Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Экономикалык мунапыс: Бир айлык мөөнөт аяктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда жарыялаган бир айлык экономикалык мунапыстын мөөнөтү аяктады. Бирок бийлик бул иш-чаранын жыйынтыгын расмий жарыялай элек.

Экономикалык мунапыс салыктык жана экономикалык болуп экиге бөлүнгөн. Биринчисине ыктыярдуу түрдө ар бир жаран катышса болот, ал эми экинчиси кылмыш иши козголгондон кийин колдонула баштайт.

Депозиттик эсептер бюжетти колдош үчүн экономикалык мунапыстын алкагында акчаны легашдаштырыш үчүн ачылган.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча ушул күнгө чейин атайын эсепке 567 млн. 300 миң сом келип түшкөн.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова экономикалык мунапыстын алкагында эсепке беш киши акча которгонун билдирди. Алардын ар бири казынага мындай сумма которушкан:

  • 561 млн. 641 миң 690 сом.
  • 2 500 000 сом.
  • 5 340 000 сом.
  • 1 354 450 сом.
  • 1 204 802 сом.

6-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) расмий өкүлү Рахат Сулайманов бул сумманын ичинде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана башкалар кайтарган акча да бар экенин айткан.

Райымбек Матраимов 19-ноябрга чейин Финансы министрлигинин атайын эсебине 536,2 млн. сом которгону кабарланган. Ал 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берерин билдирген.

Матраимов бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 20-октябрда кармалып, тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан, сот аны эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткону белгилүү.

Октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт тополоңго айланганда тарапкерлери түрмөдөн бошоткондон кийин алгач өкмөт башчы болуп, кийинчерээк президенттин милдетин аткарып турган, бирок 10-январда өтө турган президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырып, премьер-министрликти убактылуу токтоткон Садыр Жапаров Райымбек Матраимовду камакка алуу же албоо тууралуу чечим саясий мүнөздө болгонун белгилеп, аны үй камагына бошотууга өзү буйрук бергенин айткан. Жапаров экономикалык кылмыштарда айыпкерди камоодон пайда жок экенин, андан көрө чыгымды өндүрүп алуу оң болорун билдирген. Матраимов сумманы ноябрдын соңуна чейин төлөп бүтөт деп ишендирген болчу.

Экономикалык мунапыска мыйзам керек

Бирок Садыр Жапаров 23-ноябрда «Жетинчи каналда» журналисттин суроосуна жооп берип жатып, экономикалык мунапыс жарыялаганына бир ай болгонун жана мыйзамдар кабыл алынса, ал иштей баштай турганын билдирди.

Ал экономикалык мунапыс жарыялангандан бери атын ачыкка чыгарбоону суранып, казынага акча төккөндөр бар экенин айтты.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Бир ай болуп калды. Жаңы мыйзам кабыл алынышы керек эле. Мыйзам экинчи окуудан өтүп, үчүнчү окуудан өтпөй турат деп жатышат. Эгер ошол мыйзам кабыл алынса, дароо күчүнө кирип иштей баштайт. Өз каалоосу менен төгүп жаткандар бар. Анын так суммасын сурай алган жокмун. Каражат чогулуп калды. Бир топ эле кишилер келип төгүп атат. Аттарын азыр айтууга болбойт. «Өз каалообуз менен төгүп жатабыз, атыбызды айтпай эле койгула» дегендер да бар экен. Эми анын баарын кийин отчёт менен беребиз. Бирок аты-жөнүн ачыкка чыгарбайбыз», - деди Жапаров.

5-6-октябрдагы тополоңдон кийин бийликтин эки бутагын колго алган Садыр Жапаров 21-октябрда өлкөдө экономикалык мунапыс жарыялап, буга бир айлык мөөнөт коюлганын маалымдаган эле. Ал ушундай жол менен бюджетти толтуруп, өлкөдөн чыгып кеткен мыйзамсыз капиталды кайтаргысы жана көмүскө бизнестин ресурстарын толугу менен мыйзамдаштыргысы келгенин жарыялаган.

Вице-премьер-министр болгон Максат Мамытканов экономикалык мунапыстын алкагында аткарылган иштер тууралуу мындайча комментарий берди:

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

«Биз өкмөт катары саясий эркибизди көрсөттүк. Мунапыс жарыяладык. Калганын коомчулук чечсин. Бир ай өтө кыска. Аны талдап чыгыш керек. Бир айда кандай жыйынтык болгонун көрөбүз. Эгер зарылчылык болсо, мөөнөтүн дагы узартыш керек. Коомчулук мунун мааниси жок десе, анда ал башка маселе. Ал эми мунапыстан чогулган акча эсепте турат. Соттун чечими жок эч жакка бөлүштүрүлбөйт. Экономикалык мунапысты ишке ашырыш үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Ошонун алкагында иштеп жатабыз».

Экономикалык мунапысты ишке ашыра турган механизмдерди иштеп чыгыш үчүн өкмөттүн алдында атайын комиссия түзүлгөн. Эгерде кимде-ким кертип кеткен каражаттарын кайтарып берсе, анда ага административдик жана экономикалык кечирим берилет. Ал эми экономикалык мунапысты пайдаланбагандарга мыйзам чегинде катуу чара көрүлөрү кабарланган.

Публицист Мүсүркул Кабылбеков - азыркы бийлик жарыялаган экономикалык мунапысты «талап-тоноону калкалоо» деп сындагандардын бири.

Азыркы бийликтин бул кадамы күмөндүү ойго жетелейт

«Биз түшүнүксүз укуктук жана экономикалык жагдайда жашап жатабыз. Учурда эл шайлаган президентибиз жок. Өкмөт туруктуу иштеген жок. Бийликти басып алышты. Шайлоо легитимдүү боло элек. Эл аралык коомчулук азыркы бийликти тааныбай жатат. Ушундай учурда жарыяланган экономикалык мунапыс шек жаратат. Каракчылыкты мамлекет жаап-жашыргандай сезилүүдө. Экономикалык мунапыс тууралуу мыйзам долбоору болушу керек эле. Мунапыс кимдер үчүн иштейт, кимдерге аны таптакыр колдонууга болбойт? Ушул сыяктуу конкреттүү эрежелер жазылышы керек. Бардыгы ачык-айкын болушу шарт. Бирок азыркы бийликтин бул кадамы күмөндүү ойго жетелейт. Ошондуктан мындай экономикалык мунапыстын кереги жок», - деди ал.

Кыргызстанда эң коррупциялашкан тармак катары күч түзүмдөрү, анын ичинде сот, прокуратура, текшерүүчү органдар айтылып келе жатат. Садыр Жапаров алардын башчыларын алмаштырганы менен бул тармактарды реформалоо боюнча сунуштарын айта элек. Ушундан улам күч түзүмдөрүнүн коррупцияга каршы күрөшү канчалык жыйынтык берери тууралуу суроо койгондор бар. Буга аталган мекемелердин кайсы кылмыш ишинен канча зыян келгенин, миллиондогон каражаттардын казынага кайтарылышынын жол-жобосун түшүндүрбөй жатканы да себеп болууда.

5-6-октябрда башаламандык учурунда түрмөдөн чыгып, сотто шашылыш акталган Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалып, кийин президенттин милдетин аткара баштаган. Жапаров 10-январга белгиленген президенттик шайлоого катышуу үчүн мамлекет башчынын милдетин аткаруучу кызматын 14-ноябрда өткөрүп берген, премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон.

Президенттин милдетин учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов аткарып жатат.

XS
SM
MD
LG