Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

Зеленский Путинди «айтышка» чакырды


Украинанын президенти Владимир Зеленский. Киев. 27-июнь, 2019-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. Киев. 27-июнь, 2019-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын лидери Владимир Путинди бетме-бет сүйлөшүүгө чакырды.

8-июлда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу видео кайрылуусунда Зеленский Путин менен Беларустун баш калаасы Минскиде жолугушууга даяр экенин айтты.

«Азыр мен Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылгым келет. Сүйлөшүү керекпи? Керек. Келиңиз, Крым кимдики, Донбасста кимдер жок экенин талкуулап алалы», - деген Зеленский ал сүйлөшүүгө сөзсүз АКШнын, Германиянын, Франциянын жана Британиянын лидерлери катышуусу абзел экенин кошумчалады.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль Зеленскийдин чакыруусун карап көрөрүн айтып, азыркы тапта бул маселе боюнча дароо жооп бере албасын кошумчалады.

«Биринчиден, мындай жолугушуунун келечеги бар экенин түшүнүшүбүз керек. Экинчиден, кандай формат сунушталып жатканын билип алышыбыз зарыл», - деди Песков.

«Украинада тынчтыкты дипломатия аркылуу гана орнотосо болот»

Кийинчерээк Зеленский Евробиримдиктин жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолугуп жатып, Украинада тынчтыкты дипломатиялык сүйлөшүү аркылуу гана орнотсо болорун билдирди.

«Биз бул согушту токтоткубуз келет, биз Украинада тынчтык орношун каалайбыз. Бирок муну бир гана курал менен ишке ашырса болот - ал дипломатия», - деди Зеленский.

Анткен менен украин президенти өлкөсүнүн аймактык бүтүндүгү толук калыбына келтирилмейинче, Орусияга каршы санкциялар сакталышы керек экенин да кошумчалады. «Эгер санкциялар боюнча кимдир-бирөөдө суроо жаралса же күмөн санап жатышса, анда бул согуш кандай азап алып келгенин көрүү үчүн баарын Донбасска чакырам», - деди ал.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Еврокомиссиянын башчысы Дональд Туск. Киев. 8-июль, 2019-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Еврокомиссиянын башчысы Дональд Туск. Киев. 8-июль, 2019-жыл.

Москва Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган. Көп өтпөй Кремль өлкө чыгышындагы Донбасс облусундагы жикчилдерге колдоо көрсөтө баштаган. Куралдуу кагылышуу башталган беш жылдан бери 13 миңдей жарандын өмүрү кыйылды. Орусия Донбасстагы жаңжалга тиешеси жок экенин билдирип жүрөт.

Орусия-Украина телекөпүрөсү болбой калды

Зеленскийдин видеокайрылуусу украиналык «News One» телеканалы орустардын «Россия-1» мамлекеттик телеканалы менен телекөпүрө жүргүзүүнү көздөп жаткан маалда болду.

7-июлда өзүнүн Батышка каршы билдирүүлөрү менен белгилүү алып баруучу Дмитрий Киселев «Бизге сүйлөшүү керек» деген аталышта орус-украин телекөпүрөсү өтөрүн жарыялаган. «News One» телеканалын орусиячыл саясатчы Виктор Медведчук менен байланыштырып келишет.

Орус тараптан телекөпүрөнү Андрей Малахов менен Мария Ситтел алып барышмак, ал эми Украина жактан Елена Кириак менен Василий Голованов алып баруучу болушмак.

«News One» телеканалы тараткан билдирүүдө «Крым жана Донбасс - бул Украина. Болгон жана боло берет. Биз украин жана орус элдеринин ортосунда ушундай ачык диалог уюштурууну журналисттик милдетибиз катары эсептейбиз», - деп жазылган.

Зеленский муну парламенттик шайлоо алдындагы «арзан жана кооптуу пиар» деп атады. Украинада мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 21-июлга белгиленген.

Украинанын президенти телешоунун максаты украиналыктарды эки жаатка - «орусиячылдарга» жана «батышчылдарга» бөлүү экенин билдирди.

«News One» телеканалына каршы кылмыш иши козголду

Президентке чейин эле телекөпүрөнүн уюштурулушуна мурдагы премьер-министр Владимир Гройсман, экс-мамлекет башчы Петро Порошенко, «Батькившина» партиясынын лидери Юлия Тимошенко, «Добуш» (Голос) партиясынын лидери Святослав Вакарчук да каршылыгын билдирген.

Президенттин кайрылуусунан кийин «News One» телеканалы телекөпүрөдөн баш тартканын билдирди.

«Сүйлөшүшүбүз керек» телекөпүрөсүнүн анонсу. Киев. 8-июль, 2019-жыл.
«Сүйлөшүшүбүз керек» телекөпүрөсүнүн анонсу. Киев. 8-июль, 2019-жыл.

Украиналык редакция билдиргендей, журналисттерди жана алардын жакындарын коркутуп-үркүткөндөр болгон

Украинада Башкы прокуратура Орусия менен телекөпүрө форматында берүү уюштурганы жаткан News One телеканалына «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген айып менен кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокурор Юрий Луценко алып баруучулардан тартып телеканалдын кожоюндарына чейин суракка чакырылганын билдирди. Андан сырткары каналдын активдерин камакка алыш үчүн сотко доо арыз даярдалып жатканы маалым болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG