Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 28-январь, 2020 Бишкек убактысы 10:44

Украина - Орусия атышууну токтотууну макулдашты


Украинанын, Орусиянын, Германиянын жана Франциянын лидерлери. Париж, 9-декабрь, 2019-жыл

Орусия менен Украина ушул жылдын аягына чейин Донбасстагы атышууну таптакыр токтотууну жана эки тарапта капмалып турган бардык туткундарды алмашууну макулдашты.

Бул тууралуу Орусия менен Украинанын президенттери 9-декабрда Париждеги жолугушуудан соң билдиришти. “Норманд төрттүгү” форматындагы жолугушууга Германиянын жана Франциянын президенттери да катышты. Ал жолугушуу Украинанын чыгышында 2014-жылдан бери 13 миңден көп адамдын өмүрүн алган жаңжалды жөнгө салууга багытталды.

Украин президенти Владимир Зеленский «биз Орусия менен диалогду ачтык. Бул факт» деп билдирди Париждеги жолугушуудан кийин Орусиянын, Германиянын жана Франциянын лидерлери менен өткөргөн биргелешкен басма сөз жыйынында.

Украинанын, Орусиянын, Германиянын жана Франциянын лидерлери. 9-декабрь, 2019-жыл
Украинанын, Орусиянын, Германиянын жана Франциянын лидерлери. 9-декабрь, 2019-жыл

- Менин бул жерге келгенимдин башкы себеби, Минскиде макулдашылгандай, бардык туткундарды бардык туткундарга алмашуу. Биз мөөнөтүн аныктадык. Мен бул ишке ашат деп үмүттөнөм. Туткундарды алмашууну 24-декабрда баштоону макулдаштык. Мен биздин адамдар үйлөрүнө өз учурунда келип, жаңы жылдык эс алууну үй-бүлөсү менен өткөрүүсүн абдан каалайт элем.

Учурда Орусияда жана жикчилдердин колунда 72 украиналык туткун кармалып турат. “Норманд төрттүгү” сүйлөшүүсүнүн катышуучулары Украинанын чыгышындагы үч тилкеден күчтөрдү жана каражаттарды алып чыгып кетүүнү, ок атышууну толук токтотууну макулдашты.

“Бул - биздин баамыбыз боюнча да Украинанын түштүк-чыгышындагы абалды жөнгө салуу жана атышууну токтотуу багытында маанилүү кадам” деп айтылат биргелешкен билдирүүдө.

Путин менен Зеленский төрт айдан кийин кайрадан жолугушууну да макулдашкан. Бул - быйыл апрелде президенттикке шайланган Владимир Зеленскийдин Путин менен алгачкы көзмө-көз жолугушуусу болуп калды.

Ошол эле кезде жолугушууда чек ара тилкесин көзөмөлдөөнү толук Киевге өткөрүп берүү боюнча орток пикир табылган жок. Украина азыр Луганск жана Донецк облустарындагы 400 чакырым чек арасын көзөмөлдөбөйт.

- Чек арага келсек, бизде Владимир Александрович (Зеленский) менен көз караштарыбыз эки башка. Мында биздин (Орусиянын) позициябыз жөнөкөй: биз Минск макулдашуусунун аткарылышын жактайбыз. Анда шайлоонун эртеси Украина өзү чек араны көзөмөлдөй баштайт деп жазылып турат, - деген Орусиянын президенти Владимир Путин бул жерде Луганск жана Донецк облустарынын макамын аныктаган жана аларга өзгөчө макам берүүнү караган шайлоо өткөрүү тууралуу айтып жатат.


Донбасстагы жаңжалды басууну көздөгөн Минск келишими 2015-жылы түзүлгөн. Анын алкагында Киев, Москва жана ЕККУ «Штайнмайер формуласы» деген ат менен белгилүү документке быйыл 1-октябрда кол коюшкан.

Аталган документке ылайык, өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары» («ДНР» жана «ЛНР») деп атап алган облустардагы шайлоонун жыйынтыгын эл аралык коомчулук таанууга тийиш. Ушундан кийин аймактардан куралдуу топтордун баары чыгарылып, Украина чыгышындагы Орусия менен чек арасын өзү толук көзөмөлдөй баштамакчы.

Украинанын президенти Владимир Зеленский «Штайнмайер формуласын» жана Крым жарым аралынын тагдырын кийинки жолугушууларда көтөрө турганын билдирди.

Украин президенти Владимир Зеленский менен орус лидери Владимир Путиндин Париждеги жолугушуусуна Киевде миңдеген адам түз эфирде көз салып турду. Оппозиция Зеленскийди бул кездешүүдө Украинанын позициясын бекем коргоону жана беш «кызыл чектен» өтпөөнү талап кылышкан.

Украинанын чыгышындагы жаңжалды басууну көздөгөн, Берлин, Париж, Москва жана Киевдин башын бириктирген «Норманд төрттүгү» форматындагы сүйлөшүүлөр 2014-жылы башталган. Буга чейин үч ирет жолугушуу өтүп, Украинанын, Орусиянын, Франциянын жана Германиянын башчылары акыркы жолу 2016-жылдын октябрында кездешкен.

Орусия 2014-жылы Украинадагы Евромайдан окуяларынан кийинки бийлик алмашуудан көп өтпөй Крым жарым аралын аннексиялаган. Ошондой эле Донецк жана Луганск облустарындагы украин өкмөтүнө каршы согушкан жикчилдерге колдоосун билдирип келатат. Орусиянын аракети Батыш мамлекеттери сындап, Москвага санкция киргизишкен. Ошондон тартып Крымдын макамы Орусиянын Украина жана Батыш менен мамилесиндеги эң талаштуу маселе бойдон калып келет.

Кремль бардык дооматтарды жокко чыгарып, 2014-жылы Крым боюнча чечимди ошол жерде жашаган эл референдум аркылуу кабыл алган деген жүйөнү карманат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG