Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Жапаровду жарыштан четтетүү жөнүндө талап


Ишенбай Кадырбеков, Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Бектур Асанов жана Мамбетжунус Абылов. Бишкектеги басма сөз жыйыны. 9-декабрь, 2020-жыл.
Ишенбай Кадырбеков, Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Бектур Асанов жана Мамбетжунус Абылов. Бишкектеги басма сөз жыйыны. 9-декабрь, 2020-жыл.

9-декабрда президенттикке талапкерлигин көрсөткөн саясатчылар Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Бектур Асанов, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков жана коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар Садыр Жапаровдун президенттик шайлоого катышып жатканын мыйзамсыз деп санашат.

"Конституциянын 68-беренеси бузулду"

Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөй, мамлекеттик кызматтар Садыр Жапаровдун пайдасына иштеп жатканына токтолду.

Канатбек Исаев
Канатбек Исаев

«Садыр Жапаров президенттин милдетин өткөрүп берип туруп шайлоого катышып жатат. Ал кызматын өткөрүп берген учурда дагы бардык артыкчылыктарга ээ болууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, Башкы прокуратурага өзүнүн партиялашын дайындап алды. Президенттин аппаратында Садыр Жапаровдун жарлыгы менен дайындалган адамдар иштеп жатат».

Сооронбай Жээнбеков кызматын өткөрүп берген 16-октябрда Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы болчу.

Мыйзам боюнча президенттин милдеттери спикерге жүктөлмөк. Бирок Канатбек Исаев мамлекет башчынын ыйгарым укуктарынан баш тартып койгону үчүн ага чейин өкмөт башчы болуп шайланган Садыр Жапаров президенттин да милдетин аткарып калган.

Садыр Жапаров шайлоого катышуу үчүн президенттик милдетти 14-ноябрда өткөрүп берген. Ал эми премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон. Учурда президенттин милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, премьер-министрлик кызматты биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков аткарууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков бул жерде мыйзам бузуу болгонун айтууда.

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

«Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын убактылуу токтотуп туруп “президенттик ыйгарым укуктарымды өткөрүп бердим” деп жатат. Бул юридикалык жактан туура эмес. Анткени президенттин ыйгарым укуктары кимдир бирөөгө берип койгондой менчик эмес. Жапаров премьер-министр болуп жаткандан кийин президенттин милдеттери андан кетпейт. Бул милдет өкмөт башчынын кызматын ээрчип жүрөт. Эгер Садыр Жапаров шайлоого катышкысы келсе, премьер-министрлик кызматтан биротоло кетиши керек эле. Демек, азыркы учурда Садыр Жапаровдун премьер-министрлик кызматы сакталып турганына байланыштуу ал шайлоого катыша албайт».

Маалымат жыйынын курган саясатчылар Садыр Жапаровду талапкер катары каттообону талап кылып, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылган.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, Садыр Жапаровго байланыштуу кайрылуу Боршайкомго түшө элек.

Бекматов аталган арызды БШКнын жумушчу тобу карай турганын айтып, Жапаров боюнча кыска гана жооп берди:

«Президентикке талапкерлер көрсөтүлүп жаткан маалда Садыр Жапаров президенттин милдетин өткөрүп берип, өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтотуп койгон. Бизге тапшырылган документтер боюнча бул жерде мыйзамга карама-каршы келген көрүнүш жок».

Президенттик шайлоого катышууга белсенип жаткан Адахан Мадумаров мыйзамдардын бузулуп жатышы шайлоонун эртеңине шек жарата турганын билдирди.

«Ишенбей Кадырбеков айтып жаткандай эч нерсеге карабай шайлоо өтө турган болсо, анда алдыдагы алты жыл ичинде “легитимдүүбү?” деген суроо “Дамоклдун кылычы” сыяктуу асылып жүрөт. Эгерде ушундай одоно мыйзам бузууга Кыргызстандын жарандары көз жуумп кое турган болсок, анда биздин эл аралык өнөктөштөрүбүз, Венеция комиссиясы эмне дейт? Маселе мына ушунда».

Боршайкомдун маалыматына караганда, башында шайлоого катышуу ниетин билдирген 65 талапкердин ичинен 20 жаран шайлоочулардын кол тамгасы коюлган баракчаларды тапшырган.

БШК 14-декабрга чейин алардын документтерин текшерип, талапкер катары каттоо же каттабоо тууралуу чечим кабыл алат. БШК бул датага чейин Садыр Жапаровдун дарегине жазылган арызды дагы карап чыгып, чечим кабыл алышы керек. Анткени үгүт иштери 15-декабрда башталганы турат.

Экинчи тарап эмне дейт?

Садыр Жапаровдун шайлоодон четтетилишин талап кылгандар Конституциянын 68-беренесин жүйө катары келтирүүдө.

Ал жерде “Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз” деп жазылып турат.

Бул беренени тараптар эки башка түшүндүрүп жатат. Президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусу боюнча штабын жетектей турган Алмамбет Шыкмаматов мындай деди:

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

«Алардын жүйөсү негизсиз. Анткени мыйзам боюнча президенттин милдетин аткаруучу гана шайлоого бара албайт. Өкмөт башчы болсо өзүнүн кызматын тапшырып берип шайлоого катыша берсе болот. Азыркы учурда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов да. Алар мыйзам бузулбаганын бизден жакшы билет. Азыр үгүт иштерин жүргүзгөнгө болбойт. Ошондуктан бүгүнкүдөй маалымат жыйынды шылтоо кылып элге көрүнүп жатышат».

Буга чейин да президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген Клара Сооронкулова, Каныбек Иманалиев баштаган саясатчылар маалымат жыйынын өткөргөн. Алар Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда Кыргызстанды кыдырып, "үгүт иштери менен алек болду" деп эсептей турганын айтышкан.

Коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев саясатчылардын кадамын саясий жүрүш катары сыпаттап жатат.

«Азыркы маалда Садыр Нургожоевичтин талапкерлиги абдан күчтүү болуп турат. Эл аны колдоп, жактырып жатат. Ал болгон милдеттерин тапшырып берген, эл катары эле жүрөт. Бул эми шайлоо алдында атаандаштар бири-бирине каршы колдонуп келген тактикалык саясий жүрүш да. Мен аларга ачык-айкын, бири-бириңерге бут тоспосоңор эл алдында жүзүңөр жарык болот деп кеңеш берет элем».

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Үгүт иштери 15-декабрда башталып добуш берүүгө бир күн калганда токтотулат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG