Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Зеленский Орусияга жакын саясатчыны тандады


Андрей Ермак чоң саясатка президент Владимир Зеленский менен чогуу келген.
Андрей Ермак чоң саясатка президент Владимир Зеленский менен чогуу келген.

Украин президенти Владимир Зеленский 11-февралда өзүнүн администрация башчысы Андрей Богданды күтүүсүз кызматтан алды. Анын ордуна жардамчысы Андрей Ермакты дайындады.

Богдандын кызматтан алынган себеби ачык айтылган жок. Бирок буга чейин Ермак менен Богдандын өз ара саясий тиреши тууралуу сөздөр чыккан болчу.

Ермактын жаңы кызматка дайындалышы анын расмий Москва, орусиялык ишкерлер менен байланышы тууралуу талаш-талкууну да козгоду.

Андрей Ермак чоң саясатка президент Владимир Зеленский менен чогуу аттанган. Ал ушул кезге чейин Зеленскийдин жеке жардамчысы болуп иштеген жана негизинен тышкы саясатка байланыштуу маселелерге жооп берген. Бирок кийинки убакта жергиликтүү бир катар басылмалар президентти жандап жүргөн Богдан менен Ермактын өз ара саясий тымызын тиреши тууралуу жаза башташкан.

Ага ылайык, пикир келишпестик айрым бир ички саясий иштерге байланыштуу келип чыккан. Бирок Ермак соңку маектеринин биринде президенттин айланасындагы күчтөрдүн ортосундагы саясий тиреш тууралуу дооматтарды четке каккан:

«Бизде эч кандай саясий атаандаштык жок. Мен президенттин командасы менен келдим. Мен президенттин тапшырмасын аткарып иштейм. Команданын бардык мүчөлөрү менен сый жана жумушка тиешелүү гана мамиледемин».

Саясий тиреш тууралуу суроолорго Андрей Богдан да жооп берүүдөн баш тарткан. Ал мындай сөздөрдү төгүнгө чыгарган.

Байкоочулар Андрей Ермак буга чейин коомчулуктун калың катмарына көп таанылгысы келбегенин, көмүскөдө жүргөндү жактырганын белгилешет. Бирок кийинки кезде аны Зеленскийдин «экинчи көлөкөсү» деген каймана ат менен атай башташкан. Ал мамлекет башчынын акыркы бир катар маанилүү жолугушуулары менен иш-чараларында Богдандын ордуна аны коштоп жүргөн.

Ермак чоң саясатка келгенге чейин юрист жана кинопродюсер болгон. Ал украин президентине таандык «Квартал 95» шоусун тейлеген юридикалык компанияны жетектеген.

Ермак коомчулуктун калың катмарына былтыр октябрь айында Украина менен Орусия өз ара туткун алмашкан учурда таанылган. Москва бошоткон украиналык туткундарды мекенине Ермак алып келген. Ал анда орус президентинин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак менен жолуккан.

Ошондой эле Ермак былтыр жыл аягында Парижде өткөн «Норманд төрттүгү» форматындагы жолугушууну уюштуруу иштерине жигердүү аралашкан. Андан сырткары АКШ бийлигинин өкүлдөрү менен расмий жана расмий эмес жолугушуууларды өткөргөн. Анын ичинде Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын жеке адвокаты Рудольф Жулиани менен да кездешкен.

Ермак Зеленский сыртка чыккан сайын аны такай коштоп-жандап жүргөн. Тактап айтканда, украин президентинин Омандагы чуулгандуу сапарында, ал Давостогу экономикалык форумга барганда жана жакында эле Ватиканда болгондо жанында болгон.

Былтыр күзүндө «Схема» программасы Ермактын Орусия менен байланышы тууралуу кеңири иликтөө жарыялаган. Анда президенттин жаңы администрация башчысы орусиялык Рахамим Эмануилов менен ишкер өнөктөш экени айтылган. Ошондой эле Федерация Кеңешиндеги Камчаткадан шайланган депутат Валерий Пономарев жана орус президенти Владимир Путиндин тайпалашы Илхам Рагимов менен алака-катышы тууралуу сөз болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG