Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Киев менен жикчилдер туткундарды алмашты


Алмашылган туткундар. 29-декабрь, 2019-жыл.
Алмашылган туткундар. 29-декабрь, 2019-жыл.

Киев менен өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары» деп атап алган жикчилдер 29-декабрда туткундарды алмашты.

Бул жолкусунда “баарына баарын” деген форматта ишке ашып, эки тараптан тең болжолдонуп жатканга караганда кыйла көп киши алмашылды.

Бошотулгандардын арасында аскер туткундарынан тышкары, эки активист жана «Азаттык» радиосунун украин кызматынын блогери менен штаттан тышкаркы кабарчылары Станислав Асеев менен Олег Галазюк бар.

Эки тараптын туткундарды алмашуу жараяны 29-декабрь таңында башталып, түштөн кийин гана аяктады. Орусия менен Украинанын президенттери ушул айдын башында Парижде «Норманд төрттүгү» форматындагы саммиттин алкагындагы жолугушууда 2019-жылдын аягына чейин бири-бириндеги туткундарды өткөрүп берүү тууралуу бир пикирге келишкен.

Украинанын чыгышындагы жикчилдер Киевге 55 кишини берип, 87 тарапташын өткөрүп алаары алдын ала айтылган. Бирок ишке келгенде алмашылчу кишилердин саны кыйла ашык болуп чыкты. Украина 127 адамды бошотуп, жикчилдер 76 кишини алганы белгилүү болду.

Украинага өтүп жаткан туткундардын бири, 2014-жылга чейин Макеев райондук акимчилигинде иштеген Василий Савин кандай шартта кармалганын айтып берди.

- Беш жыл бою беш чарчы метрлик жер төлөдө жаттык. Элестетип көргүлө, ушунча аянттын ичинде кандай жашоо болот? Мен колонияга которулуп, ден соолукту чыңдоочу жайга келгендей эле болдум. Колонияда шарты дурус. Ага чейин беш чарчы метрлик жер төлөдө тергөө да, сурак да өттү. Биз көпкө коштошпойбуз, кайра келебиз. Анткени, бул - биздин жер. Мен Макеев шаарында Донбасстан өкүл катары иштегем. Мен шаар үчүн өмүрүмдү бердим, канчалаган жумуш жасадым эле. Ошол үчүн мен өз шаарымда, өз түрмөмдө отурдум. Бул - биздин жер.

Киев менен Москва алгачкы жолу ушул жылдын сентябрь айында туткун алмашкан. Эки өлкө бири-бирине 35тен адамды өткөрүп берген.

Орусия менен Украинанын президенттери ушул айдын башында Парижде «Норманд төрттүгү» форматындагы саммиттин алкагында жолукканда ушул жылдын аягына чейин бири-бириндеги туткундардын баарын өткөрүп берүү тууралуу бир пикирге келишкен. Украина менен өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары» деп атап алган жикчилдердин макулдашуусуна ылайык эки тараптан алмашылчу такталган тизмедеги кишилердин төртөө Украинага кайтпай, чыгыштагы аймакта калууну чечсе, ондон ашык адам өздөрү каалап Донбасс жана Луганскиге барбай Киевде калган.

Бул жолу бошотулгандардын арасында бир нече аскер туткуну, Донецкидеги турмуш тууралуу макала даярдап жүргөн журналист Станислав Асеев да бар. Мындан тышкары Украинага ыктаган эки активист да бошотулду.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай кабарчылардын бошотулганын кубаттап, «Стас менен Олегдин эркиндикке чыгышына кубанып турабыз» деп билдирди.

26-ноябрда Флай украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушканда эки журналистти туткундарды алмашуу тизмесине кошууну өтүнгөн.

- Алар кылмыш кылганы үчүн эмес, өз мекениндеги орусиялык оккупация тууралуу чындыкты айтып турганы үчүн эки жарым жыл сырткы дүйнөдөн обочо кармалып турушту, - деп белгилеген Флай.

Алмашылгандардын арасында 2014-жылы Майданда элге ок атты деп айыпталып жаткан Ички иштер министрлигинин “Беркут” атайын багыттагы бөлүгүнүн аскерлери да бар. Майданга чогулган элге ок аткан деп айыпталгандарды бошотууга каршы болгон Киевдин тургундары Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин бошотууга нааразы болуп, тергөө абагынын жолун торошту.

Украинанын чыгышында куралдуу жаңжал жана Крымдын аннексияланышы 2014-жылы Киевдеги ыңкылаптан кийин башталган. Бул үчүн АКШ жана Европа Орусияны санкциялар менен жазалаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG