Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:56

Жаштардын өксүгү жана дем берүүчү китептер


Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы 5-10 жыл аралыгында Кыргызстанда дем берүүчү китептерди окуган жана издеген жаштар көбөйдү.

Бул китептердин басымдуу бөлүгү коммерциялык багытта жазылгандыктан мазмуну канааттандырарлык эмес. Адистер муну балдардын мектепте жана үйдө китеп окубаган өксүгүн кийин толтуруу аракети катары баалашууда.

«Жамгыр» басма үйүнүн жетекчиси Арсен уулу Толкунбек өзүн-өзү өнүктүрүүчү китептерди издеген жаштардын көбөйгөнүн алар колдоого, бирөөнүн жол көрсөтүүсүнө муктаж болгонунун белгиси катары түшүндүрдү. Ал жаштар азыр мотивациялык китептерди сурап жатышканын билдирди:

Жазуучу Талантбек Шабиевдин «Китепландия» аттуу жомогу.
Жазуучу Талантбек Шабиевдин «Китепландия» аттуу жомогу.

«Биз 1,5 жылдан бери 13 китеп чыгардык. Бизде китеп окуу абдан көбөйдү. Мисалы, «Асел» деген китепти 1000 тираж менен чыгардык. Эки күндө 500 китеп сатылып кетти. Негизинен жаштар мотивациялык китептерди талап кылышат. Биздин коом учурда үй-бүлөлөргө арналган китептерге абдан муктаж».

2019-жылдын февраль айынан баштап жаш активисттер Бакай Акылбековдун жана Эрлан Смайл уулунун демилгеси менен башталган «Бир адамдан бир китеп» долбоору жаштарды китеп окууга үгүттөөгө багытталган. Бул долбоорго басма үйлөрү да жардам беришкен.

Жаштар «Ийгиликтин 12 сыры», «Бай болгум келет», «Бай атам, кедей атам», «Кадам сайын» жана башка ушул сыяктуу китептерди орус тилинде же орус тилинен кыргыз тилине которулган котормосун окуп жатышат. Дем берүүчү китептерди жазган жергиликтүү авторлор жокко эсе.

«Эмне үчүн жаштар дем берүүчү китептерди издейт?» деген сурообузга билим берүү жаатындагы адис Асылбек Жоодонбеков мындайча жооп берди:

Асылбек Жоодонбеков.
Асылбек Жоодонбеков.

«Бала кезде жол көрсөтүүчү – бул ата-энебиз. Бирок ата-эненин баары эле идеалдуу эмес да. Тилекке каршы, бардык эле ата-эне өз милдетин баланын табиятына, муктаждыгына карап өтөй бербейт. Өзгөчө Кыргызстанда кээ бирөө баланын үстүн бүтүн кылып, тамагын тоё берсе «бактым, кыйраттым» деп ойлойт.

Ал эми мектепке бара баштаган соң балага эң көп таасир берүүчү адамдар - мугалимдер, устаттар. Бирок мугалимдин баары эле устат деген атка татыктуу боло албай жатат. Айрымдары формалдуу, кирип-чыгып сабагын берүү менен гана алектенишет. Балага чыныгы агалык, эжелик таасирин берип, аларды шыктандыруучу агай-эжелер тилекке каршы азыраак. Бала чоңойгон сайын ата-энеси үйдөн багыт бере алса, бала жакшы өсөт, өнүгөт».

Асылбек Жоодонбековдун пикирин №73 мектептин мугалими Насипа Алымбекова да улады. Анын пикиринде үйдө жетиштүү тарбия көрбөй, мээримге чукак болуп өскөн балдардын кийинки жашоосу да татаал болот. Ал бул боштукту китеп дүйнөсү менен толтурса болот, анткени китеп окуган баланын фантазиясы, ой жүгүртүүсү өсүп, жашоого көз карашы калыптанат деген ишенимде.

Ар бир баланын өзүнө тиешелүү китеп текчеси болушу керек.

«Мектептердеги рэкет, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук тууралуу угуп, окуп эле жүрөбүз, - деди ал. - Өспүрүмдөрдүн диний агымдарга азгырышынын себеби - ата-эне балдарына үйүндө жеткиликтүү көңүл бурбайт. Адабий китептерди окутпайт. Балага үйдө ата-эне тарбия бериши зарыл. Ар бир баланын өзүнө тиешелүү китеп текчеси болушу керек. Үй-бүлөдөгү сабатсыздыктан улам ажырашуу, зордук-зомбулук, эң жакын адамдары тарабынан кыздардын зордукталышы көп учурап жатат».

«Мектептерде адабий китептерди окутуу ийримдери ачылса жакшы болмок» деген пикирин билдирген Бишкек шаарынын тургуну, 34 жаштагы Кулпунай Дүйшөнкул кызынын төрт баласы бар. Ал жолдошу экөө иштегендиктен балдарына жетиштүү көңүл бура албай жатканына кейийт.

«Менин эки кызым мектепте окуйт, - деди маектешибиз. - Эртеден кечке атасы экөөбүз жумуштабыз. Ар бир жаңы чыккан китептерден алып беребиз. Үйдө өз алдынча окушат. Кечинде эмне окушканын сураганга жетишпейбиз. Көр турмуштун айынан көпчүлүк ата-энелер балдарыбызга кандай китептерди алып бериш керек экенин билбейбиз».

Адабиятчы, сынчы Жолдош Турдубаев Интернеттеги маалыматтарды иргеп алууга балдарды үйрөтүү зарыл деп эсептейт. Ал үй-бүлөлүк китеп текчеде кандай китептер болушу керек экенин кошумчалады:

Жолдош Турдубаев.
Жолдош Турдубаев.

«Үй-бүлөлүк китепкананы түзүү боюнча элге жол көрсөтүү зарыл. Ар ким колуна тийген нерселерди окуй бергени болбойт, анткени бизде зыяндуу китептер өтө көп. Азыркы жаштар мотивациялык китептерди көп окушат. Ошолордун көпчүлүгү окуганга арзыбайт. Үй-бүлөлүк китепканада «Кожожаш», «Кедейкан», «Курманбек», «Эр Төштүк», «Жаңыл Мырза» сыяктуу кенже эпосторду окутуш керек. Кыргыз эл жомокторун чоңдор деле окуса жакшы болот. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын ар бир үй-бүлө окууга тийиш. Өспүрүм курактагыларга Айтматовдун дээрлик баардык чыгармаларын окута бериш керек. Мисалы, «Эрте келген турналар», «Саманчынын жолу», «Биринчи мугалим», «Ботогөз булак», «Делбирим» повесттерин алар жакшы эле түшүнөт. Мурза Гапаровдун чыгармаларын, «Дарыялардын шоокуму», «Кара-Көлдүн каздары», «Кыз беде» повесттерин өспүрүмдөр, жаштар окушу керек. Касым Каимовдун прозасы да жакшы. Поэзияда болсо Алыкул Осмонов, Сүйүнбай Эралиев, Жолон Мамытовдордун китептерин эч тартынбай окута бериш керек.

Адабият - өзүнчө чоң дүйнө. «Балам окуп жатат, болду» деп тим койбой, кайсы китептерди окуп, кандай түшүнүп жатканын ар бир ата-эне билип, ал тууралуу пикир алмашып турушу кажет. Баланы көбүрөөк сүйлөтүү зарыл. Көркөм адабияттан сырткары таанып-билүү багытындагы китептерди да сунуш кылып, окугандарын айттырып укса, балдар кыйла жакшы кызыгат».

«Кыргыз акын-жазуучуларынын көпчүлүгү жөө жомок деңгээлинде» деген «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир буларга токтолду:

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

«Бүгүнкү күндүн муктаждыгы - үй-бүлөлүк адабият. Азыр бизде үй-бүлөлүк институт талкаланып турат. Мисалы, баланы туура тарбиялоо, эрди-катын маселеси сыяктуу жана балдар адабияты суудай керек. Кыргыз тилдүү балдарга ушул муктаждыкты камсыздап бере албай жатабыз. Балдар логикалык ырааттуу ойлонушу үчүн логикалык китептер, энциклопедиялар, дүйнө тааным китептери керек. Биз өз казаныбыздан кайнап чыкпай эле жомокторду окутуп жатабыз. А биз жаш жеткинчектердин өзүнүн талдап үйрөнүшүнө шарт түзбөй жатпайбызбы?!».

Кыргызстанда быйыл мамлекеттин эсебинен китеп басып чыгарууга 16 миллион сом бөлүндү. Бул туралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Ата-энелер, адабият өкүлдөрү, китеп сүйүүчүлөр таалим-тарбия туралуу, балдар үчүн китептер чыгышын күтүшүүдө.

Кыргызстанда расмий маалымат боюнча бир жаштан 17 жашка чейинки балдардын 41% жакырчылыкта жашайт. Мектеп курагындагы 143 миң балага окуу каражаттары жетишпейт. 2019- жылы мектеп курагындагы 46 өспүрүм суицидге барган. Ал эми боюна бүтүп калган кыздар жылдан-жылга көбөйүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG