Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

А. АКАЕВ: "Ф.Куловду каматканыма өкүнөм " (1-БӨЛҮК)


Президент Аскар Акаев парламенттик шайлоодо добуш берүүдө. Бишкек. 27.02.2005
Президент Аскар Акаев парламенттик шайлоодо добуш берүүдө. Бишкек. 27.02.2005

2005-жылы 24-апрелде "Азаттык үналгысынын" директору Тынчтыкбек Чоротегин Прага студиясынан ушул тапта Москвада жашап жаткан экс-президент Аскар Акаев менен түз ободо маектешти. (1-бөлүк).

(Суроолор алдын-ала даярдыксыз берилип, жооптор дароо алынды).

- Аскар Акай уулу мырза, угармандарыбыз жообуңузду чыдамсыздык менен күтүп жаткан суроолордун бири - 24-мартта сиз Акүйдөн шашылыш чыгып кеткенде кабинетиңизге калтырып кеткен делген күндөлүк тууралуу. Бул күндөлүктө эмнелер жазылган эле?

- Эгер күндөлүк жөнүндө сөз кылсак, чындыгында менин кабинетимде ондогон, көптөгөн документтер бар болчу. Ошонун ичинде сейфтеги, архивдеги документтер. Ал көп кол жазмалардын ичинде ар кандай менин сүйлөгөн сөздөрүм, докладдарым бар болуш керек. Мен мындай нерсени айтаар элем, ушуга байланшытуу акыркы күндөрдө Акаевдин өз колу менен жазылган бухгалтериясы табылды деген жалган маалыматтарды таратып жатышат.

Коомчулуктун ичинде Акаев жөнүндө ушундай жалган, терс пикир жаратыш үчүн. Мен ушуга толук каршылыгымды билдирем. Менде эч кандай бухгалтерия болгон эмес. Ошондой кагаз таптык, Акаев өз колу менен жазыптыр, кимден канча акча алганын, кимге канча акча бергенин деген. Бул толук жалган маалымат. Менде эч кандай бухгалтерия болгон эмес, болушу дагы мүмкүн эмес. Эгерде аларда кагаз болсо, элге көрсөтүшү керек, экспертиза жүргүзүп далилдеп беришсин.

- Ошол айтылып жаткан маалыматтардын биринде 200 миң сомдой акча каражаты Темирбек Акматалиев мырзадан алынган деген сыяктуу дагы маалымат бар экен. Азырынча “Азаттык” үналгысына Акматалиев мырза “мындай маалыматты төгүнгө чыгарып, мен мындай акчаны колума да алган эмесмин” деп айтып жатат. Бирок сизге карата айыпталып жаткан негизги доолордун биринде дал ушул күндөлүк делген материалда кайсы бир ырасмий өкүлдөрдүн азыр дагы айрымдары бийликте турат, айрымдары бийликтен четтетилген. Ошол өкүлдөрдүн сиздин кабинетке акча бергендиги тууралуу цифралар. Демек бул цифралар сиздин оюңузча төгүнбү?

- Толук жалган деп эсептейм. Анда менин колум менен жазылган эч кандай бухгалтерия табышы да мүмкүн эмес. Ошондуктан муну жалган жалаа жабуу, каралоо катары гана карайм.

Мен ушул боюнча мындай оюмду айткым келет. Мына бизде жаманбы, жакшыбы Конституция бар. Туура азыркы жаңы убактылуу бийлик Конституцияны өзгөртөбүз деп жатышат. Бирок Конституциябыз бар. Мына ошол Конституцияда экс-президентке, президенттин архиви, документтерине кол тийбестик укугу каралган.

Мына ошол Конституциядагы укукту азыркы убактылуу бийлик одоно бузуп, менин кол жазмаларымды, архивдеримдин баарын тинтишип, спекуляция жасап атканынын өзүн оор кылмыш катары караса болот.

Мен ушул боюнча эл аралык сотко кайрылууга азыр мажбур болуп отурам. Мен сөзсүз эл аралык сотко кайрылам. Себеби бул Конституцияны жана менин экс-президент катары укугумду толук бузгандыгы. Ал эми дагы кошумчалап айтам, жанагыдай бухгалтерия табылышы эч кандай мүмкүн эмес. Мунун баары каралап жалган жалаа жаап, элдин ичинде экс-президент Акаевди жаман көрсөтүш максаты катары карайм мен.

- Рахмат. Эми азыркы утурумдук президенттин жума күнкү жардыгында сизге жана сиздин үй-бүлөңүзгө таандык деп жоромолдонгон кырктан ашуун компаниянын аты аталган. Бул тизме тууралуу оюңуз кандай?

- Негизинен, ушул окуя бул жаңы Кыргызстандагы убактылуу бийликтин саясий алсыздыгын көргөзүп турат деген ойдомун. Себеби эгер тарыхка кайрылсак, тарыхта кайсы өлкөдө болбосун, кайсы доордо болбосун, Тынчтыкбек мырза, өзүң тарыхчысың, ошол төңкөрүш аркылуу бийликке келгендер ар дайым бийликти сактап калышы үчүн өткөн бийликти каралоо кампаниясын негизги курал катары пайдаланып келген.

Мына бүгүнкү Кыргызстандагы убактылуу бийлик дагы ошону курал катары пайдаланып атат. Ошонун далили катары азыркы убактылуу президент Бакиевдин чыгарган жарлыгын келтирсек болот. Ошол жарлыкта тизме жазышыптыр, 42 позициядан турган Акаевдердин мүлкү, ишканалары, ресторандары деген.

Мен ошол 42 позициядан турган тизмени үч топко бөлөөр элем. Биринчиден, бул толук мамлекеттик ишканалар. Ошонун ичинде Кадамжай сымап комбинаты, Бишкектеги “Манас” аэропорту, Ысыккөлдөгү санатория “Аврора” жүрөт. Ушуга окшогон бир топ 100 пайыз мамлекеттик ишканалар. Булардын толук мамлекеттик ишкана экенин бардык кыргызстандыктар жакшы билет.

Экинчи бөлүгү, бул 100 пайыз чет өлкөлүк капитал менен иштеген ишканалар. Мисалы “Кумтөр”алтын комбинаты. Муну кыргызстандыктар жакшы билет - акыркы он жылда Канаданын “Камеко” деген компаниясы иштетип жатканын. Токмоктогу иштебей турган айнек заводун толук Германиянын “Генрих Глейсер” деген фирмасы инвестиция жасап иштетип жатат. Азыр ондогон өлкөлөргө айнекти экспортко алып чыгып, Кыргызстандын экономикасына жана бюджетине абдан чоң киреше келтирип жаткан завод. Ошондой эле бир топ 100 пайыз капитал менен иштеген ишканалар.

Үчүнчү топто ресторан, соода борборлорун келтиришиптир. Буларга биздин эч кандай тиешебиз жок. Ушул тизменин ичинде жеке мага тиешелүү бул - президенттик китепкана. Азыр биринчи президент жөнүндө мыйзамды жокко чыгарышты. Бирок өз убагында мыйзамдын негизинде эл аралык жана өзүбүздүн улуттук коомчулуктун каражатына курулган. Анын ичинде менин миңдеген сейрек кездешүүчү, бүткүл дүйнөдөн, дүйнөнүн төрт бурчунан чогулткан китептерим бар. Бул деле Кыргызстандын элине, келечегине кызмат кыла турган нерсе. Мен аны тигил дүйнөгө алып кетпейм, туурабы.

Менин жолдошум Майрам Акаеванын жетим балдар үчүн салган Бишкектеги жана Чолпонатадагы балдар айылдары, “Алтын балалык” балдар санаториясы гана бизге таандык. Мен ошондуктан айтат элем, азыркы бийлик Геббельстин принцибин колдонуп атат, “канчалык жалган жалаа айтсын, ошончолук ишенимдүү болот” деген.

- “МСН” гезити сизге таандык деп жоромолдоп жазып чыккан имаратты, Ишенбай Кадырбеков мырза менен жолукканда кайра сураган экенсиз. Сиз бир кезде өзүңүз кайрылуу жасап (гезитке) каршы чыкпадыныз беле, ошол сөзүңүзгө карама-каршы кадам жасап жаткан жоксузбу?

- Мен Москвадан депутаттардын комиссия тобу менен, жана Ишенбай Кадырбеков менен жекеме жеке жолуккам. Анан ошол Ишенбай Кадырбеков айтыптыр “менден Акаев мындай-тигиндей сураган, ошондо күбө болгон Танаев, Жумалиев” деп. Эч кандай Танаев, Жумалиевдер биз сүйлөшкөндө болгон эмес. Ошондуктан ал кандай айтса, аларга жараша берет. Мен эч нерсе сураган эмесмин. Эгер мен бир нерсе сурасам депутаттар деле айтат эле да.

- Мына ушул кырктан ашуун компания менен байланыштуу бир суроо. Бейшемби күнү кызыңыз Бермет Акаева "Азаттыктын" кабарчысы менен ободо маек куруп, он мүнөттөй сүйлөп, ал дагы азыркы бийликти сынга алды. Анын ичинде "атамдын да, менин да бизнесим жок" деп келип туруп, бирок сиздин күйөө балаңыз жөнүндө айтып, “Манастагы” Ганси аба базасына майды берүүдө, ушул сыяктуу ишкерликте күйөө балаңыз иштегендигин, анын компаниясы ишкерлик менен алектенгендигин айта кетти. Демек, балким “Манас” аэропортун ушул багытта эске алып жатышпасын?

- Болушу мүмкүн. Мен андай деталдарына киришейин деген оюм жок. Туура, күйөө баламын бизнеси болгон, ал бизнесине комиссиянын суроолору болсо, алар өздөрү кийин такташып алат да, туурабы.

Ал эми аэропорттун өзүнө авиакеросин куюучу компаниялардын эч кандай тиешеси жок. Ошондуктан аны өзүнчө тактап алат го деп ойлойм.

Бирок мен жанагы тизме боюнча мындай айткым келет. Менимче азыр ошонун ичинде биздин эч кандай тиешебиз жок ишканалардын кожоюндарынын акыбалына, тагдырына өзгөчө тынчсызданып турам. Себеби мага бир ошол чет өлкөлүк инвестор телефон чалды. Ири ишканасын биздин тизмеге киргизип коюшуптур. Ошол киши айтты, жаңы бийликтин өкүлдөрү биздин ишканага келип, мындай талап койду деди. "Акаевдердин үлүшүн бизге көчүрүп жазып бересиңер" деп.

- Кечиресиз, бул кайсы фирма?

- Токмоктогу айнек заводу. Акаевдин эч кандай үлүшү жок десек, болбой күчкө салып атышат дейт, “жок табасыңар, таппасаңар дагы бизге жазып бересиңер” деп.

Бул чет өлкөлүк менчикти басып алуу дегендикке эле жатат. Эми ошондой инвесторлордун баары кетсе, анда биздин экономикабыздын ураганы ошол болот.

- Ал эми “Вечерний Бишкек” гезити маселеси боюнча сиз кандай дейсиз. Чынында дагы мурдагы президенттин үйбүлөсү бизден күчтөп анын негизги акциясын тартып алганга аракет кылган, анын дагы кожоюндары азыр биз болчубуз деп башка саясатчылар чыгып атат?

- Мен “Вечерний Бишкектин” жана ошого окшогон бир топ объектилердин эч кандай тарыхын билбейт экенмин. Эми аны комиссия тактайт го.

Бирок мен ошол комиссиянын адилеттүү, ачык, айкын иштээрине эч кандай көзүм жетпейт. Менимче алардын максаты башка. Себеби ошол эле комиссия өзүңүз байкагандырсыз, “МСНге” чыккан тизмени көчүрүп жазып алышыптыр. Ошол эле.

Комиссиянын мүчөсү - “МСНдин” башкы редактору, көп жылдар бизге элдин ичинде жалган маалымат таратып, бизге жалаа жапкан Александр Ким жүрөт. Бир топ ошондой адамдар жүрөт. Ошондуктан бул комиссия объективдүү иштеп, ачык, айкын, туура маалымат берет деп эч ким эсептебейт. Мен ушундай ойлойм.

Булардын максаты башка. Булардын эки максатын көрүп турам. Биринчиден, мына азыркы убактылуу бийликтин алдында абдан татаал маселелер турат. Төңкөрүштөн кийин соода түйүндөрү таланып-толонуп, ошондой эле мамлекеттик каражаттар таланды. Мына ушунун баары экономикалык кризиске алып келет. Ушул кыйынчылыктардын баарын азыркы убактылуу бийлик Акаевдин мойнуна илебиз деген максат менен жүргүзүп атат.

Экинчиси, президенттик шайлоо турат алдыда. Ошол элдин ишенимине татыктуу жол менен жаңы социалдык-экономикалык программа менен чыгууга жаңы бийликтин дарамети жок. Ошондуктан Акевди каралап, Акаевди каралоо кампаниясы аркылуу ошол шайлоону утуп чыгабыз деген максаттар менен гана жасап жатышат мунун баарын.

- Рахмат.

(Маектин уландысы бар).

XS
SM
MD
LG