Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Жемкорлорго жеңилдик берген мыйзам


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мурда-кийин табылган мыйзамсыз кирешелерди, мүлктү жана бизнести мыйзамдаштырууга жол ачылды. Тиешелүү документке президенттин милдетин аткаруучу спикер Талант Мамытов кол койду.

Айрымдар бул коррупционерлердин, олигархтардын кызыкчылыгы үчүн иштей турган мыйзам экенин айтып жатышат. Ал эми өкмөт документтин арты менен көмүскөдө жашырылып жаткан каражат ачыкка чыгарылса экономикага бир топ эле пайдасы тиет деп үмүт кылууда.

Мыйзамдын таржымалы

«Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» мыйзамга президенттин милдетин аткарып жаткан төрага Талант Мамытов 9-декабрда кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 5-ноябрда кабыл алган.

Мыйзам мурдагы өкмөт тарабынан жыл башында эле даярдалып, 24-январда кыргыз өкмөтүнүн №28 токтому чыккан. Ага ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Мыйзамда ыктыярдуу декларациялоо көмүскө мүлктүн жана кирешенин бир бөлүгүн мыйзамдуу жүгүртүүгө киргизүүгө мүмкүндүк берип, экономикалык жигердүүлүктүн күчөшүнө алып келери жазылган. Экономика министри Санжар Муканбетов кабыл алынган документти экономикалык мунапыстын бир бөлүгү катары баалады:

Санжар Муканбетов.
Санжар Муканбетов.

«Биздин экономикабызда 1,5 миллиард долларга барабар акча элдин төшөгүнүн алдында эле катылып жатат. Ал каражат жөн эле тура бербей экономикага иштеп берсе дегенбиз. Жарандар ар кандай себептер менен байып кетишти, акчалуу болуп калышты. Ошолорго мамлекет «акчаңарды, мүлктү декларация кылсаңар мамлекет тарабынан куугунтук болбойт» деп кепилдик берип, аны экономикага иштетели деген максат».

Башкача айтканда, 70 миллион сомго чейин мыйзамсыз жол менен, анын ичинде коррупциялык иштерден табылган каражатты, мүлктү өз ыктыяры менен декларациядан өткөргөндөр эч кандай жазага тартылбайт. Ал мамлекетке бир тыйын да төлөбөйт. Анын ичинде салык, социалдык төлөмдөрдү төкпөгөнү үчүн да чара көрүлбөйт.

Эгерде көмүскөдө катып жаткан каражат же мүлк 70 миллион сомдон ашып кетсе мамлекетке 700 миң сом төлөп берет. Декларацияда көрсөтпөй жүргөн байлыгы 100 миллион сом же андан көп болгон күндө деле бюджетке 700 миң сом төгөт. Бул мыйзам бир жыл – 2021-жылдын 1-январынын 31-декабрына чейин иштейт.

«Жемкорлор үчүн жазылган мыйзам»

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон мыйзамды «коррупционерлер үчүн бейиш» деп атады:

«Демек, уурулардын, кескилердин, коррупционерлердин бир жылы бар экен. Алар уурдап алганын акырын барып өзүнө жаздырып койсо андан «Муну кайдан алдың?» деп эч ким сурабайт экен, жооп бербейт экен. Мен ошон үчүн кийинки жыл коррупционерлер, уурулар үчүн бейиш жылы болот деп айтып жатам».

Кыргыз өкмөтү иштеп чыккан документте мыйзамсыз табылган жана көмүскөдө жашырылган байлыктын ээлерине мамлекет бир катар кепилдиктерди берет. Ага ылайык, декларация толтурган адам кирешесинин жана мүлктүн келип чыгуу булагын көрсөтпөйт. Ал адам жөнүндө жана байлыгы тууралуу маалымат жашыруун болот. Мүлкүн, каражатын жашырганы, салык, социалдык төлөмдөрдү төкпөгөнү үчүн жоопкерчиликке тартылбайт.

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

«Бул мыйзам - коррупционерлердин лоббиси. Мыйзам буга чейин эле чыгарылганы менен мурунку президенттер кол коё алышкан эмес. Себеби, алар коомдук резонанстан чочушкан. Азыр болсо бюджетте акча жок болгондуктан булар коомдук пикирден да коркпой калды. Бул - коррупционерлердин ишин мыйзамдаштыруу жана олигархиялык, бандиттик топтун кызыкчылыгын көздөгөн мыйзам. Булар ал топтордун кысымына туруштук бере албай калышты. Бул мыйзам качып жүргөн Бакиевдин, Шадиевдин, Сапар Исаковдун кызыкчылыгына туура келет», - деди саясатчы Бектур Асанов.

Көмүскө каражатты иштетүү максаты

Мыйзамды Жогорку Кеңеш Кыргызстанда октябрь окуяларынан кийинки чуулгандуу саясий жүрүштөр учурунда 5-ноябрда кабыл алган экен. Парламенттин имараты талкалангандыктан ал кезде Жогорку Кеңеш өз жыйындарын «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөрүп жаткан. Ал күндөрү бир катар мыйзамдар дароо эки-үч окууда кабыл алынган учурлар болгон.

Депутат Сайдулла Нышановдун сөзүнө караганда, буга чейин да ушул эле документке үндөш мыйзам долбоорлору кабыл алынган. Бирок анда бир катар чектөөлөр киргизилип калгандыктан ал өзүн актаган эмес. Депутат бул ирет көмүскөдөгү каражатты ачыкка чыгарууга мүмкүнчүлүк бериш керек деген ойдо.

Сайдулла Нышанов.
Сайдулла Нышанов.

«Байлыкты кайдан, кантип тапканына көз жуумп туруп бир жолу легалдаштырып алып акчаны жүгүртүүгө киргизиш керек, - деди ал. - Кыргыздын баары бири-бирине тууган экен. Кимдин мүлкү кимде экенин билиш өтө кыйын. Аткаминерлер 500 миң, 1 миллион долларлык үйлөрдө жашайт, кымбат машинелерди айдап жүрүшөт. Сураштыра келсең ал өзүнүн да, аялынын да атында эмес. Башка эле туугандарына катталган. Бирок негизи өзүнүкү эле. Ачыкка чыгарыш өтө кыйын экен. Мен деле башында: «Булар уурдап алып кийин эмнеге мыйзамдаштырып атат?» деген ойдо болчумун. Ачыкка чыгарыш үчүн биз ушундай жолго барышыбыз керек».

Экономика министри Санжар Муканбетов «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып бул ыкма Италияда, Түркияда жакшы иштегенин айтты. Ал бул өлкөлөрдө 60 миллиард доллардан көп каражат көмүскөдөн чыгып экономикага иштегенин билдирди. Муканбетов Кыргызстанда көмүскөдөгү 1,5 миллиард доллардын 30-40% ачыкка чыкса эле экономикага чоң жардам болмок деп жатат.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова өкмөттүн жүйөлөрүнө ынабай турганын жашырган жок:

«Мен бул мыйзам аткаминерлер менен коррупционерлердин мүлкүн мыйзамдаштырыш үчүн эле кабыл алынды деп ойлойм. Эч качан элдин кызыкчылыгы үчүн иштебейт. Аткаминерлердин бизнесин коргогонго жазылган».

Өкмөт башчылык кызматты убактылуу токтоткон Садыр Жапаров 21-октябрда Кыргызстанда экономикалык мунапыс жарыялап, өөнөлгөн акчаны кайтарууга бир ай убакыт берген.

Ал укук коргоо, тергөө органдары менен кызматташып, ички инвестиция жумшап, акчаны экономикага кайрып бергендерге административдик жана экономикалык кечирим берилерин айткан. Декларация боло турган мүлк менен кирешенин кол тийбестигине кепилдик бар экенин, ыктыярдуу түрдө декларациялоо жараяны сыр катары сакталарына убада берди.

XS
SM
MD
LG