Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Көлбаевдин жөкөрлөрү кара тизмеде


2011-жылдын 21-июлунда Интерполдун сайтына чыккан жарыя
2011-жылдын 21-июлунда Интерполдун сайтына чыккан жарыя

АКШ Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн лөгү саналган Камчы Көлбаевдин жан-жөкөрлөрү Алманбет Анапияев менен Адилет Касеновду эл аралык кылмыштуу топко тиешеси бар деп таап, банк эсептерин камакка алды.

АКШнын Каржы министрлиги Башкы прокуратура жана Мамлекеттик департамент менен биргеликте кыргызстандык жарандар Камчы Көлбаевдин тарапкерлери Алманбет Анапиевди жана Адилет Касеновду эл аралык кооптуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү деп тапты. Министрлик алардын банктардагы эсептерин камакка алып, АКШ жарандарына бул адамдар менен финансылык операция жүргүзүүгө тыюу салды.

Тизмеге грузиндерден чыккан уюшма кылмыштуу топтун өкүлү Захарий Калашов да киргизилип, бул адамдар Евразия чөлкөмүн көзөмөлдөгөн “Бир туугандар айлампасы” аттуу эл аралык кылмыштуу уюмдун мүчөлөрү деп сыпатталган. АКШ соңку саңкциялар менен кылмыш төбөлдөрүн дүйнөлүк каржы системасынан сүрүп чыгарууну көздөөдө.

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев Американын бул чечимин маңзат траффигине бөгөт коюу аракети менен түшүндүрдү:

- Ушул үч адам Кыргызстанда уюшма кылмыштуу топтун анабашы болуп саналат. Биздеги уюшма кылмыштуу топтор маңзаттардын жүрүшүн 100 пайыз көзөмөлдөйт. Ал маңзаттардын көлөмү ушунчалык чоң болгондуктан, андан түшкөн пайда, финансы каражаттары да өтө чоң. Кыргызстанды, Борбор Азияны жана наркотраффикти Орусиядагы “мыйзамдагы ууру” Дед Хасан көзөмөлдөйт.

2011-жылдын июнь айында АКШ президенти Барак Обама Камчы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун кара тизмесине киргизген. Бишкек шаардык ички иштер башкарма жетекчиси, мурдагы ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев АКШда Көлбаев тууралуу көп маалымат бар деген ойдо:

- Көлбаевдин “мыйзамдагы уруу” деген макамы болуп жатпайбы. Евразияны алганда, булардын Орусиядагы кылмыштуу топтор менен байланышы чоң. Көлбаев ал жактан “тактыга отургузулуп” келген. Америкада көп маалымат бар. Негиз болгон үчүн мындай чаралар колдонулуп жатат.

АКШ Каржы министрлиги 39 жаштагы Алманбет Анапияевди Камчы Көлбаевдин оң колу жана кылмыштуу топтун кыймылдаткыч күчү катары сыпаттаган. Ал эми 29 жаштагы Адилет Касенов Көлбаевдин жан сакчысы, Ысык-Көл облусун тескеген “криминалдык губернатор” катары сүрөттөлгөн.

Маалыматка ылайык, Көлбаев баштаган төбөлдөр мүчө болду делген “Бир туугандар айлампасы” уюму Евразия чөлкөмүндөгү криминалдык топторду көзөмөлгө алып, алардын ортосунда арачылык кылып келет. Бул уюм бир гана постсоветтик чөлкөмдө эмес, Жакынкы Чыгыш, Африка, Латын Америка жана АКШда иш алып барат. “Бир туугандар айлампасы” дүйнөдөгү беш негизги криминалдык уюмдун бирөө катары белгиленген.

Юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев АКШнын бул чечимин алдын алуучу чара катары көрөт. Анын айтымында, кыргызстандык кылмыш төбөлдөрүнүн аракети АКШга анчейин таасир этпейт, бирок маселенин саясий өңүтү болушу мүмкүн:

- Тилекке каршы Көлбаев, ага чейин Рысбек Акматбаев, Анапияев, Касенов баштаган криминалдар саясатка таасир этери далилденип калды. Бул адамдар саясий оюнчуга айланып бара жатышат. АКШ аларды өз жибинде кармап, өз максатында колдонгусу келет. Соңку окуяны аба база маселесине байланыштырып, бул жердеги таасирин күчөтүү аракети катары сыпаттаса болот.

Былтыр Барак Обаманын наркобарондор тууралуу тизмеси чыккандан кийин Көлбаев, Анапияев жана Касенов Бириккен Араб Эмирлигинде кармалып, кайра койо берилгени кабарланган. Ушул жылдын июль айында Адилет Касенов Кыргызстанга алынып келинген. Ал эми Камчы Көлбаев 8-декабрда Кыргызстанга кайтып келип, УКМКнын тергөө абагына бир айга камалган. Буга чейин Көлбаевдин укугун коргоп келген адвокат Икрамидин Айткулов ага коюлган айыптардын юридикалык негизи жок деп билдирди.

- Көлбаевге бир катар кылмыштар жана маңзат ташуу иши боюнча коюлган айыптар негизсиз жана далилсиз. АКШ Көлбаевди наркобарондордун тизмесине киргизгенден кийин Кыргызстан ага айып тагып, баш коргоо чарасы боюнча сырттан өкүм чыккан. АКШнын соңку чечими боюнча так бир нерсе айтуу кыйын. Менимче бул жактагылар Көлбаевдин тизмеге кириши үчүн аракет жасашы мүмкүн.

АКШ өкмөтү эл аралык уюшма кылмыштуу топтордун тизмесин жыл сайын жаңыртып келет. Камчы Көлбаев Американын кара тизмесине эски Совет мейкиндигинде алгачкылардан болуп киргизилген. Соңку жагдай боюнча Көлбаевдин адвокаты Сергей Манукян жана Касеновдун жактоочулары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми Араб Эмирлигинде жүргөнү айтылган Алманбет Анапияев кыргыз гезиттерине курган маегинде өзүнө коюлган дооматтарды четке каккан болчу.

XS
SM
MD
LG