Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Украина: «Азаттыктын» кабарчыларын коркутуу боюнча иш козголду


Михаил Ткач.
Михаил Ткач.

Украинанын полициясы "Азаттыктын" украин кызматынын кабарчыларынын арызынын негизинде юрист Андрей Портновго "Журналисттердин кесиптик мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуу" жана "Журналистке зомбулук көрсөтүү" беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Андрей Портнов Виктор Янукович президент болуп турганда анын администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ал "Схеми" программасынын журналисттеринин турмуштук жана жеке маалыматтарын, кайда барып, кантип жашап жатканын ачыкка чыгарып жибере турганын айтып, коркутуп жаткан.

Януковичтин таасирлүү саясий өнөктөшү болгон Портнов жакында эле Украинага кайтып келген. Ал Евромайдан деген ат менен таанылган окуялардан кийин өлкөдөн чыгып кеткен болчу. Ал мурдагы президент Петр Порошенко баштаган бир катар саясатчыларга кылмыш ишин козгоо тууралуу арыз жазган. Буга чейин "Схеми" программасы Портновдун Украинанын азыркы бийлиги менен ыктымал байланышын иликтеп жатканын ырастаган.

"Схеми" прграммасынын кабарчысы Михаил Ткач 6-ноябрда парламент комитетинде сөз эркиндигине жана журналисттердин коопсуздугуна арналган жыйында депутаттарды жана президент Владимир Зеленскийдин өкмөтүн өз кызматтык милдеттерин аткарууга жана сөз эркиндигин камсыздоого чакырган.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай Андрей Портновдун билдирүүсүн, басым жасап, коркутуусун айыптаган. Ошондой эле ал укук коргоо органдарын мурдагы депутаттын аракеттерине мыйзам чегинде чара көрүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG