Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:00

Куру убада - көйгөйдү чечүү жолуна жатпайт


Америкалык "БрайтСорсЭнержи" компаниясы Кытайда курган Күн нурунан электр кубатын өндүргөн ишкана.
Америкалык "БрайтСорсЭнержи" компаниясы Кытайда курган Күн нурунан электр кубатын өндүргөн ишкана.

Ала-Тоодогу аткаминерлер курулай тил эмизбестен, дүйнөнүн заманбап саамалыктарын да үйрөнүүсү жана колдонуусу кажет. Кыргызстандын кыйла мүмкүнчүлүктөрү куру убадага бастырылып калууда. Шайлообек Дүйшеевдин кезектеги блогу.

Бала чагымдагы айылдын кышын ойлоп олтурам. Кар эле эле жаай берчү эле. Жеңил жыгач күрөк, зымкарагайлар, жылаңач тал-теректер, балык жон, боз жалпак тамдардын жанында тон кийип алып томпоңдоп, кар күрөп жүргөн балдар элестейт. Агезде көмүр менен ишибиз жок, темир мешке көң жагар элек. Айылдын баары эле кыштан жалң көң менен чыгышчу. Ошондо деле кыштын мойну алты-жети айга созулчу. Тоңуп өлгөн деле эчким болгон эмес.

* * *

Мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун 2010-жылдын 3-мартында Нарындагы эл менен жолукканы, нарындыктар өкмөттөн элекр жарыгынын баасын арзандатып берүүсүн талап кылганы... Бакиевдин тезек тууралуу айтканы... 6-апрелде Таласта Болот Шердин камалганы... 7-апрелдеги 80ден ашуун баланын Ала-Тоо аянтындагы өлүмү... Бакиевдин, Ширшовдун өлкөдөн качышы... Бирок Бакиевдин “башкаруу ыкмалары” менен “ширшовдун схемаларынын” качпай-этпейле кала бергендери...

* * *

Убактылуу өкмөт... Отунбаева... Атамбаев... Атамбаевдин өзбек президентин сөгүп салыптыр деп ушак тараганы... Каримовдун республиканын Түштүк аймагына газ бербей койгону... Кыргызстандын Өзбекстанга байланган бирдиктүү энергетикалык шакектин “чынжырынан” чыгышы... Датка-Кемин көмөк чордонунун (подстанция) курулушу... Түндүк-Түштүк жолу... “Газпромдун” келиши... “Акылдуу эсептегичтердин” акылсыз, арамза эсептери...

* * *

Көзүнө көрсөтүп айтып жатышса да укпамыш болуп, “факты” сурап олтуруп алган Жээнбеков... Бийликчил партиялардын кылыгы... Жапыкеевдин жаалы... Элдин нааразылыгы... “Таш-малтай” төңкөрүш... Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун Нарын облусунун эли менен 2020-жылдын 9-ноябрындагы жолугушуусу... Нарындыктардын баягы эле 30 жылдан берки чечилбей келаткан жол, электр кубатынын баасы жөнүндөгү арманы... Садырдын “быйылкы кыштан чыдап чыккыла, буюрса, кийинки жылдан тартып электр кубатыңардын баасын төмөн түшүрүп беребиз... мурдагыдай бир киловаттын наркын 77 тыйындан кылып беребиз” деп убада бергени...

* * *

Убада жакшы. Айрыкча уккан кезде аябай жакшы. Жолугушууга келгендер үйлөрүнө жыргаган бойдон кеткени чын: “президент болчу киши мыкты экен, свет арзандамай болду” деп... Аттиң, Кыргызстандын энерготармагынын маселеси мына ушул бир облустун электр кубатынын баасын арзандантканы менен эле чечилип калса канакей? Же Ат-Башы менен Нарындан башка жерде кыш болбойбу? Акыркы жылдары Нарынга караганда Чүй суук боло баштады го. Эртең жазында “арзандат!” деп Алай чыкса эмне кылабыз? “Арзандат!” деп Алайкуу чыкса эмне кылабыз? Талас чыкса эмне кылабыз?

* * *

Деги Кыргызстанда көйгөйлөрдү жаңы идеялар, жакшы иштер менен эмес, эскирген убадалар менен чечүү качан токтойт?

* * *

Райымбек деген иним бар, Бишкекте жашаган менен жүрөгү Нарын деп соккон, өзү туулуп-өскөн айылы - Учкун деп соккон. Экөөбүз көп сүйлөшөбүз, эл жөнүндө, жер жөнүндө.

Бир күнү Райымбек жерге-сууга батпай мага келди, “Учкунга суу чыкмай болду байке, сүйүнчү!” деп... Мен да кубандым “жакшы болуптур” деп. Кубанычын бөлүшүп “Азаттыкка” маек курдук, “Учкун” айлынын эли угуп калсын деп...

Райымбек маегинде президенттикке жалгыз талапкер С. Жээнбеков “Учкунга” барып эл менен жолукканын, эл канча жылдан бери таза суусуз кор болуп келатканын айтканын, Сооронбай “буюрса шайлоодон кийин маселеңиздерди чечип берем” деп убада берип, элди кол чаптырып, үмүт байлап кеткенин... Райымбек да элин үгүттөп: “Добушуңарды Сокеге бергиле деп, айылды аралып, жан-алы калбай элин үгүттөп жүргөнүн”...

Анан шайлоо да, шайлоонун эртеси да болгонун... Сокенин убадасы ошол күндөн ушул күнгө чейин убада бойдон “Учкундун” клубунда, элдин кулагында кала бергенин... айтканда эмне, айтпаганда эмне?

Же эл биринчи жолу алданып жатыпбы? Өмүр бою эле ушинтип алданып келе жатпайбы.

Сокеден кийин дагы далай “алдооч-баштыктар” келип: “Урматтуу эл-журт! Сиздердин маселеңиздерди биз жакшы билебиз. Буюрса “Учкунга” суу чыгарып берүү боюнча долбоор эмдиги жылдын планына кирмей болду. Азыр адистер күндүр-түндүр иштеп жатат. Бир аз чыдай тургула. Буюрса шайлоо бүтөрү менен дароо сиздердин маселеге олтурабыз” деген бойдон кетишет...

Ошол күндөн ушул күнгө чейин тоолуу Нарындын кан жолунун этегиндеги бир айыл XIX, XX, XXI кылымдар бою иче турган суусун алыстан, ар кайсыл булактан ташып ичип келе жатат.

* * *

Былтыр Кытайдын кыргыздар жашаган Улуу-Чат аймагында, Артышта болдук. Чогуу барган президенттик админстрация менен Жогорку Кеңештин бөлүм башчыларынын: “Мындан аз жыл мурда эле Артыш мындай эмес эле, Бишкектен да өтүп кетиптир!” деп тамшанган сөздөрүн эстедим.

Үрүмчүнүн Эл аралык аба майданынан Кыргызстанга келип түшкөнүбүздө, биздин “Манас” аба майданынын кебетеси, Кудай өзү кечирер, Кудайдын ичи кең эмеспи, көзүмө “кепе” болуп көрүндү. Ошондо аба майданынын “Манас” деген аты жазылган көрнөктү колумдан келсе үйүмө алып кетип, Сагымбайдын китебине “ката” койгум келип турду...

* * *

Эми кайрадан убадага келели. Убагында Маргарет Тэтчер “Ал эч качан жаңылган эмес” деп баа берген Сингапурдун мамлекет башчысы Ли Куан Ю: “Оппозициядан эмес, убададан корк. Оппозиция менен каалаган учурда пикир табышсаң болот. Ал эми аткарууга мүмкүн болбой турган убададан өткөн жаман оппозиция жок”, - деп айткан.

Дэн Сяопин айтыптыр: “Билимсиз, артта калган эл убадага ишенчээк болот. Мындай элди башкаруу бир чети кыйын,бир чети оңой”, - деп.

Премьер-министр болгондогу сүйлөгөн сөзүндө Черчилль Улуу Британия калкына: “Жон терибиз түшкөнчө, жан терибиз менен каныбыз акканча иштебесек - эл боло албайбыз!” деген сөздөн бөлөк элине эч нерсени убада кылган эмес.

* * *

Бизге бүгүн дал ушундай курулай убада бербеген, артын жыйнап, алдын көрө билген даанышман, кеменгер, “бөктөргү кушту учкан жейт, бөлүнгөн журтту душман жейт” кылбаган жетекчи керек болуп турат. Кыргыз бүгүн майдаланып олтуруп, убада уккандан тажабаган эл болдук. Отуз жылдан бери жалаң убада менен жашап келатабыз...

* * *

Маркум Табылды Эгембердиев досумду эстейм. “Шоронун” филиалын Кытайга салам, кыргыздын максымын миллиарддаган кытайга ичирем” деген таттуу үмүт менен кеткенден бир айдан кийин телефон чалдым:

- Кандайсың? - деп.

- Кытайлар укмуш экен! Жолун салып, электр жарыгын коюп, суусун чыгарып, жашай турган шарттын баарын түзүп берди. “Шапке” сураган эч ким жок, жыргап эле калдым, эми иштеш гана керек, - деген эле бакылдап...

Табылды (Таабалды) Эгембердиев. Прага шаары. 2008-жылдын 2-марты.
Табылды (Таабалды) Эгембердиев. Прага шаары. 2008-жылдын 2-марты.

* * *

Кечээ эле айыл тургай шаарларында “киши араба”, “эшек араба” менен жүргөн Кытай бүгүн электр кубатын өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эң эле кубаттуу деген өлкөлөрдүн бирине айланыптыр.

Электр кубатынын 72 пайызын 2015-жылга чейин көмүрдөн алып келген болсо, түтүнүнүн зыянынан кийин көмүр керектөөнү улам азайтуу менен электр кубатын атаандаш булактардан, анын ичинде Күндүн нурунан алуунун үстүндө иштей баштаган.

АКШнын отун-кубат башкармалыгынын божомолу боюнча Кытайда Күндөн алынчу электрдин кубаттуулугу 2040-жылга чейин жыл сайын 7 пайызга, ал эми шамалдан алынуучу электрдин кубаттуулугу жыл сайын 5 пайызга өсүп олтурмакчы.

Күн технология тармагынын үзүрү күткөндөгүдөн да жакшы болууда, 2000-жылы күндөн алынган фотоэлектрдик электр кубатынын кВт/сааты 15, 1 юан болсо, 2018-жылы кВт/сааты 0,79 юанга түшкөн. Кытай өкмөтү ушул эле жылы Күндүн фотоэлектрдик өнөржайлары үчүн субсидиялардын көлөмүн көмүр менен атаандашсын деп атайылап кыскарткан. Бул тармакты жакшы билген адистердин айтымында, мындан улам Күндөн алынган электр кубаты болжогондон да жакшы болгонун, Күн нурунан электр кубатын өндүрүү ишканалары Кытайдын көп жерлериндеги отун-кубат көйгөйлөрүн чечүүчү олуттуу күчкө айланганын белгилешүүдө.

* * *

Би-Би-Си кызматынын заманбап технологиялар боюнча кабарчысы Крис Баранюк минтип жазат: “Он жыл мурда Жеф Мозер аттуу жигит [АКШдагы] Аризона мамлекеттик университетинде Күн кубаты боюнча магистрдик даражага ээ болуп, бирок алган билимин мекенинде пайдаланууга мүмкүндүк таппаганда, Кытайга кеткен эле.

Жеф ойлогондорунун баарын ошол өлкөдө жүзөгө ашырды. Ал: “Кытайдын башкалардан бир мыктылыгы, башы иштеген адамдардын башындагы идеяларды “ак же кара”, “коммунист” же “капиталист” дебей туруп Кытайдын кызыкчылыгы үчүн алып кала алгандыгында, бөлбөгөндүгүндө, атактуу Дэн Сяопиндин “ал ак мышык болобу, же кара мышык болобу, иши кылып чычкан алса болду” деген атактуу “формуласы” ар бир кытайлыктар үчүн жадыбалдай жат болгондугунда, бардык жакшы нерселер кытай үчүн болсо, ал маа демектен желмогуз болсо дагы өзүлөрүнүн пайдасы үчүн “сыгып туруп”, өз элине иштетип кала алгандыгында!

Биз, бир чети, “өзүбүз эмне үчүн ушинте албайбыз” деп ичибиз күйсө, экинчи чети, “атаңдын гөрү-ай, мамлекет деген ушундай болуш керек да!” деп суктанат экенсиң” деп Мозер жазган.

Ошентип, Жеф Мозер билимин Кытайга жумшап эле тим болбостон, кийин кытайлык материалдардан күн нурунан электр кубатын өндүрүп чыгара турган атактуу Symtech Solar компаниясын уюштургандардын бирине айланды. Мозер иштеген компания ушу күндө өз өнүмүн Кытайда эле эмес, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө чейин ийгиликтүү таратууда.

КЭРдин Чжэцзян вилайетиндеги күн нурунан электр кубатын иштеп чыгуучу жабдууларды жасаган ишкана. 2009-жылдын 26-августу.
КЭРдин Чжэцзян вилайетиндеги күн нурунан электр кубатын иштеп чыгуучу жабдууларды жасаган ишкана. 2009-жылдын 26-августу.

* * *

Элди өстүрбөй, улам артка тартып, акыры эл кылбай эле, кара курсактын гана камынан башканы ойлогонго жарабаган макулук кылып сала турган, анан бара-бара эл катары жок кыла турган жаман адаттар болот.

Бир балээси, мындай жаман нерселер улам алсызданып, улам начарлап бараткан элге ылдам “жабышып”, ылдам “аралашып”, ылдам “сиңгенинде” болот экен.

Эмнегедир мындай кайдыгер элдер багытын жакшы нерселерге буруп, алдыңкы технологияларга таянуунун ордуна жоголуп бараткан, келечексиз, бара-бара акыл-эсин “мунжу” кылып сала турган нерселерди бат ээрчип кетет экен. Биз, кыргыздар, бүгүн ушул жолго түшүп алган жокпузбу?

* * *

Миллиарддаган Индия элинин Кытайдай же Америкадай өсө албай жаткандыгынын себебин Ли Куан Ю, минтип айтпады беле? Эсиңердеби? Анда дагы бир жолу эске салалы.

Индияны өнүктүрбөй, анын колу-бутун тушап турган бир жагдай — касталык система. Эгер сен төмөнкү кастадагы кыз менен турмуш курсаң, автоматтык түрдө өзүңдүн кастаңдан чыгарыласың жана ага чейинки бардык жакшылыктарыңдан ажыратыласың. Ошондуктан Индияда брахман тегиндегилер жалаң гана брахманга, вайши кастасындагылар жалаң гана вайшилерге, далиттер жалаң гана далиттерге гана үйлөнүүлөрү - кыйла замандарда бузулгус салтка айланган..

Индияда дүйнөдөгү билимдүү жана көп тил билген каста брахмандар болуп саналчу. Бирок булар эч качан өзүнөн төмөнкү касталар менен кыз алышып, кыз беришип, кан аралаштырбай келчү. Ал эми байыркы Кытайда белгилүү адамдар, жогорку аскер төбөлдөрү, интеллекти бийик адамдар даражасына карабай туруп, өздөрү каалаган элден бир нече аял алып, генин улам жаңы аймактарга “чачып” таратып келген. Брахмандар минте алышкан эмес. Эгер минтсе дароо кызматтарынан, даражаларынан кол жууган. Эгер касталык система тоскоолдук кылбаганда брахмандар канындагы мыкты сапаттарын бүтүндөй Индия боюнча таратып, өлкөнүн өнүгүшүнө өзгөчө таасир этет болчу.

Албетте, азыркы демократиялуу Индияда эгемендик доордо касталык системанын калдыктарын жоюу боюнча омоктуу иш-аракеттер жүргүзүлүп келгенин баса белгилейли.

* * *

Бизди өстүрбөй келаткан жаман адаттарыбыздын бири - “көрө албастык” жана паракордук. Баткендик жигитибиз Американын атактуу университетинин биринен жогоруда сөз кылган Жеф Мозердин билиминдей кубат технологиясы боюнча адистикке ээ болуп кайтып келет, 6-7 миң сомдук айлыгына кайыл болот.

“Кыргызстанымды экологиялык таза кубат булактарына ээ кылуу жаатында долбоорум бар, иштеп берейин” деп келген жигитибиз Ак үйдөгү “бетон аткаминерлердин” дубалынан ары өтө албай, кайра-кайра түшүндүрсө да түшүнбөй, түшүнмөк тургай беркилер кайра шылдыңдап: “Кара-Кеченин көмүрү канча миллион тонна экенин билесиңби? Эми башкасы түгөнүп, Америкаңардын сата турганы Кудайдын Күнү калдыбы?” деп “кууп” чыкканын эмне дейбиз?

Мындай жапайычылык, мындай караңгычылык, түркөйлүк Жер төгөрөгүндө бизде гана, биздин Кыргызстанда гана болбосо, бөлөк жерде болбойт го дейм. Азыр ошол жигит Күн нурунан электр кубатын өндүргөн чет элдик бир фирманын биринде 15-20 миң доллар айлык менен иштеп жүргөндүгүн айтышууда.

* * *

Дагы бир программист жигитибизди “Мегаком” албай коюп, бүгүн ал АКШнын бүткүл дүйнө өлкөлөрүнө жүк ташыган “Амазон” компаниясында иштеп жатат.

Жакырчылыктан башы чыкпай келаткан айрым Африка өлкөлөрүнө: “Айланайын аппактарым, тууйт десе эле ай сайын, жыл сайын чубуртуп-куюлтуп тууй бербей, балдарыңардын саны эмес, сапатына көңүл бургула, эли-жериңерди баккыдай кылып аз-аздан туугула?” деп, такай акчалай да, башкалай да жардам берип келаткан атактуу Бил Гейтстин “Майкрософ” корпорациясында баткендик кыргыз жигитинин программист болуп иштеп жатканы эмне деген керемет?!

* * *

Жогорудагы жигит сыяктуу "башы иштеген" кыз-жигиттерибизди дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн четинен таап санасак болот!

Ошол билимдүү улан-кыздарыбыздын көбү Кыргызстанга, Ак үйгө өз демилгесин айтып келишкен. Бирок биздин аткаминерлер аларды “корррупциялык системанын” бир деталы болуп гана жумушка киришин каалашкан. Көнбөй койгондон кийин “тежиктерди кууп” салышкан.

Убагында Сингапурдун премьер-министри Ли Куан Ю: “Келээрим менен билимсиз, жалаң жагымпоздук менен жанбаккан, мансапты ата-энелеринен да жакшы көргөн кызматкерлерди дүйнөнүн атактуу окуу жайларынан билим алып келген билимдүү кадрлар менен алмаштырдым. Өлкөгө зыянынан башка пайдасы жоктор менен кошо кабинеттердеги компьютерлердин клавишаларына чейин сиңип калган алардын жаман жыттары да кошо кетти”, - деген эле.

* * *

Кытайда 2016-жылы күн нурунан электр кубатын топтогон батареялардын жалпы кубаттуулугу 34 гигаваттан (ГВт) ашкан. Кытайда оор өнөр жайынан тартып айыл чарба тармагындагы дыйкан чарбаларга чейин өтө ылдамдык менен дүркүрөп өнүгүп жаткандыгынын сыры да мына ушул арзан жана таза кубат менен жетиштүү камсыз болгондугунда. 34 гигаватт кубат деген АКШ өндүрүп жаткан ушундай эле Күн нурунан алынган электр кубатынын көрсөткүчүнөн кыйла жогору дегендик.

* * *

Анткен менен Кытай жалпы отун-кубаттын 66 пайызын дагы деле көмүрдөн алгандыктан, айрым шаарларын ыш басып турат. Анткен менен Күн нурунун кубатын электр кубатына иштеп чыгууда Кытай бүгүн дүйнө боюнча биринчи орунга чыкты.

* * *

Ошентип, биз 30 жылдан бери өлкөнү сызга олтургузуп келеткан “Ширшовдун схемасынан” кутула албай келатсак, дүйнө элдери илим-билимге умтулуп, таза, арзан отун-кубат булагына жетүү максатында ырааттуу иштеп жатышат.

Канада Түндүк аймактарына Күн кубатын колдонуу багытындагы долбоор үчүн 2, 6 млн. доллар бөлсө, Австралиядагы инвесторлор өз өлкөсүнө дүйнөдөгү эң кубаттуу Күн нурунан электр кубатын өндүрчү ишкананы куруу үчүн 20 млрд. доллар бөлдү. 12 миң гектар жерди ээлеген ал электр ишканасы ишке киргенде, жылына 10 гиговтт электр кубатын иштеп чыгараарын болжошууда.

* * *

Канадада жалпысынан 542 гидроэлектр ишканасы бар. Канада электр кубатынын 58 пайызын гидростанциялардан алат. Инновациялык технологиялардын жардамы менен канадалык окумуштуулар бүгүн океандагы толкундун күчүнөн электр кубатын өндүрүп алууга жетишти. Суу агымынан электр кубатын өндүрчү эң ири гидроэлектр ишканасы жакында Фанди куймасына курулганы турат.

Тажикстан

Ошентип биз 30 жылдан бери кызмат бөлүшө албай, кыз-келиндерибиз менен эр азаматтарыбыздын баары саясаттын сазына “тыгылып” жаткан кезде, коңшу өлкөлөр келечегин куруп кирди.

Тажикстандын өкмөтү электр кубаты алигиче жетпеген тоо койнундагы 156 айылдын жашоо-турмушун Күндүн нурунан алынчу электр кубаты менен камсыздай турган Күн батареяларын орнотууну колго алды. Азия өнүктүрүү Банкы ал үчүн 11 млн. доллар бөлдү, донорлор 2,5 миң күн батареяларын сатып беришти.

Казакстан

Евразиялык өнүктүрүү Банкы жана “Хевел” компаниясынын тобу Казакстандын Акмоло облусуна кубаттуулугу 100 мВт турган Күн кубаты ишканасын куруу үчүн 63 млн. евро бөлгөн. Анын курулушу ушул жылы аяктоого тийиш. Бул электр ишканасы Казакстандын отун-кубат тармагын жылына 150млн. кВт/сааттык “жашыл кубат” менен камсыз кылып турмакчы.

Түркмөнстан

Ушул эле “жашыл кубат” менен өлкөнүн өнөр жайын алдыга жылдыруу максатында Түркмөнстандын Илимдер Академиясынын Күн кубаты боюнча Институтунун илимпоздору мамлекеттик программанын үстүндө эмгектенүүдө. Окумуштуулардын эсеби боюнча, Түркмөнстанда күн кубатынын бир чарчы метр жердеги орточо таптуулугунун кубаты 600 ватт. Эгер күн нуранан электр кубатын өндүрө турган бир эле ишкана курула турган болсо, анда ал жыл сайын 14 млрд. киловатт-саат электр кубатын бере алат дешет.

Өзбекстан

Өзбекстан күнөстүү Самаркан облусуна кубаттуулугу 100 МВт келген Күн кубатын өндүрүү ишканасын курмай болду. Буйрукка президент Шавкат Мирзиёев кол койду.

Курулушту Франциянын инвестиция жана тышкы соода министрлиги менен француздардын “Total Eren SA” аттуу компаниясы жүргүзөт. Электр ишканасынын пайдалануу мөөнөтү - 25 жыл. Аталган компания электр ишканасынын курулушу үчүн 2019-жылы сентябрь айында Өзбекстанга 150 миллион евро инвестиция саларын билдирген. Алгачкы электр кубаты 2021-жылдан баштап алына баштамакчы.

* * *

Алыскы өнүккөн өлкөлөргө айла жок дейли. Биз коңшуларыбыздын аракетинен аз да болсо мисал тарттык.

Мен былтыр жайда Кочкордо жүргөндө, Болот аттуу жергиликтүү фермерге Европалык инвесторлор келип бак өстүрүп жаткан аянтына 3 киловаттык Күн батареясын коюп бери кеткен эле. Болоттун айтуусу боюнча, анын кубаты ошол гектарлаган бак аянтын толук суу менен жана жанына салынган үйдү ысык суу менен камсыз кылганга жетмек.

“Кара-Булуң талаасында Күнбатереям бар, көрө кеткиле?” дегенинен барсак, чет элден атайын адисттерин ала келип, жемиш аянтынын четине орнотуп берип кеткен “күн панелден” эч нерсе калтырбай, белгисиз тентектер талкалап кетиптир.

- Боке, ушулбу батареяңыз? Эмне болгон? - десек:

- Ушинтип талкалап кетишти, - дейт.

- Кимдер?

- Бабалар “Тууганың турганда, душманым жок деп ойлобо” деп бекер айтпаптыр. Өзүмдүн эле туугандарым талкалап кетти, көрө албастык кылып. Билем, бирок эч кимге айткан жокмун, - деди.

* * *

“Көрө албастык биздин жазып же ырдап жүргөн чыгармачыл адамдарда эле эмес, кыргыздын баарында бар. Эски машинасы бар шоопур жаңы машина алган шоопурду көрө албайт, начар түшүм алган дыйкан көп түшүм алган дыйканды көрө албайт, начар жазган акын жакшы жазган акынды көрө албайт, таланты жок артис таланттуу артисти көрө албайт”, деп акын Нуралы Капаров айтты эле.

Мына, бизди өстүрбөй, колдон-буттан тартып өксүтүп келаткан көрө албас иттигибиз! Казак менен кыргыздын бирдей аксакалы Динмухаммед Ахмед уулу Кунаевдин: “Карактарым, кыргыздын душманы башкалар эмес, кыргыздын душманы кыргыз экендиги эсиңерде болсун!” - деген сөзү аргасыздан эске түшөт.

* * *

Макаламды аяктап баратып, бүгүн “кол курап” ("кол курап" дегеним, кыргыздын булчуңдуу балдарын жыйнап алып, спорт клубдары дегендерди түзүп алып, аларды мушташ менен күрөштүн ар кандай түрүнө машыктырып, каржылап жүргөн аттуу-баштуу азаматтарга кайрылып) айтаарым: албетте, спорт да жакшы, айрыкча кайсы бир мелдеште атаандашын жеңип чыккан кызыбыз же жигитибиз Кыргызстандын туусун желбиретип турса, көзүңдөн жаш чыгып, сыймыктанасың, мактанасың. Бирок баары бир өнүгө албай жаткан Кыргызстанды Дүйнө чемпионаттарынан жыйнап келген медалдарыбыз гана өнүктүрүп, өстүрүп кете албайт экен да.

Маселен, ат-башылык дыйкандар 30 жылдан бери “Ат-Башыга жок дегенде картөшкөнү кайра иштете турган бир ишкана керек эле” деп какшап келатат. Бирок 30 жылдан бери уккан жан болбоду. Ал арада ташка эстелик курдук, атка эстелик курдук. Атка айкел куруу жагынан атбашылыктардын алдына эч ким чыга элек.

Балким ишкана курганга акча жеткен менен акыл жетпей, балким акыл жеткен менен акча жетпей жаткан чыгаар?

Андыктан Кыргызстандын колунда бар жигиттери күчү муштумуна чыккандардын клубдарынан тышкары дагы, акылы башына чыккан, мээси таза иштеген айылдын илим-билимге ынтызар, таланттуу кыз-жигиттерин топтоп, билимдүүлөрдүн клубун түзүп, билим алып келгиле деп чет өлкөлөргө жөнөтүп, ошолорду каржылап турса сонун болбойт беле? Жети облустан БИЛИМДҮҮЛӨРДҮН ЖЕТИ КЛУБУН түзүп, аларды илимдин жети тармагына багыттап, чет өлкөлөрдөн билимге сугарып келип, өнүкпөй жаткан өлкөбүздүн аймактарына коё берсек, эмне деген “түшүм” алат элек эмгиче... Балким, эми деле кеч болбос.

* * *

Бири-бирибизди аңдый бербей, бирибизди бирибиз жыга чаап, камай бербей, талай бербей, “Салымбековдун демөөрчү тобунун балдары космостук ракета жасаптыр! Баланчанын же Төлөнчөнүн демөөрчү тобунун балдары Кетмен-Төбөгө Кыргызстандын жаңы борбор шаарын куруптур! Бабановдун демөөрчү тобунун балдары Ысык-Көлдүн чок ортосуна туристтик шаарча салыптыр!” деп мактанып турган, даңазалап жазып турган күн келээр бекен? Келсе экен!..

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG