Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:32

Саясий система маанилүүбү же лидерби?


Кыргызстандагы конституциялык референдумга каршы нааразылык жыйыны. Бишкек. 2020-жылдын 29-ноябры.
Кыргызстандагы конституциялык референдумга каршы нааразылык жыйыны. Бишкек. 2020-жылдын 29-ноябры.

Парламенттик-президенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүүнү самагандар арбын. Бирок маселе – өкүлчүлүк органына жана башкаруучулукка сапаттуу талапкерлерди тандоо үчүн аң-сезимдүү жана жигердүү шайлоочулар катмарын жаратууда, деп эсептейт блогчу Элмурат Кочкор уулу.

«Бир өлкөнүн өнүгүүгө карай жол алуусун шарттоодо саясий система маанилүүбү же саясий кишилерби?» деген суроо, өзгөчө азыркы тапта кыйла кишини кызыктырса керек. Анткени бүгүн өлкөбүз, бир мааниде, кишиге таянган башкаруу системасы менен системага таянган башкаруунун бирин тандап алуунун астында турат.

Алгач, «Жакшы система ага жаңы кирген кишини да акырындап жакшы киши кылып алабы?» же тескерисинче «Жаман айлампага кирген жакшы киши деле убакыттын өтүшү менен жаман болуп кетеби?» деген суроого жооп издеп көрөлү. Бул суроонун жообу системанын кишиге карата болгон таасирин аныктайт. Жогорудагы суроолорго «Ооба» деп жооп берүү туура болчудай. Система белгилүү мөөнөттөн соң кишини өзүнө окшотуп аларын коомдук тажрыйбага сереп салган кишилерибиз ырасташса керек деп ойлом. Өзгөчө, жаңы дем, чоң максаттар менен астейдил мамлекеттик кызматка аттанган жаштардын көбүнүн шагы сынганына күбө болуп жүрөбүз... Эскилиги жеткен система менен иш алып барып жаткан мамлекеттик органдарга кирип, андагы иштөө табиятынан түңүлүп, этикалык, жеке кишилик принциптерин кармана албай кетип, ал жерден чыгып кеткен же кишилик идеалдарынан баш тартып, даяр айлампага эптеп илээшиштин дартына өткөн кишилерибиз абдан көп.

Бир мисал. Салыштырмалуу көбүрөөк өнүккөн өлкөгө эмгек мигранты болуп, бир топ жыл жашап келген мекендештерибиз мекенине кайтып келгенде, бир кыйла убакка чейин үйрөнүп келген этикасын сактап, маданияттуураак болуп жашоого далаалат кылаарын көрүүгө болот. Убакыттын өтүшү менен, алар жергиликтүү кылык-жоруктарга, бир аз маданий эмес көрүнүштөргө акырындап көнүп каларын да көзөмөлдөдүк окшойт. Демек, жакшы система түзүү маанилүү.

Бирок бул «Системанын жакшы болгондугу жетиштүү» деген мааниге келбейт. Жакшы системанын курулушу жана жашап кетээри жакшы адамдардан көз каранды экендигин да унутпоо керек. Бирок, бул дагы «Жакшы адам келсе эле система жаман болсо деле жакшы иштерди жасай берет» дегендин кепилдиги эмес... Демек, мамлекеттик деңгээлде өнүгүү үчүн киши ресурсу да, система да маанилүү.

Бир канаттуу жаңы учак

Соңку саясий жараянда болочок үчүн башкаруу системасын тандап алуунун тегерегинде кызуу талкуу жүрүп жатат. Кызыгы, эки тарап тең өздөрү жактаган башкаруу системасын элдин жыргалчылыгынын кепилдиги катары үгүттөп жаткандыгында болуп жатат. Кыскасы, туура башкаруу системасын тандап алганда эле саясий абалыбыз акктай жылтырап жатып кала тургандай үмүт убадаланып жаткандай сезилет.

Президенттик башкарууну тандап алганда Садыр Жапаров айткандай, парламенттик башкарууну тандап алсак эле Текебаев айткандай болуп элдин жыргап кетишине ишенүү кыйын болуп турат.

Анткени, система өзгөрүмүш болуп көрүнүп жаткан менен аны ишке салгандардын басымдуу бөлүгүн кайра эле эски аң сезимдер бийлеп калып жатпайбы.

Аныгында, туура мамлекеттик башкаруу системасын тандап алуу – саясий оңолуунун башаты катары гана кабыл алынууга тийиш. Эл саясий тагдырын тандап алган соң, аны жакшыртуу, өнүктүрүү жана ката-кемчиликтерди көзөмөлдөп туруу максатында эл өзү саясий жүрүмгө дайыма жигердүү катышып туруусу шарт.

Туура система жана туура инсан ресурсун саясий ийгиликтин эки канаты катары көрө турган болсок, анда биздин саясий жүрүмүбүз биринчи канаты менен чектелип калгандай. Өкүнүчтүүсү, аны да чала аткарып жаткандай көрүнөт. Убакыттын тардыгынан учурда саясий көчтү түзөтө турган инсан ресурсу тууралуу көп сөз болбой жатканын түшүнсө болот дейли. Бирок, эгемендүүлүктөн тартып күнүбүзгө чейинки саясий жүрүмдө деле туура кишилерди тандап алуу милдети алгылыктуу ишке ашпаптыр. Же татыктуу инсан ресурсун даярдоо саясаты жүргүзүлбөгөндөй сыяктанат. Саясий кадрлар кайсы критерийдин негизинде тандалып келгендиги барыбызга маалым. Ал эми учурдагы саясий-экономикалык жаат баш болуп бардык жааттагы ашмалтайы чыккан абал – мунун эң чоң натыйжсы жана далили.

Албетте, чынчыл, гуманист аткаминерди жетиштирүү саясат академиясында окутуу же кандайдыр бир курстан өткөрүү менен эле бышып калбайт. Кайра эле тегеренип келип, үй-бүлөдөн башталып, мектеп жана жогорку окуу жай менен бышыкталып, өмүр бою улана турган таалим-тарбия жараянына ишибиз түшүп жатат.

Мунун кыскараак, оңоюраак жолу жок деп ойлойм. Саясий жашообуздун түзөлүүсү – сапаттуу билим берүүнү камсыздоо менен гана мүмкүн болот. Жакшы саясий системаны түзүү, аң-сезимдүү шайлоочулардын колдоосу менен шайланып, алардын көзөмөлүнө туура иш алып баруунун башында жакшы киши ресурсу талап кылынары ырас. Демек, эң башка, эринбестен билимдүү жана адамгерчиликтүү урпакты жетиштирүү зарыл тура.

Бир канаттуу учак уча албайт. Андыктан, системага гана ишенип артып, киши ресурсун көмүскөдө калтырбоо шарт. Мамлекет, узак мөөнөттүү максат катары, билим берүү системасын реформалоону кечиктирбестен, бул жааттагы көйгөйлөрдү чечүүдө чечкиндүү кадамдарга баруусу абзел.

Башкаруу, башкарышуу

Адам ресурсун жакшыртуу менен кемчиликтүү жагдайды түзөө мүмкүн экенине токтолдук. Белгилей кетчү нерсе, бул жердеги адам ресурсун Ак үй менен өкмөттүк мекемелерде иштегендер менен гана чектөө чоң жаңылыштык. Саясий системанын туура иш алып баруусу бир гана Ак үй, Көк үйдөн көз каранды болбоого тийиш. Саясий системанын алгылыктуу иштөөсүнө шайлоо бүткөн соң деле салым кошо аларына ишенген шайлоочулардын көбөйүүсү зарыл.

Дүйнөлүк тажрыйбага кайрылсак, калк менен бийликтин катышы «башкаруу (to govern)» эмес «башкарышуу (governance)» таризинде болгон өлкөлөрдө иштер алгылыктуу жүрүп жатат. Башкаруу – бул бир тараптуу жараян; бир тарап экинчи тарапты башкарат. Ал эми башкарышууда – шайлоочу белгилүү платформалардын негизинде өкмөттүн ишин дайыма тескей алат, сунуш билдире алат, туура эмес кадамдарына тоскоол боло алат, туура кадамдарга зордой алат.

Соңку 30 жылда көп маани бериле баштаган бул термин демократиялык башкаруудагы классикалык текшерүү (аудитке алуу) механизми жетишсиз абалга келип калгандан улам пайда болгон. Башкарышуунун эң башка максаттарынан бири – ачык-айкын жооп берип баяндап турууну (отчёттуулукту) мүмкүн кылуу болуп саналат. Бул болсо, калк менен бийликтин ортосундагы мамилени, ишенимди, тең-салмакты чыңдайт.

Башкарышуу эмне үчүн мынчалык маанилүү? Анткени, учурда сунушталып жаткан башкаруу системаларынын ишинде, чындыгында, калың катмардын кызыкчылыгы көздөлүп жаткандыгынын дээрлик кепилдиги жок. Кыскасы, парламенттик жана президенттик башкаруунун экөөндө тең, – же аралаш башкаруу системасын да кошуп эсептегенде – үчөөндө тең, – кайра эле жука катмардын кызыкчылыгы камтылып жаткан болушу мүмкүн. Муну туура талдап, туура тааный турган деңгээл азырынча караламан катмарда жокко эсе.

Бир мисалга токтололу. Англис укукчусу жана философу, Кайра Жаралуу доорунун гуманисти Томас Мордун «Утопия» аттуу эмгегинде Платондун «Мамлекет» аттуу эмгегинин үй-бүлө саясаты тууралуу бир катар жерлери сынга алынган.

Алардын бири катары «Аял менен эркектин эң жакшылары эң көп, эң жамандары эң аз жыныстык катнашка баруулары зарыл. Мындан сырткары, эң жамандардын эмес, эң жакшыларынын балдарын өстүрүп чоңойтушубуз керек. Анткени үйүрдүн уюткусу бузулбашы керек. Кимдин ким менен жыныстык катнашка бара тургандыгы, башкаруучулар тарабынан алдын ала белгиленет. Бирок бул «куу үй-бүлө» түшүнүгү коомчулукта ызы-чуу чыгарбашы үчүн бардын нерсени тагдырдан көз каранды кылып көрсөткөн чек таштоолор уюштурулат. Жубайларын куулук менен уюштурулган чек таштоо аркылуу тандоолору зарыл. Мына ушундайча, теги жакшы эмес болгондугу үчүн (жубай катары) тандалбай калган бактысыз мекендештер, аткаминерлерге эмес, тагдырына таарынышат...» - деген жобо сындап баяндалган.

Көрүнүп тургандай, азыр дагы айрым төбөлдөр "элдин кызыкчылыгы бул же тигил башкаруу системасында" деп, жеке кызыкчылык камтылган долбоорду Курултайдын же референдумдун кепилдиги менен бекиттирип алуусу мүмкүн. Калың эл ката чечим чыгарып алгандыгын, балким, ошол заматта байкабашы деле ыктымал.

Мындай коркунучтун алдын алуу үчүн мамлекет менен элдин катышын башкарышууга негиздөө зарыл. Анткен бул учурда эл бардык өңүттөрдө ага өкмөттүн ишин көзөмөлдөгөнгө, туура кадамдарды таштатууда таасир эте алуу укугуна ээ болот. Кыскасы мунусунда, саясий кара мүртөздөр үчүн «Эптеп элди алдап өзүмдүкүн кабыл кылдырып алсам, 5 жыл жыргайм, каалаганымды кылып...» деп план түзүү оңойго турбай калат...

Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

Жыйынтыктоочу кеп

Кыскасы, учурдун саясий кризисин биротоло чечүү үчүн бир гана башкаруу системасына үмүттү байлоо жетишсиз. Сапаттуу талапкерлерди жана аң-сезимдүү жана жигердүү шайлоочулар катмарын жаратуу гана маселени толугу менен чечүүнү шарттайт.

Элмурат Кочкор уулу,

блогчу.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG