Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

Кыргыз дипломатиясы: бир аптадагы эки башка билдирүү


АКШ менен Кыргызстандын желектери.
АКШ менен Кыргызстандын желектери.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен АКШнын мамилесине байланыштуу бир аптада карама-каршы маанидеги эки башка билдирүү жасады. Бул калыптана элек дипломатия катары мүнөздөлүүдө.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 11-декабрда кыргыз-америка кызматташтыгына байланыштуу билдирүү таратып, АКШнын коррупцияга каршы сунушуна ыраазычылык билдирди.

Бир аптадай мурун тышкы саясат мекемеси АКШнын Кыргызстандагы элчисин “ички иштерге кийлигишип жатат” деп сындаган эле. Бул жагдай кыргыз-америка алакасын салкындата турганы айтылган.

Бишкектин тынчсызданган билдирүүсү

“Социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучулары Тышкы иштер министрлигинин 7-декабрдагы кыргыз-америка мамилелерине байланыштуу билдирүүсүнүн жалпы мазмунун бурмалап берди”, – деп башталган Бишкектин кезектеги билдирүүсү.

Расмий маалыматка ылайык, соңку эки тараптуу жолугушууда коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөш жаатындагы кызматташуу маселелери талкууланган. Билдирүүдөн үзүндү:

«Кыргыз тарап АКШга ушул багыттагы кызматташуу боюнча сунушу үчүн ыраазычылык билдирет. Жетишилген макулдашууларды ырааттуу аткарып, министрлик АКШнын элчилигинен резонанстуу иштердин акыйкат тергелишине салым кошо турган материалдарды сурады. Ошол эле учурда, мындай кызматташтык башка мамлекеттер менен болгон негизги укуктук ченемдердин жана принциптеринин бири - суверендүү мамлекеттин ички иштерине кийлигишпөө эрежесинин чегинде жүргүзүлөт деген ниетибизди билдиребиз».

Ошондой эле Кыргызстандын жаңы өкмөтү коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы болуп көрбөгөндөй күрөш жүргүзүп жатканы белгиленген. Анда бул жаатта АКШ менен буга чейинки кызматташтык өз жемишин бергени, өлкөдөн уурдалган айрым мүлк Кыргызстанга кайтарылганы айтылат:

«Учурда америкалык кызматташтар менен бирге мыйзамсыз алынган мүлктү аныктоо жана аны кайтарып келүү боюнча иштер уланууда. Кыргызстан эки тарап мындан да чоң натыйжаларга жете аларына ишенет. БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясынын мүчөсү болгондуктан, кыргыз тарап жалпысынан, жалаң эле АКШ менен эмес, башка достук мамиледеги өлкөлөр менен да тыгыз кызматташууга даяр. Анткени коррупция эл аралык коркунучка айланып, демократиялык институттарга, улуттук экономикага жана укуктук тартипке олуттуу зыян келтирүүдө».

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан эл аралык укуктук жана улуттук мыйзамдардын чегинде АКШ менен кызматташууга даяр экендигин ырастаган.

5-декабрда АКШнын Бишкектеги элчиси Дональд Лу парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу көрүнүштөрдү сындаган. Ошондон кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Твиттердеги” расмий баракча аркылуу жооп кайтарып, Лунун билдирүүсүнө «ички иштерге кийлигишүү менен тергөөгө басым кылуунун элементтери бар» деп сынга алган.

Талдоочулардын баасы

Талдоочу Руслан Акматбек министрликтин элчини сындаган билдирүүсү Жогорку Кеңештин спикери, призиденттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун Орусияга сапарына туш келгенин айтып, муну Москвага жагынуу катары мүнөздөдү. Артынан кайра кыргыз-америка кызматташтыгын бекемдөө максатындагы билдирүү жасалышын – “кетирген катаны оңдоо” аракети деп баалады:

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

“Бул – таза эле пендечилик. “Эртең биз Америкадан келе турган жардамды ала албай калабыз, эл аралык коомчулуктун колдоосуна ээ боло албай калабыз” деген коркуу. Жөнөкөй эле коркуу. Мындай эки ача билдирүүлөр – жардамга муктаж жакыр өлкөнүн башкалардын көмөгүнөн куру калбоо аракети, кара курсактын эле азабы”.

Руслан Акматбек тышкы саясатты ички саясаттын эле уландысы катары сыпаттап, эптеп бийликти легитимдештирип алуудагы аракеттер эл аралык мамиледе да катачылыктарга жол ачып жатканын белгиледи.

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев муну кыргыз бийлигинин тышкы жана ички саясатында баалуулуктар, принциптер калыптана электиги менен байланыштырды. Шайлоолордон улам түрдүү күчтөр кагылышып турган кезде бир турумду бекем кармаганга бийлик башындагылардын чамасы жетпей жатканын кошумчалады:

“Ар кандай күчтөр кагылышып турган мезгилде калыптана элек өкмөттүн өкүлдөрү түрдүү тараптарга карама-каршы жоопторду бериши – күтүүсүз эмес. Ар тараптуу баалуулуктардын, саясий багыттардын кагылышуусуна алдыда дагы күбө болобуз. АКШ Кыргызстандын эгемендигин тааныган алгачкы мамлекет, андан бери да өлкөнүн эгемендиги сакталышына кызыкдарлыгын ачык билдирип келет".

Ал эми Кыргызстандын Коммунисттер партиясынын жетекчиси Клара Ажибекова кыргыз-америка мамилеси муздаса, Бишкек эч нерсе жоготпойт деген ойдо:

Клара Ажибекова
Клара Ажибекова

“АКШ Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле бизди башкарып келатпайбы. Биз өзүбүздүн саясатыбызды жүргүзүшүбүз керек. Советтер Союзуна кирген мурдагы мамлекеттер менен кызматташуу – биздин приоритеттүү багытыбыз болууга тийиш”.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги коррупцияга каршы аракеттерди колдоп, жемкорлукка каршы ачык чакырык жасап келет.

9-декабрда АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго санкция киргизген. 10-декабрда анын аялы Уулкан Тургунова да Мамлекеттик департаменттин «кара тизмесине» кошулду.

Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган.

2015-жылдын июлунда Кыргызстандын ошол кездеги премьер-министри Темир Сариев АКШнын Мамлекеттик департаменти өмүрүн аягына чейин камалган Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” ыйгарган сыйлыгынан соң эки тараптуу кызматташууну үзүү демилгесин көтөргөн. Мындан улам кыргыз өкмөтү келишимди бир тараптуу денонсациялаган. Андан бери өкмөттөр аралык кызматташтыгы боюнча жаңы келишимге байланышкан иштер аягына чыга элек.

XS
SM
MD
LG