Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:23

Ош мэриясына иш козготкон жер чатагы


Ош шаарынын мэри Таалайбей Сарыбашов менен ишкер Нурбек Осмонов Кең-Сай массивинде.
Ош шаарынын мэри Таалайбей Сарыбашов менен ишкер Нурбек Осмонов Кең-Сай массивинде.

Ош шаардык прокуратурасы «Кыргыз Текстил ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомуна Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Кең-Сай массивинде жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча сотко чейинки териштирүүнү баштады.

Анын негизинде шаар мэриясынын кызматкерлерине 25 гектар жерди сатууда кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген кине коюлууда. Айып тагылган кызматкерлер тууралуу маалымат айтыла элек.

Мэрия жана жерди сатып алган ишкер Нурбек Осмонов бул айыптоого негиз жок экенин жүйө келтиришти.

Кең-Сай массивиндеги 25 гектар жердин сатылышына байланыштуу иш Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилген. Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Эрмек Асанов билдирди.

Кең-Сайга курулуп жаткан ишкана.
Кең-Сайга курулуп жаткан ишкана.

Эрмек Асановдун айтымында, 2020-жылдын 4-сентябрында Ош шаарынын вице-мэринин №233 токтомунун негизинде муниципалдык 25 гектар жер аянты 2,5 миллион сомго түз сатылып, бирок акы төлөнө электе «Кыргыз Текстил ЛТД» ЖЧКсынын менчиги экенин тастыктаган мамлекеттик акт берилген.

«Ош шаардык прокуратурасынын жүргүзгөн текшерүүсүндө жер аянтынын нарктык базар баасы 72 миллион сомду түзөрү аныкталып, айырмасы 69 миллион 500 миң сомго аз көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин Ош шаардык мэриясынын бюджетине түз сатып алууда көрсөтүлгөн 2,5 миллион сом төлөнбөй туруп, мамлекеттик акты берилгендиги тастыкталган. Натыйжада, Ош шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мамлекетке өзгөчө ири суммадагы зыян келтирилген. Бул факты 2020-жылдын 11-ноябрында Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө амалдары башталды».

«Кыргыз Текстил ЛТД» компаниясы бул жер тилкесин менчикке алганга чейин эле ижарага алып иштетип келген. Менчиктештирүүдө да эч кандай мыйзам бузулбаганын Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов билдирди:

Жасур Азимов.
Жасур Азимов.

«Эч кандай мыйзам бузулган жок. Баары мыйзам чегинде болду. Ал жерге чоң завод курулуп, 7-8 миңдей адам иш менен камсыз болмок. Завод ишке кирсе, 70 миллион эмес миллиарддаган кирешелер түшө баштайт. Сумманы эки-үч киши отуруп алып эле чыгарбайбыз. Тендерден утуп келген киши баалап берген. Ошол жерге килейген завод куруп койсо, биз кантип аукционго беребиз?».

«Жерди акысыз эле берсе болмок»

Жерге, «Кыргыз текстил ЛТД» ишканасына ишкер Нурбек Осмонов ээлик кылат. Ал инвестор таап, алардын койгон шартына ылайык ушул жер тилкесин текстиль фабрикасын куруу үчүн сатып алган. Ишкана курууга 38 миллион доллар инвестиция салынганы мурда кабарланган. Осмонов дүйнөлүк тажрыйбаларда 7-8 миңдей жумуш орунду түзүп жаткан мындай ири долбоорлор үчүн мамлекет жерди акысыз бере турганын белгиледи:

«Дүйнөлүк практикада өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде андай жерлерди мамлекет акысыз берет. Анын үстүнө Ош шаарындагы аябай чоң, көп жумуш оруну түзүлө турган жер. 2,5 миллионго сатпай, бизге акысыз берип, жеңилдиктерге барыш керек болчу».

Осмонов Ош шаарынын Кең-Сай массивинде жайгашкан фабрикасы менен президент Сооронбай Жээнбековду тааныштырып жаткан учуру. 9-сентябрь, 2020-жыл.
Осмонов Ош шаарынын Кең-Сай массивинде жайгашкан фабрикасы менен президент Сооронбай Жээнбековду тааныштырып жаткан учуру. 9-сентябрь, 2020-жыл.

Ишкер прокуратура жерди 72 миллион сомго кымбат баалап жатканын белгиледи.

Жергиликтүү байкоочулардын бири Айбек Таалайбек уулу бул окуяны шаар бийлиги менен ишкердин жең ичинен бүтүргөн ишинин тыянагы катары эсептейт.

Айбек Таалайбек уулу.
Айбек Таалайбек уулу.

«Мэриянын жең ичинен соодалашканы көрүнүп жатат. Кагаз жүзүндө "мынча деп коёлу, чынында мынча" деген. Кыргызстанда көптөгөн жарандар өмүрүндө бир жолу да жер тилкеге жетпей өздөрү менен өздөрү оокат кылып жатканда биздикилер арзыбаган акчага жеке жактарга берип жатабыз».

Саясий кызыкчылык же мэрияга карата басым

Анткен менен бул ишти ишкердикке тоскоолдук кылуу, кайсы бир кызыкчылыктар үчүн жасалган иш деп жоромолдогондор да бар.

Журналист Арген Нуров прокуратуранын жер сатылгандан кийин гана тергөө ишин баштаганын сындады.

«Түштөн кийин баатыр. 27 гектар Кең-Сайдан жер сатылып жатканда каякта эле? Түз келишим менен ички инвестор келсе, ага жер берсе эмнеге болбойт? Мыйзамсыз болсо мыйзамдуу жолун сунуш кылбайбы? Ушундай ишти көрүп, бирок убагында үндөбөгөн прокуратуранын өзүнө кылмыш козгосо болбойбу?».

Саясат жана экономика жаатындагы эксперт Эркин Абдразаков Ош шаардык мэрисынын кызматкерлеринин үстүнөн тергөө ишинин ачылышы калаа бийлигине бир жагынан басым болсо, экинчи жагынан шайлоо алдындагы борбордук бийликтин таасирин күчөтүү аракети деген пикирде.

«Саясий буйрук экени көрүнүп эле турат. Ачык эле "басым" деп айтсак болот. Анткени өлкө боюнча Ош шаардык мэриясынын ишине коомчулуктун көзү түз. Ош негизи талапкерлер үчүн добуш алууга ыңгайлуу аймак. Мурунку шайлоодо №2 форма менен бир топ болдук. Өздөрүнө пайдалуу жагына келгенде мыйзам бузуулар көрүнүп турса да унчукпай койгон. "Кызматынан аша чаап пайдаланды" дегенди акыркы убакта "дүжүр" берене катары колдонуп калышты».

Фабрикага ээлик кылган Айбек жана Нурбек Осмоновдор «Ихлас» соода маркасына ээлик кылган бир нече курулуш компаниялардын ээси. Ага-ини Ош шаарында электромобиль чыгаруучу завод, текстиль фабрикасын, Баткенде өрүктү кайра иштетүүчү завод жана текстиль фабрикасын курушкан.

Кең-Сай аймагы.
Кең-Сай аймагы.

Кең-Сай аймагындагы бул текстиль фабрикасынын курулушун Сооронбай Жээнбеков Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун коштоосунда быйыл 9-сентябрда көрүп кеткен.

Нурбек Осмонов жана анын бир тууганы Айбек Осмонов ишкерчиликтен сырткары «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүлөрү болуп саналат. Алар быйылкы парламенттик шайлоодо алгач ушул партия менен аттанып, кийин «Ыйман Нуру» партиясына ооп кетишкен. Бир туугандар кийин «Ыйман Нуру» партиясы менен да шайлоого барбай калган.

XS
SM
MD
LG