Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Украина: журналист менен аткаминердин чыры


Андрей Портнов.
Андрей Портнов.

Украин полициясы «Азаттыктын» украин кызматынын кабарчыларынын арызынын негизинде президенттик администрациянын жетекчисинин мурдагы орун басары Андрей Портновго «Журналисттердин кесиптик мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуу» жана «Журналистке зомбулук көрсөтүү» беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу полиция башчысынын орун басары Максим Цуцкиридзе билдирди.

Андрей Портнов Евромайдан деп аталган элдик толкундоодон кийин бийликтен кеткен президент Виктор Януковичтин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ал Янукович менен кошо алгач Орусияга качып кеткен. Мурдагы аткеминер Украинага быйыл май айында, азыркы мамлекет башчы Владимир Зеленский ант берген күндүн эртеси учуп келген. Украинага келгенден кийин ал ушул жылы бийликтен кеткен президент Петро Порошенкого каршы арыз жазган. Саясатчы Порошенкону бийликти мыйзамсыз сактап калуу аракети, экономикалык жана башка кылмыштар үчүн айыптаганы белгилүү.

Андрей Портнов (оңдо) менен мурдагы президент Виктор Янукович.
Андрей Портнов (оңдо) менен мурдагы президент Виктор Янукович.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматынын «Схеми» программасынын кабарчылары Портновдун Украинанын азыркы бийлиги менен болжолдуу байланышын иликтеп жатышкан.

«Схеми» - Украинанын иликтөө журналистикасындагы эң белгилүү программалардын бири.

Ал арада Андрей Портнов да «Схеми» программасынын кабарчыларына каршы арыз жазганын билдирди. Анын 7-ноябрда айтканына караганда, азыр ал өзү да Украинанын «112» телеканалында иштеп жатат. Ошондуктан, тескерисинче, «Схеминин» кабарчылары анын журналисттик ишине тоскоолдук кылып жатканын билдирүүдө.

Саясатчы буга чейин «Схеми» программасынын жана анын кызматкерлеринин 16 автоунаасынын каттоо номурларын жарыялап жиберген. Андан тышкары айдоочунун аты-жөнүн, туулган күнүн, даректерин да ачыкка чыгарып, элди аларды билип алууга чакырган. Мындан тышкары, журналисттердин турмуштук жана жеке маалыматтарын, кайда барып, кантип жашап жатканын да жарыялап жибере турганын билдирип опузалап жаткан.

Андрей Портнов муну Украинанын «112» телеканалында иштегендиктен, журналист катары жарыялоого укугу бар экени менен түшүндүрүүгө аракет кылып жатат.

Бирок 4-ноябрда маалымат каражаттарын өнүктүрүү жана сөз эркиндиги коргоо боюнча «Медиарух» коалициясы Портновдун аракеттерин сындап, өкмөттү жана укук коргоо органдарын ага чара көрүүгө үндөгөн.

«Схеми» прграммасынын кабарчысы Михаил Ткач 6-ноябрда парламент комитетинде сөз эркиндигине жана журналисттердин коопсуздугуна арналган жыйында депутаттарды жана президент Владимир Зеленскийдин өкмөтүн өз кызматтык милдеттерин так аткарууга жана сөз эркиндигин камсыз кылууга чакырган.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай да Андрей Портновдун «Схеми» программасынын журналисттери тууралуу билдирүүсүн, басым жасап, коркутуусун айыптады. Ошондой эле ал укук коргоо органдарын мурдагы депутаттын аракеттерине мыйзам чегинде чара көрүүгө чакырган.

- Бул болбойт. Сыягы, ал гана эмес, Украинада кимдир-бирөө журналисттерге кесиптик ишмердүүлүгүнө каршы болуп, жеке маалыматын жарыялоосу, көзүн тазалайм деп коркутуусу же башка жолдор менен басым кылышы мыйзамсыз, - деди Жейми Флай.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG