Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Финпол: Матраимов атайын эсепке төккөн акча 773 миллион сом болду


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Райымбек Матраимовду кармоо учуру. 20-октябрь, 2020-жыл.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Райымбек Матраимовду кармоо учуру. 20-октябрь, 2020-жыл.

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 8-декабрга карата мамлекетке жалпысынан 773 миллион 412 миң сом төктү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Матраимов Финансы министрлигинин атайын эсебине акыркы жолу 127 миллион 112 миң сом которду. Ага чейин 646 миллион 600 миң сом төккөнү кабарланган.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров 21-октябрда экономикалык мунапыс жарыялап, өөнөлгөн акчаны кайтарууга бир ай убакыт берген.

Министрлик 8-декабрга карата бул жараяндан атайын эсепке жалпы 872 миллион 138 миң сом топтолгонун билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.

Матраимов УКМКнын айыптоосу жана мамлекетке төгүп жаткан каражат тууралуу комментарий бере элек.

Садыр Жапаров Матраимов мамлекетке төлөөгө милдеттендирилген эки миллиард сомду ноябрдын аягына чейин төгүп берерин 3-ноябрда «Region» телеканалындагы маегинде билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG