Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:49

«Газ согушунан» Украина утту


Орусия менен Украинанын ортосундагы беш жылдан берки газ чатагына мурунку келишимдин мөөнөтү бүтө турган акыркы күнү гана чекит коюлду.

Орусия Украинага 3 миллиард доллар төлөп берди. Соңунда эки тарап бири бирине койгон миллиарддаган доллардык доолордон баш тартышты. Мындан ары "Орусия газын бербей коёт" дебей, Европа беш жыл бою тынч уктайт. Украина орус газын Европага транзиттеп берген акысы үчүн беш жылда дагы 7 мллиард доллар акы алат. Орусия дагы беш жылга газды туруктуу сатып алган кардарга ээ болот жана транзит түйшүгүнөн кутулат.

Акыркы төрт аптадан бери украин жана орус бийликтери Орусиянын газын Европага жеткирүү жана Украинанын өзүнө газ алуу маселелери боюнча тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан. Тараптар 20-декабрда негизги багыттар боюнча орток пикир таба алышкан. "Газпромдун" башчысы Алексей Миллер келишимдин жыйынтыгы тууралуу буларды айтты.

- Венада акыркы беш күндөн берки тынымсыз сүйлөшүүлөр аяктады. Бир пикирге келише алдык. Газ боюнча документтердин бүтүндөй бир комплексин иштеп чыктык. Бул келишимдер чындыгында бардык тараптардын кызыкчылыгын тең салмактаган документтердин топтому болду.

"Газпромдун" жетекчисинин бул билдирүүсүнөн кийин гана Украинанын президенти Владимир Зеленский "Фейсбуктагы" баракчасына газ келишими тууралуу билдирүү жазды.

- Украина Орусиянын газын келерки беш жыл бою Европага транзиттеп берүү боюнча келишимге кол койду. Беш жыл ичинде Украина орус газын транзиттеп берген акысы үчүн 7 миллиард доллардан ашык акы алат. Тараптар бул келишимди беш жылдан кийин дагы 10 жылга узарта алышат. Мындан ары Украинанын газ кампалары толуп турат. Бул болсо Украинанын коопсуздугунун кепилдиги.

Украина менен Орусия 2014-жылдагы Крым чатагынан кийин газ боюнча эл аралык соттордо соттошуп келаткан. "Газпром" Стокгольмдогу арбитраждык сотко кайрылып, Украинага 4.5 миллиард доллар доо койгон. Ага удаа ошол эле сотко Украина да кайрылып, Орусияга 6 миллиард долларга доо койгон. Беш жылдык соттошуу учурунда тараптар доолордун суммасын көтөрүп отуруп, Орусиянын Украинага койгон доосу 24 миллиард долларга, Украинанын Орусияга койгон доосу 16 миллиард долларга жеткен. Бирок Стокгольмдогу арбитраждык соттон Украина жеңип, «Газпромдон» 3 миллиард доллар өндүрүп алды.

Соттошуунун кийинки бөлүгү тараптар бири бирине койгон доолорунан баш тартуусу, кийинки беш жыл бою Орусия газдын баасын өзгөртпөй берүүгө макул болуусу менен аяктады.

Украинанын "Нафтогазынын" жетекчиси Юрий Витренко келишим тууралуу буларды айтты:

- Бул - Украина менен Орусиянын ортосунда Европа принциби менен кол коюлган алгачкы келишим. Буга чейинки келишимдер Украина үчүн пайдасыз, Орусия үчүн гана пайдалуу болуп келген.

Эми бул келишимдин негизинде Орусия Украина аркылуу 2020-жылы Европага 65 млрд. кубметр газ чыгарат. Кийинки төрт жыл бою жылына 40 миллард куб метрден чыгарып турат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG