Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:30

Бишкекте референдумга каршы жүрүш өттү


Бишкекте өткөн жүрүш. 6-декабрь, 2020-жыл.
Бишкекте өткөн жүрүш. 6-декабрь, 2020-жыл.

Бишкекте 6-декабрда ондогон жарандык активисттер "Мыйзамдуулук үчүн!" деп аталган кезектеги тынчтык жүрүшүнө чыгышты.

Алар бийлик башындагылар референдум өткөрүү менен өлкөдө авторитаризмди орнотууга аракет кылышууда деп сындап жатышат.

«Бийликти узурпациялоого жана мыйзамсыздыкка каршыбыз» деген ураандын астында биригишкен жарандык активисттер беш жумадан бери ар жекшемби сайын тынчык жүрүшүнө чыгып жатышат.

Бул жолку жүрүштө 10-январда президенттик шайлоо менен кошо мамлекеттик башкаруу формасын тандап алуу үчүн референдум өткөрүү демилгесине каршы чакырыктарга басым жасалды.

«Баштан башта» кыймылынын негиздөөчүсү, акциянын демилгечиси Улан Үсөйүн буларды айтты:​

«Биринчи «Ханституция» деп аталган марш өткөндөн кийин Конституциянын долбоорун артка алышты. Эми булар башка жагы менен буйтап өткөргөнү жатышат. Элге парламенттик же президенттик башкаруу боюнча тандоо беребиз деген шылтоо менен башка маселени көтөрүп жатышат. Ушундай марш өткөрө берсек алар оюн өзгөртөт. Себеби, бул жакка чыккандар да элдин бөлүгү. Алар көз карашын айтканы кадыресе көрүнүш».

Ондогон шаар тургундарынын, активисттердин арасында саясатчылардан Бектур Асанов, Клара Сооронкулова, Руслан Акматбек, укук коргоочу Рита Карасартова болду.

Бектур Асанов саясатчылар 10-январда референдумду өткөрбөөгө каршы турушу керек экенин билдирди.

«Мыйзамдарды тебелеп, Конституцияны өзгөртүүгө аракет кылып жатышат. Эми референдумду алып чыгабыз деп жатышат. Бул да мыйзамсыз. 10-январда бир гана президенттик шайлоо болушу керек. Буга баарыбыз катуу турушубуз зарыл».

Жүрүшкө чыккандар Бишкектеги темир жол бекетинин алдында чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу борбордук аянтка жөө жүрүш менен барып, андан ары тарап кетишти.

«Баштан башта» кыймылы демилге кылган акциянын катышуучулары Конституцияны өзгөртүүгө, өлкөдө авторитаризмди орнотууга каршы болгонун айтып, мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылып, ушул өңүттө кыргыз жана орус тилдеринде чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп басышты.

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров жарандарды мындай акцияларга жигердүү катышууга чакырды.

«10-январда президенттик таза шайлоо өтсүн. Алар өздөрүнө ыңгайлуу кылып, эки чоң саясий маселени чечип алгысы келип жатат. Менин түшүнүгүмдө экөө эки башка маселе. Жалпы шайлоочуларга кайрылам, 10-январда референдум деген жерди жоопсуз калтыргыла», - деди Токтонасыров.

3-декабрда Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда караган. Бирок, жыйынга 30дан ашык гана депутат катышкандыктан, документти добушка коюу үчүн кворум болбой калган.

Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров демилгелеп чыкты. Сооронбай Жээнбековдун тушундагы бийликтин учурунда бул мыйзам долбоорунун ээси мурдагы парламент депутаты Курманкул Зулушев болгон. Талкууга катышып отурган президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов референдумду сындап чыккан депутаттарга жооп берип, элге мамлекеттик башкаруу системасын тандоого мүмкүнчүлүк берилип жатканын белгилеген.

«Биринчи чечип албайлыбы. 30 жылдан бери биринчи жолу эл өзү чечсин деп чыгарып жатабыз. Мыйзамдын тили менен айтканда эл чечкенден кийин гана силер президенттин, парламенттин укугу кандай болорун аныктайсыңар», - деди Калматов.

4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан улам өлкөдө бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешменин жетекчилиги бүтүмүн 15-20 күндө чыгарып берерин айткан. Бирок кийин өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген Садыр Жапаров шашуунун зарылчылыгы жок экенин айтып, референдумга башкаруу системасын аныктоо тууралуу суроону гана чыгарса туура болорун айткан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG