Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Москва: Мамытовдун сапары, кыргыздардын акциясы


Москвадагы кыргызстандыктардын акциясы. 7-декабрь, 2020-жыл
Москвадагы кыргызстандыктардын акциясы. 7-декабрь, 2020-жыл

7-декабрда президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов Москвадагы иш сапарынын алкагында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул Кыргызстандын жетекчилигинин октябрда бийлик алмашкандан берки эң жогорку деңгээлдеги биринчи чет элдик расмий сапары.

Кыргыз делегациясы жолугушууда эмгек мигранттары үчүн аба жана темир жол каттамдарын көбөйтүп, чек ара көзөмөлүндөгү каратиндик чектөөлөрдү алууну өтүндү.

Спикер Мамытов орусиялык кызматташы Володин менен жолугушканда пандемия маалында мигранттарды Кыргызстанга кайтарууга көрсөтүлгөн жардамга ыраазычылык айтып, эми кайрадан эки тараптуу аба каттамдарын көбөйтүүнү суранды:

«Коронавирус жайыла баштаганда Орусия тараптын көрсөткөн зор жардамы үчүн терең ыраазчылык айтам. Гуманитардык жардам, Орусияда жүргөн биздин жарандарга миграциялык жеңилдиктер, аларды эвакуациялоодо көрсөтүлгөн көмөк жана биздин жүк ташуучулардын транзиттик жол аркылуу өтүп кеткени үчүн рахмат айтам. Өз маалында жөнөтүлгөн медицина адистеринин практикалык жана консультациялык жардамы менен биз вирус күч алган кезден өтүп кеттик».

Мамытов парламенттер ортосундагы кызматташтыкты жогорку деңгээлде баалап, кыргыз тарап аны мындан ары да арттырууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Ал COVID-19 пандемиясы Кыргызстан менен Орусиянын Кайчылаш жылынын алкагында мерчемделген иш-чараларды өзгөртүүгө мажбур кылганын өкүнүү менен белгиледи. Буга байланыштуу калган иш-чараларды эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин улантууну, ал эми анын жабылыш салтанатын 2021-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү сунуш кылды.

Мамдуманын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча Володин өз кезегинде миграция жана чек арага байланыштуу маселелерди КМШ мамлекеттеринин ишин караган комитетке тапшырган.

Володин Кыргызстанда орус тили расмий макамга ээ болгондуктан, кыргыз мигранттарына Орусияда жумуш табуу жеңил болуп жатканын баса белгилеп, интеграцияда туура багыт алуу зарылдыгына токтолду:

«Европада төшөлгөн килемдерге карабай ал жакта КМШ жарандарын кучак жайып эч ким күтүп аткан жок. Келечек – интеграцияда. Ар кандай факторлорду эске алып, кайсы мамлекеттер менен биригүү маанилүү экенин түшүнүш керек. Эч кимди таарынткым келбейт. Кээ бир мамлекеттердин айрым саясатчылары интеграция жөнүндө кеп козголгондо дароо АКШ тарапка бурула башташат. Ал эми оорчулук келгенде түз эле Орусияга кайрылышат».


Володин Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү аракеттерине токтолуп, Орусиянын тажрыйбасы менен бөлүштү.

Быйыл жыл башында Орусия президенти Владимир Путин конституциялык өзгөртүүлөрдү сунуш кылып, жалпы элдик добуш берүү июндун соңунда бир жума бою өткөрүлгөн.

Путиндин мурдагы президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарып, 2024-жылдан кийин да эки жолу президенттикке шайланууга жол ачып, орус президентинин ыйгарым укуктарын да кыйла кеңейткен бул мыйзам өзгөртүүлөрү жер-жерлерде тынбай өткөн массалык митингдер менен коштолгон.

Жыйынтыгында Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүгө шайлоочулардын 65% катышып, алардын дээрлик 78% Путиндин конституциялык түзөтүүлөрүн колдогонун жарыялаган.

Талант Мамытов менен Вячеслав Володин.
Талант Мамытов менен Вячеслав Володин.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тараптар парламенттер аралык кызматташтык жана саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык маселелерди да талкуулашканын кабарлаган. Бирок карантин чараларына байланыштуу жолугушуу чакан топто өтүп, анын жыйынтыгы басма сөз кызматтарынын билдирүүлөрү менен чектелди.

Конституцияны өзгөртүүгө каршы жүрүш

Ал арада Москвада кыргызстандыктар Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы акция өткөрүштү. Ал Мамытовдун сапарына тушташ болду.

Акцияны кыргызстандык мигранттардын «Ак ниет» кыймылынын мүчөлөрү 7-декабрда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын алдында уюштурушту. Ал коронавируска байланышкан карантиндик чектөөлөрдөн улам кыска мөөнөттөгү жөө жүрүш формасында өттү.

Нааразылык жүрүшүнүн жөнүн кыймылдын төрайымы Динара Чолпонова минтип түшүндүрдү:

«Баш мыйзамды мөөнөтү бүткөн парламенттин VI чакырылышынын депутаттары, мөөнөтү бүткөн спикер менен өзгөртүү туура эмес. Ушул чакырылыш менен Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алууга биз каршыбыз. Эл өзүнүн татыктуу, билимдүү деген өкүлдөрүн Жогорку Кеңешке шайласын. Ошолор карап, ар бир мыйзамды кабыл алаарда элге тааныштырып, талкуулашсын. Президенттик шайлоонун алдындабы же кийинби, сөзсүз түрдө парламенттик шайлоо өтүшү керек. Азыр эми «Текебаевдин Конституциясы жаман» деп жатышат. Жакшы болобу, жаман болобу, азыр жаңы депутаттар тандалып, шайланып келиши керек. Ошолор «бир мандаттуу шайлоо» же «президенттик өлкө бололу» дейби, мыйзамдарды ошолор кабыл алышсын. Азыркы парламенттин эч нерсеге акысы жок. Бүгүн биздин плакаттарга «Этот парламент просроченный» деп атайын жаздым. Орустар түшүнсүн дедим. 4-октябрда эл ушул депутаттар «кетсин» деп көтөрүлүш жасаган. Анан ушулар бизге кайра Баш мыйзам жазабы?!»

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов баштаган кыргыз парламентинин өкүлдөрү Бактыбек Турусбеков, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Салайдин Айдаров, Гюльшат Асылбаева жана Өмүрбек Бакиров Москвага 6-декабрда үч күндүк сапар менен келишкен.

Бул сапар Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин өлкө жетекчилигинин эң жогорку деңгээлдеги биринчи чет элдик расмий сапары.

4-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар жана алардын тарапкерлери митинг уюштуруп, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү көпчүлүк Жогорку Кеңеш, президенттин аппараты жайгашкан имаратты ээлеп алып, камакта отурган саясатчыларды бошоткон.

Ошол окуялардан соң 2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берген. Кийин мамлекет башчынын милдетин 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министрлик кызматка бекиткен Садыр Жапаров аткарып калган.

Ал эми Садыр Жапаров Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында өтчү президенттик шайлоого катышарын жарыялап, президенттик кызматын 14-ноябрда өткөрүп берген соң, мыйзамга ылайык, анын ыйгарым укуктарын спикер аткарып жатат.

22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору жыйынга катышкан 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен дароо үч окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна ушул күнү келип түшкөн.

Бул шашылыш кабыл алынган документке ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалышы керек.

Кыргызстандагы айрым депутаттар, жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин өз ыйгарым укуктарын узартып алган чечимин мыйзамсыз деп санап келишет.

XS
SM
MD
LG