Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

Михаил Саакашвили Украинага кайтып келди


Михаил Саакашвили.
Михаил Саакашвили.

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили 29-майда Украинага кайтып келди. Аны түмөндөгөн адамдар «Миша!» деп ураан чакырып тосуп алды.

Алдыңкы күнү Украинанын президенти Володимир Зеленский Саакашвилиге украин жарандыгын кайтарган буйрукка кол койгон. Мамлекеттик чек ара кызматы болсо Одесса облусунун экс-губернаторунун өлкөгө киришине тоскоолдук болбой турганын айткан.

Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко Саакашвилиге 2015-жылдын 30-майында жарандык берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. Бирок эки жылдан кийин Саакашвили Петро Порошенко менен пикири келишпей, кызматынан баш тарткан. Порошенко өз буйругу менен Михаил Саакашвилини жарандыктан ажыраткан. Ошол эле жылы сентябрда Саакашвили тарапкерлеринин жардамы менен Украинанын аймагына кирип барып, Порошенконун кызматтан кетишин талап кылган акция уюштурган.

Былтыр февралда Украинанын Чек ара кызматы Саакашвилиге Украинага кирүүгө тыюу салган. Михаил Саакашвили быйыл февралда Киевдеги ресторандан кармалып, учакка күчтөп салынып, Польшага депортацияланган. Андан ары Голландияга барып, ошол жакта туруктуу жашоого уруксат алган.

XS
SM
MD
LG