Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

АКШ элчиси Матраимовдорго байланыштуу иликтөөнү өткөн 18 айдын маанилүү окуясы деп атады


Дональд Лу "Азаттык" радиосунун кеңсесинде.
Дональд Лу "Азаттык" радиосунун кеңсесинде.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу өткөн 18 айда Кыргызстанда болгон эң маанилүү окуя катары Матраимовдорго байланыштуу журналисттик иликтөөнү атады. Мындай пикирин 5-декабрда "Интерньюс" уюмунун журналисттерге "Умтулуу" сыйлыгын ыйгарган аземинде айтты.

"Өткөн сыйлык тапшыруу аземинен бери акыркы 18 айда кайсы окуя Кыргызстандагы жаңылыктардын эң маанилүүсү болду? Шайлоо? Коронавирус? Революция? Жок.

Акыркы 18 айдагы эң маанилүү окуя – "Раим миллиондун" кылмыштуу империясы жөнүндө журналисттик иликтөө. Бирок ал эмне үчүн ушунчалык маанилүү?

Уюшкан кылмыштуулук Кыргызстанда Совет мезгилинен бери эле болуп келген жана өнүккөн. Бирок ал өткөн жылга чейин ар дайым көмүскөдө жашап келген. "Азаттык", KLOOP, OCCRP, "Factcheck.kg" жана ондогон социалдык медиа журналисттеринин тайманбас журналистикасы уюшкан кылмыштуулук жөнүндө коомдук талкууну баштады. Бул өкмөттү жооп берүүгө аргасыз кылды.

Бул кылмыштуу үй-бүлөнүн ач көздүгүнөн, күчүнөн жана кол тийбестигинен кыргыз коомчулугу жийиркенди. Алар бул кылмышкерлер кыргыз коомчулугундагы коррупцияны кантип күчөткөнүн көрүштү. Мурунку УКМК жана парламенттик комиссия иликтеп, бирок эч нерсе тапкан эмес", - деди элчи.

Ошондой эле Лу парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу окуяларды сындады. Октябрь окуяларынан кийинки Убактылуу өкмөт Раимбек Матраимовду кармаганына, андан казынага 2 миллиард сом өндүрүү убадасын алып үй камагына чыгарганына токтолду. Башталышы жакшы экенин, бирок бул жетишсиз экендигин кошумчалады.

"Бул Голливуддун мафия тууралуу киносуна окшоп кетти. Бирок сиз кино тасманын кандайча бүтөөрүн азырынча билбейсиз, - деди элчи. - Кинонун кандайча бүтөөрүн айтып берейин. Өкмөт кылмышкерлерди жоопко тартат. Бул аларды жазалайт. Бул алардын кылмыштуу уюмдарынын кыргыз элинин ырыскысын уурдоодон коргойт. Бул кылмышкерлердин сиздин балдарыңызды баңгизат менен ууландыруусуна жол бербейт. Бирок бул нерселер кайраттуу адамдар каршы чыкканда гана жасалат".

АКШ элчиси журналисттерге, жарандык активисттерге, лидерлерге ийгилик каалап, бул аракеттер АКШнын колдоосуна татыктуу экенин белгиледи.

Журналисттерге "Умтулуу" сыйлыгынын тапшыруу аземи. Элчинин сөзү 21:45 мүнөтүндө башталат:

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун ири коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин ачыкка чыгарган бир канча журналисттик иликтөөлөр 2019-2020-жылдары жарыяланды. Матраимов жана анын жакындары муну куру доомат экенин айтып келишүүдө.

Парламенттик шайлоодон кийинки бийлик алмашуудан соң атайын кызмат Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.
Матраимов УКМКнын айыптоосу жана мамлекетке төгүп жаткан каражат тууралуу комментарий бере элек.

Финансы министрлиги 1-декабрда «Азаттыкка» маалымдагандай, бул аралыкта Райымбек Матраимов мамлекетке жалпысынан 647 миллион сом төктү. Өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген Садыр Жапаров Матраимов мамлекетке төлөөгө милдеттендирилген эки миллиард сомду ноябрдын аягына чейин төгүп бере турган болгонун 3-ноябрда «Region» телеканалындагы маегинде билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG