Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Алканова: Матраимовду «кара тизмеге» киргизип, АКШ бийлиги эки жүздүү саясат жүргүзүүдө


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

АКШ Райымбек Матраимовду «Магнитский тизмесине» киргизгенине байланыштуу Матраимовго таандык деп айтылып жүргөн «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, бул партиянын тизмесинде парламенттик шайлоого катышкан Элнура Алканова пикирин билдирди. Ал коррупцияга байланыштуу Матраимовду гана «кара тизмеге» киргизгени - АКШ бийлигинин эки жүздүү саясаты деп эсептейт.

«Матраимов Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи болгон эмес. Төраганын орун басары болгон. Малабаев, Кулматов деген жетекчилер отурган. «Азаттык» төрт иликтөө жасап, бирөөндө да алар тууралуу ооз ачкан эмес. Матраимовдун маселесин көтөрүп жатканда башка жетекчилердин маселеси көтөрүлгөн эмес. АКШ бийлиги сот өкүмү чыга элек Матраимовду «Магнитский тизмесине» киргизди, ал эми коррупция үчүн айыпталып, соттун өкүмү чыккан Аскарбек Шадиев ошол эле Америкада жашап жүрөт. Эмне үчүн аны кара тизмеге киргизбейт? Ошондуктан бул АКШнын эки тараптуу, өз кызыкчылыгын коргоо саясаты, кызыкчылыктарынын алкагындагы иш деп эсептейм».

Алканова 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде сегизинчи орунда турган жана шайлоо өнөктүгүндө партиянын өкүлү болгон.

АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго санкция киргизди. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматта Матраимовго салынган санкция коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүндө АКШнын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офиси (OFAC) Африка жана Азиянын айрым мамлекеттериндеги жемкорлорду жана алардын байланыш чөйрөсүн көзөмөлгө алып жатканы белгиленген.

АКШ элчилиги Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду «кеминде 700 миллион АКШ долларын аткезчилик жол менен Кыргыз Республикасынан алып чыгуу схемасына катышкан» деп мүнөздөгөн.

Ошондой эле бул схема бир компанияны колдонууга жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качууга жол бергени да белгиленген.

«Магнитский актына» киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлк менен финансылык активдери камакка коюлат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө кеңсесине берилет. Мындан тышкары камакка коюлган мүлккө түз же кыйыр, 50% же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактардын үлүшү да камакка коюлат. Ал кеңсенин мыйзамдык актылары америкалык жарандардын санкцияга киргендер менен кандайдыр бир мүлктүк же мүлккө байланышкан операцияларына катышуусуна тыюу салат. Ошондой эле «кара тизмеге» илинген адамдын кызматын көрүүгө же ага кызмат көрсөтүүгө, каражат же товар менен камсыз кылууга, ошондой эле салым, каражат же товар алууга тыюу салынат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG