Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 10:25

Кыргыз экономикасын кыйнаган жыл


Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылы абал оор болору болжолдонгон, бирок мынчалык кыйынчылыкка кабыларыбыз капарыбызга да кирген эмес.

ИДӨнүн кургуйга кулашы, бюджеттин опсуз тартыштыгы, инвестициянын жапырт сыртка чыгарылып кетиши, товар алмашуунун токтошу, сомдун девальвациясы, олчойгон инфляция – мунун баары жалаң эле жугуштуу апаат менен саясий тирештердин үрөй учурган натыйжасы эмес. Суунун аздыгынан кыргызстандыктар кыш чилдеде жарыгы, пенсиясы жок отуруп калышы ыктымал. Соцфонд сары майдай сактап отурган акчасын төлөп берип, эми каражаттан жардам кылабы деп республикалык бюджетке үмүт артууда.

Айыл чарбасынан башка тармактардын баары айласы куруп отурган кези. Реалдуу сектордун үчтөн бирине жакыны каршылыкка туруштук берип, чөкпөй турат. Товарлар менен кызмат көрсөтүү кескин кымбаттап кеткени калктын реалдуу кирешелерин азайтты, бул болсо жакырчылыктын көбөйүшүнө жол ачышы турган иш.

«Мындай көрсөткүчтөргө 90-жылдардан, өз алдынчалыкка жетишкенден бери туш келе элек болчубуз», - деп билдирди «Азаттыктагы» маегинде премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков.

Абал чын эле мышык ыйлагыдай. 2020-жыл Кыргызстандын экономикасынын эң оор, кыйын мезгили болду. «Time» журналы аны адамзат тарыхынын эң оор жылы катары мүнөздөдү.

Анткен менен өкмөттүн маанайы көтөрүңкү: экономикалык жигердүүлүк апаат каптаганга чейинки деңгээлге жакындап баратат, айлык маяналар учурунда төлөнүүдө, мамлекеттик карыздарды кайтарууга чегерилчү акча турат, импорттун азайышына карабай бажыдан түшчү акча көбөйүп баратат.

Рекорддор каршысында

25 жылдан бери ИДӨнүн 8% ашык түшүп кетиши Кыргызстанда биринчи ирет болуп жатат. Кыргызстан 1998-жылдагы жана 2008-жылдагы финансы кризистеринен анчалык жабыркаган эмес, 2005-жылкы, 2010-жылдагы революциялардын кийинки оорчулуктардан деле азыркыдай кыйынчылыкка кабылбай жеңил-желпи чыгып кеткен. Эгемендикке жетишкенден кийинки алгачкы жылдарда, албетте, оор болгон.

Баарынан кызмат көрсөтүү тармагы көбүрөөк жабыркады, анын көлөмү жыл башынан бери 10,2% төмөндөдү. Тактап айтканда, ресторандар менен мейманканалар жарым-жартылай иштеп, кирешеси 46,5% азайды. Өлкөнүн негизги экономикалык жигердүү бөлүгүн түзгөн Бишкекте фудкорт, кинотеатрлар менен башка оюн-зоок жайларынын иштешине 1-декабрдан тартып уруксат берилди.

Бирок шаардын жетекчилиги эл көп чогулган жерлерге барбоону талап кылып жатат. Анткени баш калаадагы эпидемиологиялык жагдай дагы эле кооптуу. «Сезондук вирус инфекциясынын көбөйүшү менен иммунитети начар адамдар үчүн өзгөчө коркунучтуу жагдай түзүлүүдө», - деп билдирди Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева.

Бишкектин соода борборлорунун бириндеги бош кафе. 25-май,/ 2020-жыл.
Бишкектин соода борборлорунун бириндеги бош кафе. 25-май,/ 2020-жыл.

Март айында өкмөт менен эл аралык институттар жыл аягына чейин экономиканын төмөндөшү 4% болушу ыктымал деп болжолдошкон. Ал кезде апаат канчага созулары, анан да октябрь окуялары башталып, анын залакасы кандай болору белгисиз эле.

Экономиканын артка кетиши товарлар менен тейлөөнүн кымбатташынан көрүнөт – 2019-жылдын декабрына салыштырганда быйылкы ноябрдагы инфляция салыштырмалуу 7,2% түздү. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасындагы эң жогорку көрсөткүч. Азык-түлүк биримдиктеги башка өлкөлөрдө Кыргызстандагыдай болуп 12% кымбаттаган жок.

Мына, бир айдан бери өкмөт өтө зарыл азык-түлүктүн кымбаттап кетишин токтотуп туруш үчүн колдон келишинче аракет кылууда. Бирок ошого карабастан баалар көтөрүлүп, жагдай оор болуп жатканын өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков деле жашырбайт.

«Биз экономиканы мамлекет жөндөп турсун деген мүдөөбүз жок. Бирок жагдай оорлошуп кетсе айрым ыкчам чараларды көрүүгө аргасыз болобуз», - дейт ал.

Карантин, ага кошулуп солгундай түшкөн тышкы соода менен саясий чайпалуу ансыз да абалы айласыз болуп турган бюджетке оңбогондой оорчулук алып келди. Бажы менен салыктан түшчү каражаттар азайды, мамлекет казынасында аңырайган боштук пайда болду. 2020-жылдын таңсыктыгы өткөн аптада 30 млрд. сом деп бекитилди, бул сумма ИДӨнүн көлөмүнүн 5,1% түзөт.

Аңырайган бюджеттик жетишпестикке карабастан өкмөт корголгон беренелер боюнча төлөмдөр толугу менен ишке ашырыларын ырастоодо. Ноябрь менен декабрдын кассалык пландары такталган. Өкмөт айлык маяна, пенсия менен жөлөкпулдарды төлөө жаатында эч кандай маселе болбойт деп убада берип жатат.

Тогуз ай ичинде сыртка чыгарылып кеткен инвестициянын көлөмү 720 млн. долларды түздү. «Бул, албетте, буга чейин болбогон окуя, - дейт Новиков. - Буга чейин мынчалык акча сыртка чыгып кетчү эмес. Октябрдагы окуялардан кийин көпчүлүк инвесторлор «эми эмне болуп кетер экен» деп күтүп отуруп калышты». Чет элдик түз инвестициянын келиши быйылкы тогуз айда 30,9% азайды, акча менен эсептегенде ал 398 млн. долларды түзөт.

Дагы бир проблема жергиликтүү капиталдын сыртка чыга баштаганы болуп турат. Анын себеп-жөнүн өкмөт башчы саясий жагдайга байланыштырып, көпчүлүк ишкерлер октябрь окуяларынын залакасы кандай болот, өлкө тез аранын ичинде укуктук талаага кире алабы деп бир эсе чочулап отурушканы менен түшүндүрдү.

Иштөө чындап эле кыйын болуп калды. Жалпысынан алганда экономиканын реалдуу секторунда быйылкы жылдын тогуз айында сатуунун рентабелдүүлүгү араңдан зорго 0,5% гана чыкты, 2019-жылы анын деңгээли 12% жакындап барган. Рентабелдүү иштеп аткан ишканалардын үлүшү бул жылы 28% жетти (былтыркы жылдын ушул мезгилинде көрсөткүч 35% болчу).

Карантин эрежелерин бузганы үчүн Бишкектеги ресторандардын бирин жабуу. 2020-жылдын июну.
Карантин эрежелерин бузганы үчүн Бишкектеги ресторандардын бирин жабуу. 2020-жылдын июну.

Окчундук

10 айдын жыйынтыгы боюнча тышкы соода 18,1% түштү, бул болсо 4,7 миллиард доллар. Импорт 26,9% төмөндөдү. Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү болгон Кытайдан келип жаткан жүк ташуучу машинелердин саны кризиске чейинки мезгилге салыштырганда 10 эсе азайды.

«Ай сайын ашып барса 100 машине келет, кээде ага да жетпейт калат», - дейт Артем Новиков.

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» менен «Эркечтам» текшерип өткөрүү пункттары тээ февралда эле жабылган. Кийинчерээк Кытай өткөрүүнү азыноолок жанданткан, ал эми Бишкектин көксөгөнү - эки өткөрүү пунктун толугу менен мурдагы калыбына келтирүү. Кыргыз тарап жук ташуучу машинелердин айдоочулары ПЧР-анализ тапшырышы керек деп сунуш кылган. Ошого карабай азырынча чектөөлөр алына элек.

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь декабрдын башында өткөрүү пункттарынын иштөө саатын узартууга (сегиз сааттан 12 саатка чейин), өткөрүү пункттары дем алыш күндөрү да иштей беришине кытай тарап макул экенин билдирген. Ошондо суткасына өтчү автоунаалардын саны 30 машинеге жетиши мүмкүн. Бирок мунун баары - өткөрүү пункттарынын иштеши аба ырайына, анан да таажы вирусуна каршы жасалчу иш-чараларга көз каранды экени эскертилген.

Бул жерде экспорттун арбышы маанайды көтөрүшү керек эле. Дүйнөлүк кризистин капшабы менен алтындын баасы көтөрүлүп, базарга алтын арбын чыгарыла баштады. Барып-келип эле Кыргызстан алтын экспортуна көз каранды өлкө болуп калды, өлкөнүн экспортко чыкчу товарынын 56,6% алтынга туура келет.

Жон териси менен сезди

Кризис дегениң жалаң эле макроэкономикалык көрсөткүчтөргө байланып калбайт. Анын кээрин карапайым калк жон териси менен сезет. Быйылкы жарым жылдыктын жыйынтыгында калктын реалдуу кирешелери 7,7% кемигени айкындалды.

Кийинки төрт жылдан бери доллардын курсу 70 сомдон ашпай келген, быйыл болсо эки ирет 85 сомго чыкты. Ушу тапта америкалык акчаны 80 – 81 сомдон сатып жатышат.

«Биринчи иретте импорттук өндүрүмдү сатып алган керектөөчүлөр жабыркайт. Жакырчылык көбөйөт, калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгү азаят. Импорт ташып келгендер да оор абалга кириптер болушат, соода солгундайт». Доллардын курсунун кескин көтөрүлүп кетишин залакасын экономист Азамат Акенеев ушундай түшүндүрөт.

Кыргыз сомун туруктуу кармап туруш үчүн Улуттук банк жыл башынан бери эл аралык резервинен жарым миллиардга жакын долларын сатыкка чыгарды.

Мындан да маанилүү дагы бир маселе калкып чыкты. Токтогул суу сактагычында топтолчу суу аз, аны менен кышка жетерлик электр энергиясын иштетип чыгаруу кыйын. «Электр станциялары» ААК маалымдагандай, соңку апталарда өлкөдө электр энергиясынын колдонулушу 70 млн. кВт/с жетүүдө. Бул өткөн жылдын ушул кезине салыштырмалуу 11 млн. кВт/с көп. Электр станциялары ушу тапта күнүнө 60-61 млн. кВт/с электр энергиясын иштеп чыгууда.

Вице-премьер-министр Равшан Сабиров кыш келгени трансформаторлор жеткен чегинде иштеп атканын, ашыкча күч келсе электр автоматттык түрдө өчүрүлөрүн айтып, этияттыкка чакырууда.

Бишкектин четиндеги Ак-Жар менен Ак-Бата жаңы конуштарынын жашоочулары 15-декабрда шаарды кыйгап өтчү жолду тосушту. Алар электр жоктугунан кышкы аязда балдары үшүп-тоңуп ооруп жатышканын айтып, аргасыздан ушул ишке барганын билдиришти. Абалдан чыгыш үчүн өкмөт электр энергиясын Казакстандан сатып алууга аракет кылууда, бирок ал жактан энергия үзгүлтүк менен келип жатат. Ошого карабастан, өкмөт электрди жапырт өчүрүүгө жол бербей турганын билдирди.

Токтогул суу сактагычынын сыйымдуулугу - 19 млрд. кубометр суу. Азыр анда болгону 13 млрд. куб гана суу топтолгон.
Токтогул суу сактагычынын сыйымдуулугу - 19 млрд. кубометр суу. Азыр анда болгону 13 млрд. куб гана суу топтолгон.

Буга кошумча Соцфонд эмдиги жылдын январына пенсияга төлөнчү акча жок экенин айтып чыкты. 2020-жылы камсыздоого которулчу каражаттар 2 миллиард сомго азайган, мекеменин төлөм милдеттерин аткарышына 1 миллиард сом жетпейт.

«Декабрга биз пенсияны убагында төлөйбүз. Январга келе турган болсок, Минфин менен бул туурасында макулдаштык, керек болсо жардам бермей болушту», - деп билдирди Соцфонддун төрайымы Гүлнура Жуматаева 17-декабрдагы Жогорку Кеңештин отурумунда.

Баары эле жаман эмес

Апаат жалаң эле Кыргызстанга эмес, баарына келди, кайриет, турмуш аз-аздан нугуна түшүп калыбына келүүдө. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков баары жакшы болот деген ойдо.

«Экономикалык жандануу байкалууда. Апаатка чейин январда экономикалык иш жүргүзүүгө 90 миң патент берилген. Быйылкы март-апрелде бул сан 20 миңге түшкөн. Ноябрда 80 миң патент берилди», - дейт Новиков.

Эл аралык институттар менен өкмөт 2021-жылда Кыргызстандын экономикасында болбоду дегенде 3-4% өнүгүү болот деп болжолдоп отурушат. Министрлер кабинети бюджет таңсыктыгын 8,5 млрд. сомго азайтабыз деген ойдо.

«Түзүлгөн кырдаалдан алган биздин сабагыбыз бул болду – жуурканыңа карап аягыңы сун, тапкан кирешебизге жараша жашашыбыз керек, - дейт Новиков. – Ушул максатта Бюджет кодексине айрым өзгөрүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылып жатабыз. Биз корголгон беренелер боюнча бюджеттин болгон чыгымдарын, социалдык милдеттенмелердин баарын салыктан түшчү кирешелерге бекем байлап коёлу деп жатабыз. Калган каражаттардын баарын экономиканы өнүктүрүүгө жумшашыбыз керек. Экономика канчалык кубаттуу болсо бизнестин өнүгүшүнө жакшы, андайда капыс келчү кризистерден чыгуу да жеңил».

Макаланын түп нускасын бул жерден окуй аласыз.

Кыргыз тилине которгон Бекташ Шамшиев

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG