүүсү мен үчүн күтүүсүз болду. Анда ал мени Бишкек ЖЭБиндеги авария жана коррупция үчүн айыптады. КСДПнын курултайына партиянын Ош облусундагы бөлүмүнүн илгертен келаткан мүчөлөрүн киргизбей коюшту. Алар Атамбаев үчүн да, партия үчүн өтө оор болгон жылдары да биздин партиянын башында жүрүшкөн. Окуялардын мындай чукул өзгөрүшүнө мен абдан таң калдым”, деди президент.

Жээнбеков ошондой эле Атамбаев аны башкарууга аракет кылганын айтып, бул таптакыр туура эмес экендигин кошумчалады.

“Мен эч качан аны менен мамилем бузулганын айткан эмесмин. Ооба, биз узак убакыт бою партиялаш жана үзөңгүлөш болгонбуз. Бирок ал үчүнчү кишилер аркылуу мени жетеленме жетекчи кылгысы келгени, менин аракеттеримди башкарып тургусу келгени – адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да ага абийир алып келбейт. Мага анын бул аракеттери таптакыр түшүнүксүз болчу. Ал мени “досум”, “партиялашым” деп көп айтат, бирок чыныгы достор андай кылбайт. Мен мактангым келбейт, бирок кыйын мезгилдерде, керек болсо андан баары качып кеткен кезде да дайыма анын жанында болгом. Үй-бүлөмө, жакындарыма коркунуч туулганда да Атамбаевди колдоп жүргөм. Азыр анын политтехнологдору мени "саткын" деп атап жүрүшөт. Бирок кимдин ким экенин убакыт көрсөтөт”, деди Сооронбай Жээнбеков.

Жээнбеков мындан тышкары Атамбаев айткан 20 жыл ичинде өзү да, тарапкерлери да Ошто КСДПнын позициянын чыңдаш үчүн катуу аракет көрүшкөнүн кошумчалаган.

Быйыл 31-марттагы КСДПнын курултайында азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы пикир келишпестик ачыкка чыккан. Анда Атамбаев Жээнбековду ЖЭБдеги коррупция үчүн айыптаган. Кийин бул иш боюнча КСДП партиясынын бир нече мүчөлөрү камакка алынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG