Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Мыйзамды сактабаган өлкөнү залимдер тебелейт


Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандардын жыйыны. 2020-жылдын 22-ноябры.
Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандардын жыйыны. 2020-жылдын 22-ноябры.

Мыйзамды бекем сактоо зарылчылыгын оболу жетекчилердин мыйзам алдындагы жоопкерчилиги менен байланыштыруу кажет. Эгерде төбөл өзү мыйзамды айланып өтсө, анда залимдик режим калыптанат. Ж.Турдубаевдин блогу.

“Бизди Сталиндей темир кол киши башкарбаса болбойт!” “Кыргыздар – эркиндикти сүйгөн эл”. Азыркы кезде эң көп айтылып жаткан карама-каршылыктуу ойлор ушундай.

Опуртал кырдаал түзүлүп калганын, андан чыгуу үчүн буга чейинки көнүмүш, беймарал ыргактан чыгуу зарылдыгын, эгер өз эркибиз, ыктыярыбыз менен чечкиндүү кадам жасабасак, өтө оор жагдайга туш болорубузду түшүнгөндөр көбөйө баштады. Даана аңдап билбегендер да кандайдыр бир кооптуу, дегеле ойго келбеген нерселер болуп кетиши ыктымал экенин туюк сезип калды окшойт.

Туңгуюкка кептелбеш үчүн баарыбыз эмне кыларыбызды дагы да катуураак ойлонуп, эң орчундуу маселелерди биргелешип чечүүгө умтулушубуз керек. Ошолордун бири – туруктуу, ырааттуу сакталышы зарыл болгон тартип, мыйзамдуулук маселеси. Ар кимибиз тишибиз өтүшүнчө муну түшүнүүгө аракеттенип, билгенибизди ортого салалы, чогуу акыл калчайлы.

Тагдыр алга умтулганды жетелейт, кетенчиктегенди сүйрөйт.

Стоиктердин накыл кебинен.

Мыйзамбы же маузерби?

Мектепти бүтөр жылдарымда эки карыянын чукчуӊдаша кеткенин көрдүм эле. Алардын бири “акыр замандын балдары” деп адатынча бизге наалып калды. Ошол ирет ал биздин муунду такыр эле чийинден чыккан, кемпай, уятсыз ж.б. деп жаратпай салды. Ага берки аксакал мындай деди:

- Ай, мынчалык катуу кетпе! Азыркы жаштардын этегине сен экөөбүз намаз окусак жарашат. Булардай кезиӊде эмне кылып жүргөнүӊдү айтайынбы?!

Сөз нугу ушундай бурулуп кетерин күтпөгөн биринчи карыя кызарып-татарып, ордунан туруп кетти, этегин кагынып...

Алыстагы же илгерки нерселер көзгө өзгөчө кооз, жакшы көрүнгөн учурлар көп. Мунун себеби психологияга байланышкан. Саякаттан кайткан киши көбүнчө көрсөм деп көксөп жүрүп, барып келген жеринен көӊүл иренжиткен эмес, көз жайнаткан, суктанткан көрүнүштөрдү сөз кылат. Ак сакалдуу карыялар деле бала чагында көргөн-билгендерин, эскилерден уккандарын иргеп айтат, кубанычтуу окуяларды эскерип, качандыр бир убакта болуп өткөн кайгы-капаны кайра эстегиси келбейт.

"Бизге катаал башкаруу керек" деген сөз азыр көбүрөөк угула баштады. Бирок болоттой бекем, майтарылгыс деген эпитетти эске салып турсун деп Сталин атанган Иосиф Жугашвилинин доорун көрүп калган, көрбөсө да, ошонун тикелей таасирин сезип калган аталардын баары эле ошол кездеги мамилелерди шилекей агыза мактабайт. Коллективдештирүү жылдары совет коомунда темирдей тартип өкүм сүргөнү чын, муну эч ким жокко чыгара албайт. Каршы чыкмак түгүл каяша айткан жан калбай, партиянын ураандарын тоту куштай жаттабагандар, ар сөзүн штампка (калыпка) сыйгыдай кылып айта албагандар куугунтукталган эле го?

Элдин акысын жеген эзүүчүлөр эле эмес, ак эмгеги, иш билгилиги, талыкпаган эмгекчилдиги менен оокатын тың кылып алган дыйкандар, малчылар да кулакка тартылып, жеке менчик жоюлуп, кожоюну жоктон кыйрап бүлүнгөн чарбалар көбөйүп, ачарчылык каптап кеткен эмес беле ошол түрмө-мамлекетте?.. Кызыл казанчылар керели-кечке тынбай кетмен чаап, орок оргондорго, чалгы чапкандарга бирден нан берчү экен ошондо, эмгек акы ордуна.

Ал кездеги темирдей тартипти бир жагынан коммунизм курабыз, өзүбүз көрбөсөк да, балдарыбыз ошол жыргал доордо жашайт деген ишенимдин бекемдиги камсыздаган окшойт.

Экинчи жагынан, коммунизм болоруна ишенбегендер да коомдо орнотулган катаал тартипке аргасыз баш ийген экен. “Мына, сага - мыйзам!” – деп маузерин (тапанчасын) кезеген кызыл комиссарлардан кимдер коркпогон?

Башкасын айтпаганда да, 1937-жылы улантылган репрессиянын ири толкунунда кыргыздын эң билимдүү, намыстуу уулдары жок кылынганын кантип унутабыз?..

Коммунизм ордуна – жапайы капитализмби?

Ырас, коммунизм болбосо да, жалпы теңдикке, жамааттык чарбага, мамлекеттик менчикке негизделген экономика өнүктүрүлдү. Калкынын басымдуу бөлүгү кат тааныбаган Советтер Союзунун колу космоско биринчи жетти. Атүгүл уруу-урук болуп жашап, көчмөн доордон жана оторчулук эзүүсүнөн башы чыкпай жүргөн далай элдер да XX кылымда эгемендик алып, кыйла өнүгүп келди; ошол доордо адамзаттын рух асманына улут сыймыгы Чыӊгыз Айтматовдун жылдызы балбылдап жанды.

XX кылымда кино өнөрүбүз "кыргыз керемети” деген ат менен дүйнө жүзүнө биздин элди таанытты. Шаарлар, ишканалар, ГЭСтер курулду. Кат-сабатсыз киши калбады, университеттер ачылып, илимпоздор муундары өсүп чыкты.

Бирок совет мамлекетинин кол жеткис максатка – коммунизмди курууга – умтулган дилгирликке негизделген идеологиялык пайдубалы бекем эмес экен. Сталин өлүп, түрмөдөгүдөй катаал тартип жумшаргандан баштап эле советтик режим ичкериден дат басып (коррозиялашып) бошоӊдой бериптир.

Көрсө, коммунизмдин курула тургандыгына советтик Компартиянын төбөлдөрү өздөрү баш болуп ишенбептир да, кызыкпаптыр, жемкорлук сазына четинен бата бериптир. Комсомол кайталап айтып жүргөн “Коммунизмди куруучунун моралдык кодексиндеги” бир катар жоболорду карапайым жарандар аң-сезимдүү болбосо да аргасыздан сактап жашаптыр.

Бирок Сөз менен Иштин ажырымы тереӊдей берип, түпсүз жаракага айланганда, Жер төгөрөгүнүн тең жарымын титиретип турган СССР аттуу империя урап түштү...

Ошентип, эгемендикке жеттик. Буга сүйүнгөндөр мурдагы көнгөн турмуш ыргагынын бузулганына кайгыргандардан аздай көрүндү эле башында, бирок кийин, 1990-жылдардагы каатчылыктан өтүп алган соң, эл бапырап эле калды – базар экономикасынын шартында бардар жашоо мүмкүнчүлүгүн көрдү.

Тилекке каршы, айрымдарыбыз кишинин баскан-турганын, айткан-жазган сөзүн, ой-кыялын толук көзөмөлдөөгө умтулган тоталитардык түзүмдөн кийин демократиялык коомду курганга дегеле даяр эмес болуп чыкты окшойт.

Андыктан жоопкерчиликти билбеген, билгиси келбеген жосунду эркиндик деп ойлогондор көбөйдү. Буга баарынан да бийлик башындагылардын “өрнөгү” өтө жаман таасир этти. Ууру-кескилер менен паракорлор кутурган жапайы капитализмдин сормо сазына түшүп калдык...

Эркиндикпи же бейбаштыкпы?

Эркиндикти сүйгөн элбиз дейбиз, бирок эмне үчүн диктатураны эӊсеп калдык? Эркиндикти ээнбаштыктан айырмалаган эӊ башкы касиети – бул эркин адамдын өз иши жана сөзү үчүн жоопкерчилиги.

Жоопкерчилик болбосо, биздин кылган-эткенибиз, айткан-дегенибиз өзөк маанисин жоготуп, бузуку, бүлдүргүч максаттарга багытталып калат. Демек, биз эркиндиктен эмес, ээнбаштыктан, демократиядан эмес, анын карикатурасынан – охлократия (караламан сүрмө топтун бийлиги) менен клептократиянын (уурулардын бийлигинин) кошундусунан тажап бүтүппүз.

Диктатура керек, албетте. Айрыкча азыркыдай башаламандык өлкөнү жар кырына сүрүп бараткан чакта. Бирок бул жеке адамдын эмес, МЫЙЗАМдын диктатурасы болууга тийиш.

Эгер ушул жерден жаӊылсак, кайрадан репрессия жылдарына кетенчиктеп, иш билгилер менен өз алдынча ой жүгүрткөн калыс адамдар куугунтукталып, бүтүндөй мамлекетте түрмөдөгүдөй “тартип” орноп калышы ыктымал.

Эгерде мыйзамды сактай билбесек жана төбөлдөрдөн мыйзамды сактоосун талап кыла албасак, анда мыйзамыбыз сонун болгон чакта деле залимдер тебелеп кетет.
Ж.Турдубаев

Буга чейин жоопкерсиздикти калкалап келген мителер мыйзамдарды каалаганча бурмалап, бири-бирине да, Баш мыйзамдагы өзөк принциптерге да каршы келтирип салышкан. Түпкү идеясы бурмаланып, паракорлордун элди кыйнашына ылайыктала берип, мыйзамдардын кыйласы жалпы алдамчылыктын куралына айланып калган.

Эми жаӊыдан шайлануучу президент менен Жогорку Кеңештин келерки чакырылышы мыйзамдуулукту бекемдегенге умтулабы же башкы төбөлгө жана аткаминерлерге таандык болуп келген чексиз жоопкерсиздикти ого бетер күчөтүү үчүн алпурушабы?.. Оң жолго түшүүгө эл түрткү бере алабы же ээрчимелерди ээрчийби?..

Эгерде мыйзамды сактай билбесек жана төбөлдөрдөн мыйзамды сактоосун талап кыла албасак, анда мыйзамыбыз сонун болгон чакта деле залимдер тебелеп кетет.

Жолдош Турдубаев,

публицист.

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG