Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Порошенко 12 ишке күбө катары тартылууда


Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко Иликтөө боюнча мамлекеттик бюрого суракка келген учур.
Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко Иликтөө боюнча мамлекеттик бюрого суракка келген учур.

Украинанын Иликтөө боюнча мамлекеттик бюросу кызмат абалынан кыянат пайдаланган болушу мүмкүн деген айыптар боюнча мурдагы президент Петро Порошенкого байланышкан 12 ишти тергеп жатат.

Анын баарында мурдагы президент күбө катары сурактан өтүүдө. Порошенко бул иштердин баарын «саясий куугунтук» десе, анын атаандаштары экс-президентти камакка ала турган далилдер жетиштүү экенин билдирип жатышат.

12-августта күнү мурдагы украин президенти Петро Порошенко «Прямой» телеканалын сатуу иши боюнча сурак берип чыкты. Май айында, мамлекет башчы Владимир Зеленский ант берген күндүн эртеси Украинага учуп келген мурдагы президент Виктор Януковичтин президенттик администрациясынын башчысынын орун басары Андрей Портнов Порошенкого каршы кеминде төрт арыз жазган. Анын катарында «Прямой» телеканалына рейдерлик жол менен ээлик кылуу иши да бар.

«Бизге карата «Прямой» телеканалын рейдерлик жол менен басып алуу боюнча иш бар. Анын демилгечиси Портнов мырза. Ал президент Януковичтин президенттик администрациясынын орун басары болгон, 16-январда кабыл алынган мыйзамдардын демилгечилеринин бири. Ага каршы ыңкылап болгон. Азыркы учурда чындыкка коошпогон анын божомолдорунан улам Иликтөө боюнча мамлекеттик бюро үч айдан бери журналисттерди коркутуп жатат», - деди мурдагы украин президенти Петро Порошенко.

​Адвокат Игорь Головандын айтымында, Порошенко 12-августта «Кузница на Рыбацком» заводунун сатылышы боюнча да сурак берди. Порошенконун инвестициялык фонду ээлик кылып келген «Кузница на Рыбацком» коргонуу заводу былтыр ишкер Сергей Тигипконун ТАС бизнес-компаниясына сатылган. Бирок Портнов арызында кеме жана танкер жасаган бул ишкана Тигипконун Кипрдеги офшордук компаниясына сатылганын, ал эми чындыгында ээси алмашпай эле, азыр да аны Порошенко башкарып жатканын билдирип жатат.

Украинанын Иликтөө боюнча мамлекеттик бюросу Орусияда туткунда жаткан 24 украин деңиз кызматкеринин кармалышы боюнча да маселени иликтеп жатканы маалым болду. Бул да Андрей Портновдун арызы менен ачылган иш.

Портнов президенттин былтыр күзүндө украин моряктарынын Керч кысыгындагы аракеттери тууралуу буйругу Улуттук коргонуу жана коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырууну, өлкөгө аскердик абал киргизүүнү көздөп, анын жыйынтыгында марттагы президенттик шайлоонун мөөнөтүн артка жылдырууну максат кылган деп эсептейт. Чындыгында эле Орусия менен чектеш 10 облуста 28-ноябрда бир айга Керч кысыгындагы окуяга байланыштуу аскердик абал киргизилген. Ал бир айдан кийин токтотулган.

Украинанын 24 деңиз аскерин 2018-жылы ноябрда Орусия камакка алган. Анда орусиялык чек арачылар аннексияланган Крымдын жээктерине жакын Керч куймасында үч украин кемесинин жолун тороп, аларга ок атышкан. Туткунга түшкөн экипаж «Орусиянын чек арасын бузган» деген кине менен жарым жылдан бери Москвада тергөө абагында отурат. Киев ал кезде бул окуяны «агрессия», ал эми офицерлерди «аскер туткундары» деп атаган.

Порошенко сотторду мыйзамсыз дайындоо, 150 000 доллар пара алды деп кармалган судья Николай Чаусанын өлкөдөн чыгарып жиберүү ишине байланыштуу да суракка тартылууда.

Мындан тышкары, парламент депутаттары Нестор Шуфрич менен Василий Нимченко өкмөт башчы Владимир Гройсманды премьер-министрликке дайындоодо мыйзамдар бузулганын айтып сотко кайрылышкан. Алардын көз карашында, ошол кезде Жогорку Радада көпчүлүк коалиция жоктугуна карабастан Петро Порошенко Владимир Гройсманды өкмөт башчылыкка дайындоо тууралуу сунуш киргизип, мыйзам талаптары бузулган. Бул кылмыш иши боюнча парламент спикери Андрей Парубийдин, премьер-министр Владимир Гройсмандын жана башкалардын да аты аталып жатат.

Украинанын Иликтөө боюнча мамлекеттик бюросу изилдеп жаткан иштердин дагы бири - мурдагы президенттин 2018-жылдын январында Мальдив аралдарында эс алуусу. Маалыматтарга караганда ал жасалма паспорт менен чек арадан мыйзамсыз өткөн. Башкача айтканда, бир канча адам болуп бөтөн ысымдар менен чет өлкөгө чыгып, эс алып келгенм кабарланган. Порошенко өзүнө коюлган айыптардын баарын саясий куугунтук деп эсептейт.

Андрей Портнов.
Андрей Портнов.

«Ал беш жыл ичинде өлкөнү полициялык мамлекетке айландырган, өзүнө баш ийген прокуратураны түзүп, жакын адамын прокурор кылган, укук коргоо органдарын саясий принциптер менен түзүп, кылмыш иштерин жеке өзү көзөмөлдөгөн. Эми ушул адамдын «саясий куугунтук болуп жатат» деп айтууга укугу барбы? Ал азырынча шектүү эмес. Бирок ал эртеби-кечпи, шектүү да, айыпталуучу да болот», - деди Петро Порошенкого каршы бир канча арыз жазган Андрей Портнов.

Мурдагы президент Петро Порошенко жогорудагы жана башка иштер, жалпысынан 12 иш боюнча күбө катары суракка тартылууда. Экс-президент өзүнө байланышкан бардык шектенүүнү четке кагып жатат. Ал быйыл апрелдеги президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Владимир Зеленскийге утулуп калган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG