Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

АКШ Райымбек Матраимовго санкция салды 


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго санкция киргизди. Бул тууралуу маалымат Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяланды. Анда «Магнитский акты» деген аталыш менен белгилүү болгон «кара тизмеде» Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген эки башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн.

49 жаштагы Райымбек Матраимов 1997-2017-жылдары Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматында иштеген. Ал 2015-2017-жылдары мекеменин төрагасынын орун басары болгон.

АКШнын Каржы министрлигинин сайтындагы билдирүү.
АКШнын Каржы министрлигинин сайтындагы билдирүү.

«Азаттык» радиосу өнөктөштөрү менен бирге Матраимовдун бажыдагы ири коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин ачыкка чыгарган бир канча журналисттик иликтөөлөрүн жарыялаган.

Матраимов жана анын жакындары анын куру доомат экенин айтып келатышат.

20-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимовду кармап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин уланып келатканын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду эки миллиард сом мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирип, тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде үй камагына чыгарган.

8-декабрда Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдагандай, Матраимов мамлекетке жалпысынан 773 миллион сом төктү.

5-декабрда АКШнын Бишкектеги элчиси Дональд Лу парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу көрүнүштөрдү сындаган. Октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин Матраимовдун айланасындагы соңку чечимдерине токтолуп, иштин башталышы жакшы болгону менен жетишсиз чара көрүлүп жатканын айткан.

Мындан соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Лунун билдирүүсүнө жооп кайтарып, анда «ички иштерге кийлигишүү менен тергөөгө басым кылуунун элементтери бар» деп сындаган.

«Магнитский актына» киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлк менен каржылык активдери камакка коюлат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө мекемесине берилет. Буга кошумча камакка алынган мүлккө түз же кыйыр, 50% же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактардын үлүшү да камакка коюлат. Ал Чет элдик активдерди көзөмөлдөө мекемесинин мыйзамдык актылары америкалык жарандардын санкцияга киргендер менен кандайдыр бир мүлктүк же мүлккө байланышкан амалдарга катышуусуна тыюу салат. Ошондой эле санкцияга учураган адамдын кызматын көрүүгө, же ага кызмат көрсөтүүгө, аны каражат же товар менен камсыз кылууга, ошондой эле андан салым, каражат же товар алууга тыюу салынат.

XS
SM
MD
LG