Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Саясий ачкачылык: Тынч ыңкылаптын башатына 30 жыл


Жогорку Кеңеште Кыргызстандын туңгуч президенти болуп шайланган академик Аскар Акаевдин артында Кыргызстан КП БК Биринчи катчысы, Жогорку Кеңештин төрагасы Абсамат Масалиев турат. 27.10.1990. (КДКнын "Майдан" гезитинен).
Жогорку Кеңеште Кыргызстандын туңгуч президенти болуп шайланган академик Аскар Акаевдин артында Кыргызстан КП БК Биринчи катчысы, Жогорку Кеңештин төрагасы Абсамат Масалиев турат. 27.10.1990. (КДКнын "Майдан" гезитинен).

Мындан 30 жыл илгери КДКнын демилгеси менен жүзөгө ашырылган саясий ачкачылык иш-чарасы совет кыргыз парламентинде коммунисттик лидердин ордуна атаандаш талапкерди Кыргызстандын туңгуч президенти катары шайлоо өнөктүгү менен коштолгон. Тарыхчынын жана окуя күбөсүнүн блогу.

Советтик акыркы парламент

Советтик Кыргызстандын 12-чакырылыштагы Жогорку Кеңеши 1990-жылы 22-октябрда өзүнүн кезексиз экинчи отурумуна чогулду (бул сессия 30-октябрга чейин созулду).

Бул чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өзүнүн алгачкы отурумун ошол 1990-жылы 10–14-апрелде өткөргөнүн, жаңы конституциялык өзгөрүүлөргө ылайык Жогорку Кеңештин президиумунун төрагасы кызматы жана президиумдун өзү да жоюлуп (бул өзгөрүү башка бардык советтик жумурияттарга да таандык болду), ал эми тек гана отурумга модератор болуп келчү Жогорку Кеңештин төрагасы ошол 10-апрелден тартып президиумдун төрагасы кызматын да аркалап калгандыгын, ыйгарым укуктары азыркы парламент спикеринин ыйгарым укуктарына теңелгендигин баса белгилөө керек.

Дал ушул Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин 1990-жылдын 10-апрелден кийинки төрагасы (иш жүзүндө жумурияттын парламентинин спикери жана президенти) деген жаңы ыйгарым укуктуу кызматты ошол кездеги (1985-жылдын 2-ноябрынан берки) Кыргызстан Компартиясынын Биринчи катчысы Абсамат Масалиев бир эле учурда аркалап калган болчу.

Бул эки кызматты бир учурда ээлөө –– борбордо жана жер-жерлерде бийлик тизгини колдон жылмышып бара жаткан Советтер Биримдигинин Коммунисттик партиясынын (КПССтин) жетекчилеринин акыркы айла-амалдарынын бири эле.

Кремлге кылчактай берген лидер

Абсамат Масалиев агай (1933-жылдын 10-апрелинде ал кезде Ош облусуна караштуу Кадамжайдын Алыш айылында туулган — 31 июля 2004-жылы 31-июлда Бишкекте кайтыш болгон) “Кайра куруулар” дооруна чейин эле өзүнүн чынчылдыгы, жемкор эмес, жупуну жашоосу менен элдин алкоосуна ээ болгон советтик-партиялык жетекчи болчу.

А.Масалиевдин 1990-жылы апрелде эле эл талап кылып жаткандай Кыргызстандын Башмыйзамына өзгөртүү киргизип, президент кызматын негиздетип, туңгуч президент катары шайлануу мүмкүнчүлүгү бар болчу (кубаттуу антикоммунсттик блок, Кыргызстандын “элдик майданы” катары саналган “Кыргызстан” Демократиялык кыймылы (КДК) уюму 1990-жылдын 25-26-майында араң өзүнүн уюштуруу жыйынын өткөргөн эмеспи).

Абсамат Масалиев: Жүзүм жеп кеткиле
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:00 0:00
Түз линк

Бирок жеке өзү кадырман, таза жетекчи болгону менен, А.Масалиев КПССтин ошол кездеги жетекчиси, бир эле учурда СССРдин туңгуч президенти Михаил Горбачёвго атаандашып, Кыргызстанда өзүн президент катары жарыялоодон тартынды да, Кремлге көз каранды боло берүүнү чечти.

Коменданттык саат маалындагы нааразылык ыкмасы

КДК болсо 1990-жылдын май айынын соңунда төрөлгөн күнүнөн тартып эле Кыргызстанда көп партиялуулук, демократияны камсыз кылуу ураандарын чакырды.

"Ашарчылар" менен КДКчылардын жыйындарынын бири. 1991.
"Ашарчылар" менен КДКчылардын жыйындарынын бири. 1991.

Ал эми 1990-жылдын июнундагы этностор аралык кагылышууларга алып келген айтылуу “Ош окуясы” (мунун артында да советтик КГБ турган деген жоромол бар) орун алган соң, Ош аймагынын бир катар бөлүктөрүндө гана эмес, Бишкек шаарында да коменданттык саат киргизилген болчу.

Кыргызстандын 12-чакырылыштагы Жогорку Кеңеши өзүнүн чукул чакырылган отурумуна 1990-жылы 22-октябрда чогулган чакта, баса белгилей кетсек, борбор шаарыбыз Бишкекте (ал кезде Фрунзе шаарында) коменданттык саат алына элек болчу.

Калайык Бишкектин Борбордук “Ала-Тоо” аянтында ири нааразылык жыйынына чогулду. 1990-жылдын 5-июну. Ж.Жекшенин жеке архивинен.
Калайык Бишкектин Борбордук “Ала-Тоо” аянтында ири нааразылык жыйынына чогулду. 1990-жылдын 5-июну. Ж.Жекшенин жеке архивинен.

Демек, борбор шаарда ар кандай митинг, демонстрацияларга, жыйындарга чогулууга тыюу салынган.

Дал ушундай кырдаалда КДКнын Башкармалыгы өзүнүн отурумунда тыюу салуу тизмесине кирбей калган иш-аракет ыкмаларын колдонууну туура тапты. Бул ыкмалар –– саясий ачкачылык жана пикет болчу.

Саясий ачкачылык маалындагы ураандар

Саясий ачкачылыкка алгач КДКнын жети гана мүчөсү ыктыярдуу чыккан (кийинчерээк алардын саны 150гө жеткендей болду; бирок аларды колдоп тургандар бир нече миң кишге жеткен).

Саясий ачкачылык маалында Ак Үйдүн чыгыш дубалында чапталган КДКнын ураандарынын бири. 1990-жылдын 23-октябры.
Саясий ачкачылык маалында Ак Үйдүн чыгыш дубалында чапталган КДКнын ураандарынын бири. 1990-жылдын 23-октябры.

КДКнын бул жети мүчөсүнүн ар бири КДКнын Башкармалыгы орток чечим менен бекиткен бирдей талаптар жазылган кагаз көрнөктү (транспарантты) мойнуна илип же көкүрөгүнө кармап алып, эч сүйлөбөстөн какайып турушу керек болгон. Эгерде ал чогулгандар менен тексттегинин мазмунун талкуулап сүйлөшө баштачу болсо, анда аны милиция “демонстрация уюштурган жатат” деп шылтоо кылып кармап кетмек.

Азыркы тапта Өндүрүш Токтонасыров мырза жалгыз пикет уюштура калып жүрөт. КДКнын жети мүчөсү жети башка жерде дал ушундай жалгыз чыккан, бирок алар бир эле учурда ачкачылык жарыялагандыгы да транспарантта жана башына байлап алган тасмада жазылган.

Албетте, ачкачылык жарыялаган инсандын улам башка үзөңгүлөштөрү котолоп чогулган калайыкка “сырткаркы киши” катары КДКнын көрнөктөгү талаптарын түшүндүрүп айтып, анан аларды акырын тынч тарап кетүүгө, бул талаптардын мазмунун башкаларга да жайылтууга чакырышкан.

Талаптар ар кыл болчу. Арасында президенттик кызматты киргизүү жана атаандаш шайлоо, КПССтин бир партиялуу системасынын ордуна көп партиялуулукту киргизүү, Ош окуясына саясий баа берүү, коменданттык саатты жоюу жана башкалар бар эле. Талаптардын негизги багыты – КПССтин жеке басар режимин алсыратууга жана жоюуга, Кыргызстандын эгемендигин чыңдоого багытталган.

Саясий ачкачылыкты көп этностордун өкүлдөрү колдогон

Дал ушул саясий ачкачылык өнөктүгү башталаарда мен 4-октябрда Украинанын борбору Киевдеги Крещатик майданында жүргүзүлүп жаткан саясий ачкачылыкка КДКнын өкүлү катары барып, колдоо көрсөткөн элем. Ыраматылык Жыпар Жекше (КДКнын беш теңтөрагасынын бири) менден Киевдеги “СССР кулдандырган элдердин жыйыны” деп өзгөчө аталган жыйынга барып келүүмдү өтүнгөн болчу.

Крещатик аянтындагы саясий ачкачылыктын алгачкы күнү. Киев. 1990-жылдын 2-октябры.
Крещатик аянтындагы саясий ачкачылыктын алгачкы күнү. Киев. 1990-жылдын 2-октябры.

Киевге Татарстан Коомдук борборунун өкүлдөрү болгон татар окумуштуулары да келишкен, алар да бир нече ай мурда саясий ачкачылык уюштурушкан экен. Алардын бул иш-чараны уюштуруудагы тажрыйбасы тууралуу мен Кыргызстандын борборуна кайтып келип, КДКнын Башкармалыгында айтып берген элем.

Айрымдар КДКны ашынган улутчулдардын уюму катары жаманатты кылууга далаалат кылып жүрүштү, азыр да ошондой ойлогондор бар, бирок Наталья Аблова айым, караколдук отец Владимир, башка да этностордун өкүлдөрү КДКга жигердүү мүчө болчу. Алар да саясий ачкачылык усулун аргасыз чара катары колдоп чыгышты.

Ачкачылыктын эки түрү болот: карандай ачкачылык –– бул эч наар албастан туруу, албетте, ал ыктыярдуу өлүм менен аякташы ыктымал; кайнак, бирок жылып калган газы жок сууну гана ичүү ыкмасын колдонгон ачкачылык (бул саясий ыкма өмүргө коркунуч келтирбейт жана дүйнө жүзүндө кеңири колдонулуп келген). КДК Башкармалыгы, албетте, экинчи ыкманы тандап алды.

Ачкачылыкты жүзөгө ашыруу усулдары

КДКнын Башкармалыгынын жигердүү мүчөсү, кийинчерээк укук коргоочу катары да мыкты иш алып барган Наталья Аблова саясий ачкачылыкты уюштуруу ыкмалары жөнүндө бир катар маанилүү сунуштар киргизип, КДК Башкармалыгы ал сунуштарды да колдоого алган.

Ошол күрдөөл кездеги турмуштун чыныгы үзүмү катары Н.Аблова ж.б. КДКчылар айткан сунуштарды да эскерте кетпесек болбойт: ачкачылык жарыялоодон оболу бул кадамга барууну чечкен ыктыярчы таңга маал ичегисин клизма жолу менен тазалап алуусу керек. Ачкачылык жарыялаган ыктыярчы эч качан жашыруун түрдө тамак ичпеши керек. Ар бир ачкачылык жарыялаган кишиге 2 саат сайын кайнаган, бирок жылуу суу бере турган нөөмөтчүлөр уюштурулушу абзел. Саламаттык сактоо органдарына да бул саясий иш-чара тууралуу алдын-ала билдирип коюу керек.

Канча күн саясий ачкачылыкка катышсаң, ошончо күн акырындап аз-аздан гана тамак ичип, саламаттыкты акырындап чыңдоо керек. Бир архитектор жигит (ал азамат, шайыр, жаракөр инсан эле) бул саясий ачкачылык иш-чарасы жеңиштүү аяктаган соң, үйүнө кайтканда, бир кесим чучукту жеп алып, анысы өзөккө түшүп, ооруканага жатып калганы да эсте.

(Улуу Үркүн маалында да ачарчылыкка кабылгандарга оболу атала берип, анан күчтүү тамакты аз-аздап бере баштап, аларды бара-бара бутуна тургузушчу).

КДКнын ыктыярчылары бул талаптарды бекем аткарышты (кийинчерээк, 1995-жылы президенттик шайлоо маалында айрым аттуу-баштуу делген саясатчылар тобунун элге өздөрүнүн ачкачылык жарыялаганын айтып коюп, бирок жашыруун түрдө казы-карта, чучук жегендиктерин кийин өздөрүнүн ичиндегилер эле жазып чыгышкан; КДКнын иш-чарасы бул жагынан так, чынчыл болду).

Жеке архивден. Кыргызстан Компартиясынын органы болгон "Советтик Кыргызстан" гезити окуянын бардыгы КДКнын жана демократтардын пайдасына чечилген соң, 1990-жылы 30-октябрда саясий ачкачылык тууралуу (кеч болсо да) сүрөт жарыялап баяндаган. Бул сүрөттө саясий ачкачылыкка катышкан КМУнун (кийинки КУУнун) тарыхчы студенттери менен шаардык жаштардын айрымдары чагылдырылган.

Демократ депутаттардын саны арбый берди

Ошол кездеги легендарлуу делген Жогорку Кеңештеги демократ жана реформачыл депутаттардын 100дөн саал ашкан тобу үчүн КДКнын ачкачылык иш-чарасы өзгөчө колдоо болду. Башка арсар депутаттар ушул топко улам күргүштөп кошула беришти. Жогорку Кеңеш коомчулуктун кысымынын негизинде президент кызматын киргизген мыйзам кабыл алды да, бул кызмат үчүн атаандаш шайлоо парламенттин керегесинде жүргүзүлдү.

Алгачкы айлампада эч талапкер ута албай калып (анын ичинде Кыргызстан КП БК Биринчи катчысы Абсамат Масалиев да бар эле), жаңы айлампалар уюштурулду. Акыркы айлампанын соңунда, 27-октябрда өтө кеч сааттарда, ошол кезде партиялык номенклатурада жок саналган жана салыштырма либерал көз карашта деп бааланып келген физик окумуштуу, академик, СССР эл депутаты Аскар Акаев Кыргызстандын туңгуч президенти болуп шайланды.

КДКнын саясий ачкачылык өнөктүгү 28-октябрдын таңына караган маалда Аскар Акаевдин реформачыл иш-аракет жасалат деген убадасы КДКнын саясий иш-чарасынын катышуучуларына айтылгандан кийин токтотулду. Ал кезде Аскар Акаев демократиялык канаттын өкүлү катары бааланып келген. Топчубек Тургуналиев ага Ак Үйдүн чыгышында ак калпак кийгизгени да эсте. (Кийин президент А.Акаев Топчукени саясий диссидент кылып адилетсиз түрдө каматкан учурга да күбө болдук).

Түстүү ыңкылаптын алгачкы карлыгачы

1990-жылдын октябрынын соңундагы бул окуялар –– Кыргызстанда коммунисттик режимдин башчысынын бийликти шайлоо жолу аркылуу тынч өткөрүп берүүсүнүн өрнөгү, тынч өткөн “түстүү ыңкылаптын” алгачкы баскычы болуп калды. Борбордук Азиянын башка жумурияттарында болсо ошондогу коммунист лидерлер өз жумурияттарында президенттикке шайланууга жетишкен. Аларын айрымдары “түшпөс хан” болуп келишти.

Ала-Тоодогу бул алгачкы ыңкылапчыл жүрүм 1991-жылы 31-августта Кыргызстандын легендарлуу Жогорку Кеңешинин мамлекеттик көз каранды эместикти жарыялашы, ошол жылы сентябрда Кыргызстандын аймагында КПССтин ишмердигине тыюу салуу, 1991-жылы декабрда СССРдин биротоло ыдырашы сыяктуу иш-чаралар менен жыйынтыкталды.

Кыргызстандын 1990–90-жылдардагы саясий турмушу Борбордук Азиядагы коңшу советтик жумурияттардыкынан ошондо эле айырмалуу болду. Буга КДКнын курамында ар кыл этностон куралган мекенчил демократтардын топтолгондугу да өз таасирин тийгизди.

Бийликтеги либералдар

Албетте, ошол кезде КДКга каршы турууга тийиш болгон айрым тарыхый инсандарды да 30 жылдан кийин алкоо менен атап кетишибиз ылаазым.

Алардын бири –– Кремлдин өктөмүнө карата чечкинсиз турумда болду деп жогоруда сынга алынган Абсамат Масалиев.

Ал 1990-жылдын октябрында бийликке тырмышкан мыйзамсыз айла-амалдарга эч барган жок деп санайм.

(Салыштырсак, кийинчерээк авторитардык режимдерди чыңдоо маалында А.Акаев, К.Бакиев, ж.б.лар бир эле учурда бир кызматты бир нече кишиге убада кылышкандары канча ирет билинбеди! А.Акаев Феликс Куловду “Ошко губернатор болосуң” деп коюп, кайра бул кызматка шашылыш Амангелди Муралиевди жибергендиги, “мамкатчы болуп дайындалып жатасың” деп, Мелис Эшимкановго жардыктын долбоорун көрсөтүп коюп, Мелис Ысык-Көлдө “кызматын жууп жаткан” чакта, бул кызматка Осмонакун Ибраимовду дайындап салгандыгы, К.Бакиев болсо оппозициянын өкүлү Алмаз Атамбаевди өкмөт башчы кыла коюп, экөөлөп оппозицияны убактылуу сызга отургузгандыгы, А.Атамбаев “өзүмдөн кийин президент болосуң” деп бир нече кишиге курулай убада айткандыгы, алардын бири, спикер Чыныбай Турсунбековго кайра Фарид Ниязовдун колу менен чабуул уюштургандыгы, ж.у.с. окуялар орун алды).

1995-жылы маркум А.Масалиев биз менен маегинде ошол 1990-жылдын октябрында эч кимге курулай убада бербегендигин, президент кызматын аркалоо үчүн бюрократтык айла-амалдарга эч барбагандыгын тастыктаган.

Саясий ачкачылык маалында А.Масалиевди маймылга теңеп, саясий ыр да жазылды, карикатура да тартылды. Ал буларга да сабырдуу мамиле кылды.

Дагы бир саясий оюнчу –– Бишкек шаарынын коменданты, Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары, полковник Феликс Кулов болду (ал 1991-жылдын соңунда гана генерал даражасын алган). Ал Ош окуяларынан кийинки кырдаалда Бишкекте кан төгүүлөргө жол койбогон, КДК сыяктуу уюмдардын жетекчилери менен баарлашып, теңата сүйлөшө алган.

Ф.Кулов 1990-жылдын октябрындагы түстүү ыңкылаптын башталышы маалында КДКнын саясий ачкачылык иш-чарасына эч кандай кысымды уюштурбады, тескерисинче, ар кыл провокациялардан бул иш-чараны коргоп турду.

Менимче, А.Масалиев менен Ф.Куловдун либералдык сапаттары 1990-жылы октябрда ар кандай кан төгүүлөргө, массалык камоолорго жана зомбулуктарга жол бербеген, оппозицияга сабырдуулук кылган адамкерчиликтин жогорку үлгүлөрүнөн болуп калды.

Ошондуктан 1990–91-жылдагы тынч жүргөн “түстүү ыңкылаптын” өбөлгөсүн түзүүгө алар да кайсы бир деңгээлде салым кошту дей алабыз.

А.Масалиевдин идеологиялык багыт боюнча “оң колу” болгон Кыргызстан КП БК катчысы Медеткан Шеримкулов да эскичил коммунисттик турумдан либералдык турумга акырындап өтүп, 1990-жылдын декабрында легендарлуу Жогорку Кеңештин (А.Масалиевден кийинки) төрагасы болуп калды да, 1991-жылы 19-августта баш көтөргөн ГКЧПга каршы ачык билдирүү жасап чыккан Кыргызстандагы алгачкы мамлекеттик ишмер болуп калды.

“Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, эл калат” деп Арстанбек Буйлаш уулу атабыз айткан керемет сөздү кайталап кетелик. Диктатордук жеке бийликке умтулган ар кандай саясатчынын иш-аракети майнапсыз аяктаары кыргыз тарыхында далай ирет тастыкталган эмеспи! Бул макал Атажуртубуздагы азыркы жана болочокку бийлик башчылары үчүн да кулагына тагып алчу күмүш сырга.

Жогорку Кеңеш да эгемендикти чыңдаган каармандыкка барган

Албетте, легендарлуу Жогорку Кеңештин курамынын ошол кезде өздөрүн чукул кайра курууга жетишкен басымдуу бөлүгүнө да таазим кыла кетели.

Бул курамдын реформаторлору башка ыргылжың, арсар депутаттарды өз турумдарына ийите алышты. Алар, эч кандай кылмыштуу топтордун кысымына жана капчыктуу жемкорлорго эч таянбастан, чыныгы эл өкүлү катары ачык иш алып барышты.

Дал ушул Жогорку Кеңеш (советтик акыркы, 12-чакырылыш) куралып жатканда Казат Акматов, Төлөгөн Касымбеков, Мар Байжиев, Жалил Садыков, Өмүрбек Текебаев сыяктуу буга чейинки партиялык номенклатурага эч тийешеси жоктор менен катар эле атайын тизмеге ылайык саанчы, чабан, колхоз башчысы, партиялык катчы, комсократ, райондук аким жана башкалар да депутаттыкка шайланышкан. Алардын бир тобу “Кайра куруулардын” соңку жылдары, ал түгүл бир нече айда эле, саясий сабатсыздыкты чукул арада жоюп, эгеменчил жана демократ болуп чыга келишти.

Советтик Кыргызстандын парламентинин дал ушул курамы 1990-жылы Кыргызстандын эгемендиги жөнүндө декларацияны кабыл алды (бул документ жумурияттын биротоло көз карандысыздыкка өтүүсүнө камылгаларды сунуштап, өлкө аталышынан “советтик” жана “социалисттик” сөздөрүн алып салып, көп партиялуулукка жол ачып, Борбордук Азия чөлкөмүнө революциячыл таасир тийгизген улуу декларация болду).

Жогорку Кеңештин дал ушул курамы 1991-жылы февралда борбор шарыбызга тарыхый Бишкек аталышын кайтарып берди, 1991-жылы 31-августта мамлекеттик көз каранды эместикти жарыялады, эгемен пост-советтик Кыргызстандын мамлекеттик атрибуттарын, улуттук акчасын жана 1993-жылдагы пост-советтик Конституциясын кабыл алып, алтын кендерине байланыштуу Ак Үйдүн 7-кабатына жеткен жемкорлукка каршы күрөштү алгачкы болуп баштап берди.

Кейиштүүү, парламент бул күрөштө жеңилүүгө учурап, 1994-жылы күзүндө акаевдик режим тарабынан чала жан органга айландырылды жана ойрон кылынды...

Булардын бардыгы тууралуу өз кезегинде кеңири сөз болмокчу.

Арслан Капай уулу Койчиев, тарыхчы жана жазуучу:

Кыргыз революцияларынын башталышына 30 жыл толуптур! Анда да октябрь айы болчу...

Тарыхый тамыр

Корутундуласак, 1990–91-жылдагы тынч ыңкылаптын негизги жүзөгө ашыруучулары –– жалпы кыргыз эли болду, Жогорку Кеңеш жана КДК –– элдин алдыңкы жана жигердүү өкүлдөрү катары иш алып барышты.

Мындан 30 жыл илгерки саясий ачкачылык –– ошол татаал жана көп тармактуу турмуштун ажырагыс бир үзүмү. Бул окуянын жана КДКнын тарыхын үйрөнбөй туруп, биз 2005-жылдагы, 2010-жылдагы жана азыркы тапта убактылуу арабөк абалда кала берип жаткан 2020-жылдын 5-октябрындагы Үмүт ыңкылабынын тарыхый тамырын аңдай албайбыз.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG