Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Саясатчылар тобу: Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышпашы керек


Ишенбай Кадырбеков, Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Бектур Асанов жана Мамбетжунус Абылов. Бишкектеги басма сөз жыйыны. 9-декабрь, 2020-жыл.
Ишенбай Кадырбеков, Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Бектур Асанов жана Мамбетжунус Абылов. Бишкектеги басма сөз жыйыны. 9-декабрь, 2020-жыл.

Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн саясатчылар Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Бектур Асанов, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков жана коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар жыйында Садыр Жапаровдун президенттик шайлоого катышуусун чектөөнү талап кылышты.

Чогулгандар Жогорку Кеңештин төрагасы президенттик милдетти аткаруудан баш тарткандан кийин, мыйзам боюнча аны премьер-министр аткарышы керек экенин белгилешти. Мындай жагдайда президенттин милдетин аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаровдун ал милдетти кайра Жогорку Кеңештин төрагасына өткөрүп бергени мыйзамсыз деп баалашты. Алар Жапаров президенттик милдетти аткаргысы келбесе, премьер-министрликтен биротоло кетиши керек болчу деп эсептешет.

Саясатчылар ошондой эле Садыр Жапаровдун шашылыш акталып, шайлоого баратканын сынга алып, ошол эле убакта саясий буюртма менен соттолгон башка талапкерлерге чектөө коюлуп жатканын айтышты. Алар Жапаровду талапкер катары каттабоо тууралуу БШКга арыз жазганын да маалымдашты.

Садыр Жапаров же анын мыйзамдуу өкүлдөрү бул дооматтарга комментарий бере элек.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрда Бишкекте болгон нааразылык акциялары ири башаламандыкка айланган. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана Жогорку Кеңештин имаратын талкалап, басып алган. Бул окуялар өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. Мамлекет башында турган Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда ишин толук өткөрүп берген.

Ошол учурдагы парламент төрагасы Канатбек Исаев бул милдетти аркалоодон баш тарткандан Садыр Жапаров президенттин милдетин аткара баштаган. Аны башаламандык учурунда тарапкерлери түрмөдөн чыгарып, сотто шашылыш акталган Садыр Жапаров анын алдында өкмөт башчылыкка дайындалган эле.

Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн президенттик милдетти 14-ноябрда өткөрүп берген, премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон. Учурда президенттик милдетти Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, премьер-министрлик милдетти биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков аткарууда.

2021-жылдын 10-январына белгиленген мөөнөтүн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуу ниетин 65 киши билдирген. Боршайкомдун маалыматына караганда, алардын ичинен 21 жаран шайлоочулардын кол тамгалары коюлган баракчаларды тапшырды.

БШК 14-декабрга чейин алардын документтерин текшерип, талапкер катары каттоо же каттабоо тууралуу чечим кабыл алат.

Президенттик жарышка аттангандардын арасында басма сөз жыйынына катышкан саясатчылар Адахан Мадумаров менен Канатбек Исаев да бар. Дагы бир саясатчы Бектур Асановдун соттуулугу жоюлбаганына байланыштуу анын президенттик шайлоого талапкер болуу тууралуу арызын БШК кабыл алган эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG