Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Украина: Зеленскийди сынаган шайлоо


Украинада 25-октябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Добуш берүү президент Владимир Зеленскийдин, анын "Эл кызматчысы" партиясынын рейтинги төмөндөп жаткан маалга туш келди.

Жекшембиде шайлоочулар Орусия аннексиялап алган Крым аймагы жана жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк менен Луганск облустарынан башка бардык 22 аймактагы облустук кеңешке, 110 райондук кеңешке, ошондой эле дээрлик 1,5 миң бириккен аймактык-базалык администрацияга добуш беришти. Андан сырткары шаар мэрлери, айыл башчылары шайланмакчы.

Мыйзам боюнча, чакан калаа, айыл-кыштак башчылары биринчи турда эле шайланат. Ал эми 75 миңден ашык адам жашаган шаарларда шайлоодо алдыга чыккан эки талапкер биринчи добуш берүүдөн үч апта өткөн соң экинчи айлампага катышат.

Бул шайлоо жаңы Шайлоо кодексине ылайык өттү жана жергиликтүү кеңештер, шаар, айыл-кыштак башчыларынын баары жаңырмакчы. Жаңы Шайлоо кодексинде жергиликтүү бийликтин Киевден көз карандуулугун азайтуу, тактап айтканда, децентрализация, өкмөттөн каржылык жана саясий да көз карандысыздык берүү каралган. Бул реформа Советтер союзунан калган башкаруу системасын өзгөртөт деп айтылган.

Шайлоо президент Владимир Зеленский менен анын "Эл кызматчысы" партиясы үчүн сыноо болуп калды. Бир катар серепчилер добуш берүү президенттин эл арасында кадыр-баркы азайганынын көрсөткүчү болуп каларын айтышкан.

Зеленский 25-октябрда добуш бергенден кийин өзүнүн жана партиясынын рейтинги төмөндөп жатканы тууралуу суроого жооп берип жатып, жагдайды шайлоодон кийинки сандар көрсөтөт деп айтты.

"Мага, бардык эле украиндер сыяктуу эле биз ишенген адамдарды шайлап алганыбыз маанилүү. Бул - жергиликтүү кеңештерге шайлоо. Бул адамдар жер-жерлерде чечим кабыл алат, бул маанилүү", деди украин президенти.

Соңку сурамжылоолорго ылайык, ага катышкан жарандардын дээрлик 70 пайызы "өлкө азыр туура эмес багытта баратат" деп эсептейт. Ал эми Зеленскийдин рейтинги 50 пайыздан төмөндөдү.

"Rating Group" агенттиги жүргүзгөн сурамжылоо бийликтеги "Эл кызматчысы" партиясы жергиликтүү кеңешке шайлоолордо 17 пайыздай гана добуш аларын көрсөткөн. Бул партия былтыр мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо 54 пайыз добуш топтогон эле.

Бир катар байкоочулар Киев, Харьков, Одесса, Днепр жана Львов өңдүү ири шаарлардын мэрлери кайра шайланып келерин болжошкон. Алардын баары "Эл кызматчысы" партиясынын мүчөлөрү эмес жана Зеленскийге каршы чыгып келишет.

Жаңы Шайлоо кодексинде жергиликтүү кеңештерде мандаттардын 40 пайызы аялдарга бөлүнгөн. Шайлоого жалпысынан 360 партия катышты жана добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы бир канча аптадан кийин чыкмакчы.

Жекшембиде Зеленскийдин демилгеси менен жалпы улуттук сурамжылоо да жүргүзүлдү. Анда украин президенти добуш берген жарандардын ашынган коррупционерлерди өмүр бою абакка кесүү, Донбасста эркин экономикалык аймак түзүү, депутаттардын санын 450дөн 300гө чейин азайтуу, медициналык каннабиске уруксат берүү жана 1994-жылдагы Украинанын өзөктүк куралдан баш тартканы боюнча Будапешт келишиминдеги коопсуздук чараларын колдонуу боюнча пикирине кызыккан. Бул сурамжылоо украин коомчулугунда кызуу талаш-талкуу жараткан.

Добуш берүү Украинада да коронавирус менен ооругандар кайра көбөйө баштаган маалга туш келди. Ишембиде оору дагы 7,5 миңден ашык адамдан аныкталды жана бул кезектеги антирекорд болуп калды. Шайлоочулар добушканаларда социалдык аралыкты сактоого, беткап тагынууга милдеттендирилди жана дене табын өлчөп жатышты.

Киевдин мэри Виталий Кличко добуш берүүгө бир күн калганда коронавируска чалдыкканы белгилүү болду.

Өткөн жылы президенттин кеңсеси Кличкону мэр кызматтан кетирүүгө аракет кылган жана мындан улам бокс боюнча мурдагы чемпион менен Зеленскийдин саясий тиреши ачыкка чыккан.

Борбордук бийлик 2014-жылдан бери Киевдин мэри болуп турган Кличкону "паракорлукка жол берген" жана "шаардык кеңешке көзөмөлдү жоготкон" деп айыптаган. Кличко дооматтардын баарын четке кагып, Коррупцияга каршы улуттук бюрону ишин иликтөөгө чакырган. Бул шайлоодо Кличко оңой жеңери, дагы бир кызматтык орунда калары айтылып жатат.

Украинада коронавирусту 330 миңден көп адам жуктуруп алып, 6 миңден ашык бейтап жан берди.

XS
SM
MD
LG