Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Европа соту Магнитскийдин өлүмү үчүн Орусияны айыпка жыкты


Магнитскийдин элесине коюлган гүлчамбар.
Магнитскийдин элесине коюлган гүлчамбар.

Адам укуктары боюнча Европа соту «Hermitage Capital» фондунун мурдагы юристи Сергей Магнитскийди мыйзамсыз камаганына жана анын өлүмүнө байланыштуу Орусияга 34 миң евро өлчөмүндө айыппул салды. Сот Орусия Магнитскийдин ишин калыс, ачык кароо укугун бузган жана анын өлүмүнүн натыйжалуу иликтенишин камсыз кылган эмес деп тапты.

Британиялык «Hermitage Capital» фондунун юристи Сергей Магнитский 2008-жылы камакка алынган жана ага «салык төлөөдөн качкан» деген айып коюлган. Ал тергөө абагында отурганда 37 жашында каза тапкан. Магнитскийдин жактоочулары анын ишин саясий буюртма менен байланыштырып келишет. Анткени юрист ага чейин Орусиянын Ички иштер министрлигинде, Федералдык коопсуздук кызматында мамлекеттик ири каражаттардын уурдалышынын бетин ачкан.

Магнитскийдин өлүмү Орусия менен Батыш мамлекеттеринин мамилесинин начарлашына алып келген. Атайын «Магнитский» деген тизмелер түзүлүп, орусиялык аткаминерлерге санкция салынган.

XS
SM
MD
LG