Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:00

Дрю Салливан: АКШнын Матраимовго санкциясы көп өлкөлөрдө эске алынат


АКШнын Каржы министрлигинин расмий Интернет барагындагы маалымат. 2020-жылдын 9-декабры.
АКШнын Каржы министрлигинин расмий Интернет барагындагы маалымат. 2020-жылдын 9-декабры.

“Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоорунун тең-негиздөөчүсү Дрю Салливан "Азаттык" менен болгон маегинде АКШнын Каржы министрлигинин кыргызстандык Райымбек Матраимовго салган санкциясынын таасири тууралуу ж.б. жагдайларга токтолду.

"Азаттык": АКШнын өкмөтүнүн Матраимовду «кара тизмеге» киргизген чечиминин мааниси эмнеде?

– Бул – эл аралык коомчулук тааный турган маанилүү чечим. Бул – Матраимов жемкорлукка жана күмөндүү иштерге аралашканын айгинелеген кадам. Мындан кийин анын өзү жана ал түзгөн саясий партия мурдагыдай таасирдүү роль ойной албай калат.

Дүйнөнүн ар кыл булуң-бурчтарындагы мамлекеттер ал кандай кооптуу иштерге аралашканын түшүнүп, аларга жетиштүү маалымат берилет. Бул – анын эң оболу кылмыш жасап, ошол эле учурда коомдун кадимки мүчөсүндөй болуп, эл арасында ээн-эркин жүрө албай турганын ашкерелеген алгачкы өтө маанилүү чечим.

"Азаттык": Эми Матраимовдун өзү жана анын жакындары кандай чектөөлөргө кабылат?

– Мындай санкцияга илингендердин АКШдагы мүлкү камакка алынат. Анын Кошмо Штаттарда эч кандай мүлкү же байлыгы жок болушу да ыктымал, бирок табылып калса камакка алынат. Дагы бир маанилүү нерсе – бир катар өлкөлөрдүн өздөрүнүн “Магнитский мыйзамы” сыяктуу санкциялар тизмеси бар.

Эгерде кимдир-бирөө бир өлкөнүн “кара тизмесине” илинсе, анын таасири башка өлкөлөргө да тарап, санкция салбаган эле жерде мүлкү чыкса, ал камакка алынышы мүмкүн. Башкача айтканда, кайсы бир киши бул “кара тизмеге” киргизилгенден кийин, ал кишинин үчүнчү өлкөдө капканга түшүп калуу ыктымалдыгы жогору.

"Азаттык": Маселен, бул жагдай Матраимов эми Араб өлкөлөрүндө же Европа Биримдигинин аймагында чектөөгө кабылышы мүмкүн дегенди түшүндүрөбү?

– Дубай же Араб өлкөлөрү “Магнитский мыйзамын” өздөрүнө адаптация кылбаса керек. Бирок Европа Биримдиги жакында эле аны жактырган. Демек, Батыш Европадагы 27 өлкө өз аймагынан Матраимовго байланышы бар мүлк-байлык тапса, камакка алат.

"Азаттык": Октябрдагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген жаңы бийлик Матраимовду кармап, тергөө иштерин баштаганы менен коомчулукта дагы деле суроо көп. Вашингтондун “кара тизмесине” киргенден кийин бул маселе эл аралык деңгээлге чыкканын түшүндүрөт эмеспи?

– Бир мамлекет кайсы бир экинчи мамлекетке же анын жаранына чара көргөндө, “кара тизмеге” илинген тараптын ээн-эркин ишмердик жасашына, деги эле жашоосуна бир топ тоскоолдук жаралат. Албетте, биз Матраимовдун Кыргызстанда таасири талашсыз болгонун, ал кыргыз бийлигине акчасын “чачканын” билебиз. Андыктан бийликте ага каршы кандайдыр бир чара көрүүгө тоң моюн мамиле жасачулар толтура чыгышы ыктымал. Бирок эми ал “кара тизмеге” илингенден кийин кыргыз бийлиги ага чара көрбөй же ага кандайдыр бир саясий кызмат берсе, анда эл аралык алкакта Кыргызстандын алдында бир топ тоскоолдуктар пайда болот. Бул жагдай өлкөгө оңбогондой залакасын тийгизери айдан ачык.

Андыктан эми Кыргыз өкмөтүнүн Матраимов катышкан иштерди терең иликтөөдөн башка аргасы жок. Анткени ал канчалаган жыл бою эч кимди тоготпой, өз билгенин жасады. Эми болсо анын уюшкан кылмыштуулук менен байланышы тууралуу да маалымат чыгып, Кыргыз өкмөтү бул маселеге көңүл бурарын билдирди. Бул деген мындан ары кыргыз бийлигине убакытты созууга болбойт деген белги.

“Азаттык”: Эл аралык коомчулуктун “кара тизмесине” илингендерге кайрылсак, Матраимовго чейин уюшкан кылмыш дүйнөсүнүн лидери Камчыбек Көлбаевге АКШнын Мамлекеттик департаменти санкция салды эле. "Кара тизмеге" грузиндерден чыккан уюшма кылмыштуу топтун өкүлү Захарий Калашов да киргизилип, алар Евразия чөлкөмүн көзөмөлдөгөн “Бир туугандар айлампасы” аттуу эл аралык кылмыштуу уюмдун мүчөлөрү деп сыпатталган. Бул жаатта эмне деп айтаар элеңиз?

– Камчыбек Көлбаев “Агайындар” деп аталган өтө коркунучтуу эл аралык кылмыш синдикатынын мүчөсү. Алардын жер жүзүндөгү кылмыш дүйнөсүнө таасири бар. “Матраимов экөөнүн байланышы бар” деген маалымат, албетте, өтө кооптондура турган иш.

“Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоорунун тең-негиздөөчүсү Дрю Салливан.
“Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоорунун тең-негиздөөчүсү Дрю Салливан.

Ал эми АКШ бийлигинин экөөнү тең эл аралык “кара тизмеге” киргизгени – жасаган кылмышы жагынан экөө бирдей деңгээлде экенинен кабар берет. Демек, бул факт - АКШ экөөнүн ортосунда чоң деле айырмачылык жок деп эсептээрин көрсөтөт.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн Сизге алкыш айтабыз.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG