Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

Украин эли бийлик тизгинин жаңы күчкө берди


Президент Владимир Зеленский жана анын санаалаштары экзит-полдун жыйынтыгына көз салууда. Киев, 21-июль, 2019-жыл.
Президент Владимир Зеленский жана анын санаалаштары экзит-полдун жыйынтыгына көз салууда. Киев, 21-июль, 2019-жыл.

Украинадагы парламенттик шайлоодо "Эл кызматчысы" партиясы рекорддук көрсөткүч менен алдыга чыкты. Добуштардын 65% эсептелгенден кийинки жыйынтык боюнча президенттин партиясы 42,5% алды. Атаандаштарынан ири айырма менен алдыда.

Украинадагы жакында өткөн президенттик шайлоодогудай эле экзит-пол бул ирет да көп жаңылган жок. Жекшембидеги парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына караганда, Жогорку Радага кирүүгө мүмкүндүк берген 5% босогодон беш партия өтүштү.

Президент Владимир Зеленский негиздеген «Эл кызматчысы» партиясы атаандаштарынан ат чабым алдыда. 42,5% - рекорддук көрсөткүч. Эгемен Украинанын буга чейинки парламенттик шайлоолорунда алдыңкы партиялардын бири да 35% көп добуш алган эмес.

Ошол эле маалда шайлоочулардын 49,8% гана добушканага келди. Бул тескерисинче эгемен Украинанын парламенттик шайлоосундагы эң төмөнкү көрсөткүч.

Экзит-полдун жыйынтыгы жарыялангандан кийин президент Владимир Зеленский жыйынтыкты мындай кабыл алды:

"Бул мен жана бүтүндөй командам үчүн зор ишеним гана эмес, чоң жоопкерчилик дагы болуп турат. Биз украиндерди уятка калтырбайбыз. Биздин приоритеттерди билесиңер. Алар мурдагыдай эле. Ар бир украиналыктын приоритети да ошол деп ишенем - согушту жыйынтыктоо, туткундарды бошотуу. Ошондой эле өлкөбүздө дале өкүм сүргөн коррупцияны жеңүү".

Зеленскийдин партиясына 122 мандат тийиши күтүлүүдө. Андан кийин 13% добуш менен «Оппозициялык платформа – жашоо үчүн» партиясы экинчи келди. Анын лидерлеринин бири - Орусия президенти Владимир Путинге жакын Виктор Медведчук. Ал эми мурдагы президент Петр Порошенконун «Европалык тилектештиги» 8,5% алса, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун «Батькивщинасы» 8% добуш топтогон. Эң акыркы болуп 6,3% менен ырчы Святослав Вакарчуктун «Добуш» партиясы босогодон өттү.

Ал эми Грузиянын мурдагы президенти, Одессанын мурдагы губернатору Михаил Саакашвилинин партиясы 0,47% добуш гана топтоду. Саакашвили шайлоого аз калганда Зеленскийди колдоого чакырган болчу.

Бир мандаттуу округдар

Партиялык тизме менен шайлангандарга Жогорку Рададагы 450 мандаттын жарымы гана тиет. Жарымы бир мандаттуу округдарга бөлүштүрүлгөн. Бирок Крымды Орусия аннексиялап, ал эми жикчилдер башкарган Донбасста шайлоо өткөрүлгөн жок. Ошон үчүн бир мандаттуу округдардан бул ирет 199 гана депутат шайланат. Анын 125инде «Эл кызматчысы» көрсөткөн талапкерлер алдыга чыгышты.

Святослав Вакарчук
Святослав Вакарчук

Эгер «Эл кызматчысы» жеке көпчүлүктү түзбөй калса Святослав Вакарчуктун «Добуш» партиясы менен коалицияга биригиши мүмкүн. Буга Вакарчук даяр экенин билдирген:

“Эгер коалицияда болсоң, бийлигиң кыйла чоң болот. Кайсы бир нерсеге таасир этип, өзгөрткөнгө мүмкүнчүлүк кыйла чоң болот".

Ошол эле маалда “Эл кызматчысынын” буга чейин өлкө башкаруусуна аралашкандар Порошенко, Тимошенко жана Бойко жетектеген фракциялар менен биригиши күмөн. Президент да “Өкмөт башына экономиканы билген, буга чейин премьер-министр да, спикер да болбогон адам келиши керек” деп баса белгилөөдө.

Анын үстүнө добуш бергендер да жаңы күчтөрдү тандашканын айтып жатышат:

"Мен адегенде Украинадагы өзгөрүүлөр үчүн жана Украинанын келечеги үчүн. Президентибиз менен биргеликте Украинаны жакшы жагына өзгөртө алабыз го деп үмүттөнөм". – деди пенсионер Надежда Николаевна.

Ишкер Павел Криворучконун пикири да ушуга жакын:

"Бир гана «Эл кызматчысы». Калганы буга чейин өздөрүн көрсөтүп бүтүштү. Украин эли үчүн колунан эмне келсе жасашты. Эми аларга эс алууга убакыт келди".

Виктор Медведчук шайлоонун алдында Орусия президентине жолугуп турду.
Виктор Медведчук шайлоонун алдында Орусия президентине жолугуп турду.

Жогорку Рада, натыйжада өкмөт колго өтсө, мындан ары Украинанын тагдырына Зеленскийдин командасы жоопкер болору күтүлүп жатат. АКШнын Украинадагы мурдагы элчиси Жон Хербст “Азаттыкка” маегинде Зеленский бардык бийликти колго алып жатканына токтолду:

“Өзөктүү маселе мында, президенттик жана парламенттик шайлоолордун ортосунда Зеленский өзүн олуттуу реформа жүргүзүү керек болгон абалга койду. Эгер ал ошолорду жасоону кааласа”.

Ошентсе да жаңы күчтөрдүн лидери саналган президентке ишенбей тургандар да аз эмес. Буга чейин мамлекеттик кызматта же саясатта жүрүп тажрыйба топтобогон Зеленскийге көп жылдан бери экономикасы оңоло албай жаткан өлкө тийди. Ал ошондой эле көшөгө артында маселе чечип, өлкөнү башкарууга аралашкан олигархтардан канчалык көз карандысыз деген да кабатырлануу бар. Буга Зеленскийдин Украинадагы эң бай адамдардын бири Игорь Коломойский менен байланышы түрткү берүүдө.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG