Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 07:56

Малды экспорттоого чектөө карама-каршы пикир жаратты


Кыргызстандагы мал базар.

Малдын экспортуна киргизилген убактылуу чектөө эки-үч аптадан бери талкууланып бүтө элек.

Фермерлер сыртка чыгарууга тыюу салынгандан кийин мал арзандап кеткенине даттанышса, башка топ эттин наркы кайра түшпөй жатканына нааразы. Ал ортодо чек арада жандыктарды аткезчилик жол менен алып өтүү кескин күчөгөнү кабарланды.

Аткезчилик жөнүндө талаш

Мамлекеттик чек ара кызматы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин аткезчиликке байланыштуу айыптоосуна расмий жооп берди. Мекеме тирүү малдын экспортуна тыюу салынгандан кийин аны мыйзамдуу да, мыйзамсыз да ташууга толук чектөө коюлганын билдирди.

Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева «Азаттыкка» буларды билдирди.

Кыргызстан-Өзбекстан чек арасы. Иллюстрация.
Кыргызстан-Өзбекстан чек арасы. Иллюстрация.

«Министрдин «аткезчилик жол менен миңдеген баш мал-жандык чек арадан өтүп жатат» деген сөзүн популисттик билдирүү катары баалайбыз. 19-ноябрда бир нече товарды, анын ичинде ири мүйүздүү, кичи мүйүздүү малды жана жылкыны сыртка чыгарууга чектөө коюлгандан баштап чек аралаш аймактарда жашаган калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Аткезчиликке каршы иш толугу менен аткарылып жатат. Айыл чарба министрин ишибиз менен таанышып кетүүгө да чакырабыз»,-деди ал.

Бөрүбаева ошентсе да чек ара тилкелеринде мал жайып жүрүп ары-бери өтүп кетип жаткандар бар экенин белгилеп, мунун да алдын алып жатышканын билдирди.

«Негизинен мал-жандыктар Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактарга жайылып өтүп кеткен фактыларга туш болуп жатабыз. Бул учурларда малдын кожоюндары бизге кайрылса, чек ара кызматтарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, малын кайтарып беребиз. Ошол эле убакта Тажикстандын жана Өзбекстандын жарандары малын Кыргызстан тарапка жайып өтүп кетишсе, аларды кармап, кайра өз мекенине өткөрүп берип жатабыз»,-деди ал.

Мурдараак кабарлангандай, премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун атайын (№ 569) токтому менен 19-ноябрда социалдык маанилүү товарларды Евразия Экономикалык Биримдигинин аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилген. Бул Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин сунушу менен ишке ашкан.

Министрлик муну азык-түлүк коопсуздугу менен түшүндүрүп, анын ичинде тирүү малды экспорттоону жандыктардын ургаачы түрү кыскарып кетүү коркунучу менен байланыштырган.

Өткөн аптада болсо айыл чарба министри Тилек Токтогазиев басма сөз жыйынын өткөрүп, тыюу салынганына карабай чек арадан мал сыртка чыгып жатканын жарыя кылган. Ал бул көрүнүш кескин күчөгөнүн билдирип, тиешелүү органдардан аткезчиликти токтотууну талап кылган.

Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

«Биз атайын "Вотсап" жана "Телеграм" номерлерин уюштурганбыз. Ал аркылуу бүткүл Кыргызстандагы дыйкан-фермерлер менен сүйлөшкөнгө шарттар түзүлдү. Ошол аркылуу бизге азыр толтура маалыматтар келип жатат. Ошол эле Аксыда, Ала-Букада, Ошто жана Баткенде кантип аткезчилик жол менен өткөрүп жатышкан толтура фактылар боюнча колубузга тийип жатат. Эгер бодо малды эле алсак, күнүнө миңден ашык баш чек арадан ары кетип жаткан экен».

Малды сыртка сатууга киргизилген чектөө бир катар фермерлер жана адистер тарабынан сын менен кабыл алынган. Бул эркин жүгүртүү рыногуна мамлекеттин кийлигишүүсү катары бааланган.

Айыл чарбасы боюнча адис Манас Саматов да тыюу салууну кескин айыптап, бул соңунда аткезчиликти күчөтүп жатканын белгилейт. Ал ошол эле убакта муну менен эттин наркын төмөндөтүү мүмкүн эместигин белгилейт.

Манас Саматов.
Манас Саматов.

«Бул токтомду токтоосуз түрдө жокко чыгарыш керек. Анткени кылымдардан келаткан салт сыяктуу көрүнүш: Фергана өрөөнүндө өзбек жана тажиктер кыргыздардан мал сатып алып кетишет. Өзбекстан илгертен эле бизден көп мал алып келген. Азыркы аткезчилик деген сөз мына ушул тыюу салынгандан улам келип чыгып жатат. Эгерде мындай тыюу болбосо аткезчилик да болмок эмес. Бүт дүйнөдө эркин товар жүгүртүп, ага жете электер ошого умтулуп баратышат. Эгер мен мал баксам, мен эч нерсеге карабай аны сатышым керек. Ага эч ким тоскоол болбошу керек. Азыр тыюу салышты, бирок малдын сатылышы токтогон жок. Болгону бажы, чек арачы жана башка кызматтын кызматкерлерине кошумча акча берүү убарагерчилиги гана түзүлүп калды».

Мал арзандады, бирок эттин баасы түшкөн жок

Бул арада фермерлер жана мал багып саткан ишкерлер чектөө коюлгандан кийинки эле апталарда базарларда малдын наркы түшкөнүн билдиришкен.

Токмок базарында иш алып барган Кеңешбүбү Күрүчбекова малын алган баасында сата албай жатканына даттанууда:

«Баа көтөрүлүп, колубуздан келишинче кымбат сатып жаттык эле. Эки дем алыштан бери баа түшүп, кайра сата албай калдык. 49-50 миң сомдон алган торпокторум өтпөй, кайра үйгө ташып баратам. Алып барам, кайра алып келем, сата албай атам. Пайда тапмак тургай, кайра аны ташыганга акча берип, чыгым болуп жатам. Ушунун кимге кереги бар эле? Чектөөнү алып салышсын»,-деди ал.

Арийне, Кыргызстанда эт жай айларынан тартып кымбаттай баштаган. Алгач уй жана кой эти 350 сомдон 400 сомго чейин чыкса, айрым жерлерде баа андан да көтөрүлгөн.

Расмий эсептерде, ноябрда аймактарда уй эти 410-450 сомдон, кой эти 380-450 сомдон болду. Расмий эмес кабарларда, кээ бир жерлерде эттин наркы 500 сомго чыкканы айтылды. Декабрга карата баа бир аз төмөндөгөнү байкалды, бирок көп эмес.

Айрымдар малды сыртка сатуу токтотулганы менен эттин наркы көп түшпөгөнүн деп белгилеп жатышат.

Фермер Болот Зайэмиров кепке кошулду:

Бишкектеги "Ош" базары.
Бишкектеги "Ош" базары.

«Өткөн базарда келген малдын баары артты көздөй кетти. Соңку базарда алып деле келбей калышты. Мурдагы базардан 30% эл келип жатат. Сатылганы деле ошончолук аз, себеби баары арзандап кетти. Билбейм эми мындан ары кантип сатабыз, ошо эл деле жайлоодо кайтарган малын сатып, бирдемеге жаратып алайын дейт да. Бирок ага мүмкүнчүлүк болбой калды. Азыр эми бардык азык-түлүк кымбаттап жатпайбы, анан ошол убакта эт түшүп кетмек беле? Мына, малды деле тыйышты, бирок эт арзандадыбы? Кичине түшүмүш болбосо, мурдагы баа боюнча эле калды».

Мурдараак Улуттук статистика комитети, быйыл малдын экспорту былтыркыга салыштырмалуу өзгөчө өскөнүн кабарлаган.

Малдын биринчи тобун алсак, жылкы, эшек, качыр 2019-жылдын тогуз айында 5 612 баш сатылса, 2020-жылдын тогуз айында 6 017 баш экспорттолгон.

Экинчи топ, ийри мүйүздүү мал же бодо мал былтыр тогуз айда 738 баш сыртка кетсе, быйыл тогуз айда башка мамлекеттерге 8 415 баш чыгарылып кеткен. Үчүнчү топ – кой-эчки 2019-жылдын январь-сентябрь айларында 4 822 баш экспорттолсо, быйылкы жылдын тиешелүү мезгилинде 30 176 баш чет жакка сатылган.

Министрлик мындай жол менен малдын ургаачы түрү калбай калат деп кооптонгон. Кайрадан айыл чарба министри Тилек Токтогазиевге сөз берели.

«Нааразычылыктар болуп жатканын түшүнүп турам. Мен баарына «азыр мени сөккүлө, жаман көргүлө, бирок 1-2 жылдан кийин мага рахмат айтасыңар» деп жатам. Убагында Иран да акчага кызыгып малдын бүт баарын, өзгөчө ургаачы малын араб өлкөлөрүнө сатып жиберген. Анткени алардын коңшуларында да өкмөт тараптан ар кандай субсидия болуп, малды көбөйтүүнү мамлекет колдоп турган. Бирок Иран кийин малдын запасын жоготуп алган. Азыр да уйду Өзбекстанга алып келсе, өзбек өкмөтү 1 млн. сум бөлөт. Бул орточо 100 доллар, ушунча сумма менен субсидия кылып, кызыктырып жатат. Эмне үчүн? Себеби Казакстан да өзүнөн малды сыртка чыгарууга тыюу салып койгон жана өзбекстандыктар жалаң бизди гана карап калды. Биздеги ортомчулар да дыйкандарды азгырып, биздеги малдын көп түрүн бул өлкөгө сатып жиберүүдө. Биз муну карап, керек болсо малды реэкспорт кылуу жагын да ойлонуштурганбыз. Бирок ошол эле убакта бизде эттин наркы кескин өсө баштады. Биздин эсебибизде эт мындан да кымбаттайт деген коркунуч бар болчу. Элибиз орточо 10 миң сомдун тегерегинде айлык алса, алар 1-2 кило этти кантип алышат? Бул аларга кол жеткис нерсе болуп калбайбы. Эт менен кошо башка тармактарда да кымбаттоо болушу мүмкүн эле, мындан сырткары спекуляция да пайда боло баштады. Биз тирүү малды гана чыгарууга чектөө койдук, бирок ошол эле убакта малды союп, эт түрүндө экспорт кылууга тыюу жок, аны колдойбуз».

Тирүү малды экспорттоого киргизилген чектөө алты айга созулат.

Улуттук статистика комитетинин 2019-жылкы эсебинде, Кыргызстанда 1 млн. 680 миң ири мүйүздүү мал, 6 млн. 266 миңден ашык кой-эчки, 522 миңден ашык жылкы бар.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (43)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG