Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

Украинанын Жогорку Радасы Жогорку сот жокко чыгарган коррупцияга каршы мыйзамды калыбына келтирди


Украинанын Жогорку Радасы. Киев шаары.
Украинанын Жогорку Радасы. Киев шаары.

4-декабрда Украина парламенти – Жогорку Рада – өз кирешеси тууралуу жалган маалымат берген төбөлдөрдү жазалоо тууралуу мурдагы жобону калыбына келтирүүнү колдоп добуш берди. Бул жобо октябрда Конституциялык сот тарабынан алынып ташталганда, өлкөдө жана тышкаркы чөйрөлөрдө кескин нааразылык билдирилген. Конституциялык соттун бул кадамынын айынан Батыштын Киевге каржылык көмөгү жана Евробиримдикке украин жарандарынын визасы жок каттоо мүмкүнчүлүгү коркунуч алдында калган.

Украина көптөгөн жылдар бою жемкорлуктун азабын тартты, анын айынан элдик ыңкылаптар да болду.

2014-жылдагы «Кадыр-барк ыңкылабынан» кийин кабыл алынган антикоррупциялык мыйзам жемкор жана паракор аткаминерлерге оор жаза чегергендиктен, Украинадагы жемкорлукка каршы күрөштөгү кырдаал кыйла жеңилдеген болчу.

Эми 4-декабрда кабыл алынган жаңы мыйзам мурдагыдай катаал эмес.

Өзүнүн 9 миллион гривна (б.а. 316 714 АКШ долларына тете) акчадан ашуун кирешесин жашырган аткаминер жетекчи эми 51 000ден 85 000ге чейинки гривна акча көлөмүндө айыппул төлөйт (бул 1800дөн 3000ге чейинки АКШ долларынва тете) жана 150дөн 240 саатка чейин коомдук жумушка салынат же 2 жылдык мөөнөткө «эркиндиги чектелет» (бул сөз – абакка кесилет дегенди туюнтпайт).

Андан тышкары, кирешесин жашыргандыгы үчүн ар кандай аткаминерге 3 жылдык мөөнөткө мамлекеттик кызматка дайындалууга тыюу салынышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG