Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Марат: АКШнын «кара тизмесине» адам укугун бузгандар да кирет


Эрика Марат.
Эрика Марат.

АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго санкция cалды.

Коррупция менен күрөштүн эл аралык күнүн утурлай мурдагы аткаминер Вашингтондо ири жемкордук системага катышы бар адам катары таанылып, “Магнитскийдин акты” деп аталган “кара тизмеге” кошулду.

Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат «Азаттыктын» "кара тизмеге" байланыштуу суроолоруна жооп берди.

- АКШнын мурдагы кыргыз аткаминерин “Магнитскийдин акты” деп аталган “кара тизмеге” кошкону эмнени билдирет?

- Матраимовдун “Магнитскийдин глобалдык актысына” илингени - мындан ары ал Кошмо Штаттарга кире албайт дегенди билдирет. Ошондой эле Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө кирүүдө да кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Дагы бир маанилүү жагдай, АКШдагы жана ага байланышы бар жактардагы активдери камакка алынат. Бул - банк активдери, кыймылсыз мүлк жана башка инвестицияга тиешелүү.

- Вашингтондун мындай чечиминин кыргыз-америка алакасына таасири кандай болушу мүмкүн?

Байдендин администрациясы азыр эле эл аралык коррупцияга каршы күрөш катуу жүрө турганын жарыялады. Ал клептократтар менен коррупционерлерди гана камтыбайт, ага Кыргызстанда адам укугун бузган аткаминерлер да кирип калат.

- Баары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана учурдагы өкмөтүнүн акыркы чечимге карата мамилесине көз каранды деп ойлойм. Алар муну коррупцияга каршы күрөш катары кабыл алабы же Кошмо Штаттардын өкмөтүнүн кайсы бир саясий жүрүшү катары мамиле кылышабы? Ушул маселе маанилүү.

- Расмий Бишкектин буга чейинки кадамдарын эске алуу менен кандай кадамга барарын күтөсүз?

- Менимче, Тышкы иштер министрлиги кыйын кырдаалга кабылды. Бир тарабынан Кыргызстандын жаңы лидери Садыр Жапаров жемкорлукка каршы, анын ичинде Райымбек Матраимовдун коррупциялык схемаларына каршы күрөш жарыялаган. Матраимовду “Магнитскийдин тизмесине” киргизүү менен АКШ коррупциялык схемалардын бетин ачууга жардам берип жатат.

Тышкы иштер министрлиги Американын Кыргызстандагы элчилигине жакында эле нааразылык билдирген, андыктан алардын мындан кийинки кадамы кандай болорун айтуу кыйын.

Кыргыз бийлиги бул кырдаалды өз пайдасына колдонуп, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатканын билдирүү менен эл аралык коомчулукка, Кыргызстандагы жарандык активисттерге, маалымат каражаттарына жемкорлукка каршы күрөштө көмөктөшкөнү үчүн ыраазычылык билдириши зарыл.

- Буга чейин АКШ бийлиги кримтөбөл Камчы Көлбаевди “кара тизмеге” киргизди эле. Ал эми Матраимов мурдагы аткаминерлер ичинен “Магнитский тизмесине” биринчи болуп кирип атат. Бул жерде кандайдыр бир байланыш барбы?

Кыргызстандын жаңы лидери Садыр Жапаров коррупцияга каршы, анын ичинде Райымбек Матраимовдун жемкорлук схемаларына каршы күрөш жарыялаган. Матраимовду “Магнитскийдин тизмесине” киргизүү менен АКШ коррупциялык схемалардын бетин ачууга жардам берип жатат.​

- Мен бул эки адамдын ортосундагы эч кандай байланышты көргөн жокмун. Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимов эки башка тизмеде экенин айырмалай билүү зарыл. Матраимов кирген “Магнитскийдин тизмесине” баары эле кире бербейт. Буга чейин тизмеде Борбор Азиядан мурдагы өзбек президенти, маркум Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова гана бар болчу. Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги кайсы бир адамды “Магнитскийдин тизмесине” киргизүү үчүн олуттуу далилдерди талап кылат. Өз булактарыман маалым болгондой, Матраимовду бул тизмеге киргизүү чечими өтө кыска убакытта кабыл алынган. Анткени анын коррупцияга байланышы тууралуу далилдер жетиштүү эле.

Ал эми Көлбаевди алсак, аны “Магнитскийдин тизмесине” киргизбейт, анткени ал эч качан мамлекеттик кызматта иштеген эмес. “Магнитский актына” мурда-кийин өкмөттүк кызматтарда иштегендер кирет. Бирок Көлбаев эл аралык кылмыш топторунун өкүлү катары көптөн бери эле америкалык бир катар мекемелердин, анын ичинде Мамлекеттик департаменттин “кара тизмесинде” турат. Бирок бул жерде экөөнүн ортосунда байланышты көрбөй турам.

- Ушул тапта Кыргызстанда саясий кырдаал курч бойдон турат. Жарандык коомго, көз карандысыз медиага басым-кысым күчөдү. Матраимов фактору эркин журналистикага жана жарандык коомго кандай таасир этиши мүмкүн?

- Бул кыргыз өкмөтүнө эң маанилүү сабак. Биринчиден, Кыргызстандын ичинде жана сыртында өтө адискөйлүк менен журналисттик иликтөөлөрдү жасоого болорун көрсөттү. Мындай иликтөөлөр Матраимов сыяктуулардын көмүскө иштеринин бетин ачууда аба менен суудай зарыл. Эми журналисттер мындан ары дагы токтоп калбай, бул тармакта ишин улантып, калемин курчута берет. Экинчиден, ошондой эле Кыргызстанда эл аралык байланыштары жакшы, бутуна бекем турган жарандык коом бар. Алардын АКШдагы, Европа Биримдигиндеги өнөктөштөрү Матраимов сыяктуу фигуралардын бетин ачуу үчүн көпчүлүктүн колу жетпеген маалымат топтоого ишенимдүү көмөк көрсөтүп берет.

Үчүнчүдөн, кыргыз өкмөтү өлкөдө эркин маалымат каражаттары менен жарандык коомдун байланышы ушундай тыгыз экенин аңдашы абзел. Алардын Батыштагы өнөктөштөрү менен да маалымат алмашуусу, өз ара ишеними бекем болгондуктан, АКШ мындан ары дагы клептократтарга чара көрүүнү улантат. Матраимов Кыргызстанда мындай “кара тизмеге” кирген биринчи гана аткаминер. Бул ишти Байдендин администрациясы улантат.

20-январда расмий кызматка кирише турган Байдендин администрациясы азыр эле эл аралык коррупцияга каршы күрөш катуу жүрө турганын жарыялады. Бул күрөш аёосуз мүнөздө болот, башкача айтканда процесс кетти. Ушул тапта жаңы иштерди карай башташты. Ал клептократтар менен коррупционерлерди гана камтыбайт, ага Кыргызстанда адам укугун бузган аткаминерлер да кирип калат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG