Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Украин президенти Донбасска барды


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский 27-майда согуш аракеттери жүрүп жаткан Донбасска барып кетти.

Жаңы мамлекет башчы кызматка киришип жатып 13 миң кишинин өмүрүн алган жаңжалды жөнгө салууга артыкчылык бере турганын белгилеген. Беш жылдан бери орусиячыл жикчилдер менен согушту токтотуу аракеттеринен майнап чыкпай келет.

Мамлекет башчы катары аймакка жасаган алгачкы сапары учурунда Владимир Зеленский Луганск облусундагы украиналык аскерлердин позицияларын көрүп кетти.

Президент өзүн "Луганск Элдик жумурияты" деп жарыялаган орусиячыл жикчилдердин бөлүктөрү топтолгон жерден 400 метр алыс траншеяларда болуп, катардагы жоокерлер, офицерлер менен баарлашты, кырдаал менен таанышты жана командачылыктын докладын укту.

Мамлекет башчынын уруш зонасына сапары тууралуу видеолорду анын басма сөз кызматы таратты. Маалыматта айтылгандай, Зеленский жоокерлердин жашоо шарттары, техника, турак жай менен камсыздалышы, мамлекеттен кандай социалдык жардам берилип жатканы менен таанышкан.

20-майда кызматка киришип жатканда Владимир Зеленский өлкө чыгышында тынчтык орнотууга артыкчылык берилерин белгилеген жана бул максатка жетүү үчүн «бардык кадамдарга» барууга даяр экенин айткан.

«Биздин биринчи максатыбыз – Донбасстагы ок атышууну токтотуу. Бул согушту биз баштаган эмеспиз. Бирок биз согушка чекит коюшубуз керек».

Президент Орусия менен диалогду баштоо Украинага таандык жер жана туткундар кайтарылгандан кийин гана мүмкүн болоруна басым жасаган.

Шайлоо кампаниясы маалында Зеленский жаңжалды жөнгө салуу үчүн өздөрүн "жумурияттар" деп атап алган аймактардын жетекчилери менен тикелей сүйлөшүүгө барышы мүмкүн деген шектенүүлөр айтылып келген. Мурдагы президент Петро Порошенконун тушунда Киев “Кремлдин кол баласы" менен сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тарткан.

Согушту токтотуу аракеттери шайлоо учурунда башкы маселелердин бири болду.

Украинанын чыгышындагы жаңжал 2014-жылы, москвачыл президент Виктор Янукович бийликтен кулатылып, Орусия Крым жарым аралын басып алгандан кийин тутанган. Натыйжада Украинанын Луганск жана Донецк аймактары Орусия колдогон жикчил топтордун көзөмөлүнө өткөн.

Өздөрүн “Луганск жана Донецк элдик жумурияттары” деп атап алган аймактардын көз карандысыздыгын дүйнө өлкөлөрү тааныган эмес.

Урушту токтотуу аракеттеринен майнап чыкпай, эл аралык келишимдердин шарттары аткарылбай жатат.

Куралдуу кармаштан беш жыл ичинде 13 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG