Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Донбасстан аскерлер чыгарыла баштады


Украинанын чыгышындагы украин жоокерлери.
Украинанын чыгышындагы украин жоокерлери.

Украина өлкө чыгышындагы аскерлерин чыгара баштады.

Украинанын тышкы иштер министри Вадим Пристайко Луганск облусундагы Золотое шаарчасынан беш жылдан бери орусиячыл жикчилдер менен кармашып келген украин аскерлерин чыгарып кетүү иши башталганын билдирди. Аталган аймактан орусиячыл куралдуу топтор да өз күчтөрүн алып кетип жатат.

«Аскерлерди чыгаруу азыр башталды», - деди Пристайко 29-октябрда Мариуполь шаарындагы инвестициялык форумда. Анын айтымында, Золотоеден кийин Киев Петровск шаарчасындагы аскерлерди чыгарууну баштайт. Ал эми жалпысынан бир айдын ичинде тараптар дагы төрт тилкеден аскерлерин чыгарышмакчы.

Жаңжал аймагынан эки тарап аскерлерин чыгарып жатканын президент Владимир Зеленский өзү да «Настоящее время» телеканалына ырастады:

- Аскерлер биз тараптын жана ЕККУнун маалыматы боюнча акыркы жети күндө бир да жолу ок атышуу болбогон жерден чыгарыла баштады. Баары тынч, биз баарын көзөмөлдөйбүз.

29-октябрда Киев убактысы боюнча түшкү саат 12:00дө Золотое шаарчасынан аскерлерди чыгаруу башталганын Украинанын биргелешкен күчтөрүнүн аскердик штабы да кабарлады.

«Саат 12:00дө Луганск облусунун Золотое-4 деген жериндеги №2 тилкеде эки тараптан тең бирдей чыгаруу башталды. Буга акыркы жумада ок атышуу режиминин сакталышы түрткү берди. Күчтөр жана каражаттар чыгарыла баштаганы ЕККУнун атайын байкоочу миссиясы да ырастады», деп айтылат Украинанын биргелешкен күчтөрүнүн аскердик штабы тараткан маалыматта.

Жаңжал аймагынан аскерлер аскерлер жана техникалар чыгарылып жатканы тууралуу маалымат боюнча Орусия президенти Владимир Путиндин жардамчысы Владислав Сурков ТАСС агенттигине комментарий берди.

- Эгер Золотоеде баары жакшы болсо, ошондой эле ишти Петровскто да баштоо керек. Ушундан кийин ыргакты жайлатпай “Норманд саммитине” даярдык көрүү керек”, - деди Владислав Сурков.

Быйыл президенттик кызматына киришкен мамлекет башчы Владимир Зеленский өлкө чыгышындагы жаңжалга чекит коюуну убада кылып, октябрдын башында эл аралык коомчулукта «Штайнмайердин формуласы» деген ат менен таанымал документти ишке ашыруу зарылдыгын билдирген.

Владимир Зеленский Золотое шаарчасына барган учурда. 26-октябрь, 2019-жыл
Владимир Зеленский Золотое шаарчасына барган учурда. 26-октябрь, 2019-жыл


Киев, Москва жана ЕККУ аталган документке 1-октябрда кол койгон. Анын шартына жараша Донецк облусундагы Петровск жана Луганск облусундагы Золотое шаарларынан аскерлерди чыгаруу 7-октябрда башталмак.

Тышкы иштер министри Вадим Пристайконун айтышынча, бул күнү эртең менен орусиячыл жикчилдер 20 мүнөттөй ок атып туруп алышкандыктан, жоокерлерди аймактан чыгарып кетүү иши башталбай калган.

Үч тараптуу документке ылайык, Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө чыгышында жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарда шайлоо өткөрүп, аларга өзгөчө макам берүү талабына көнгөн. Ошол эле кезде өздөрүн "Донецк жана Луганск элдик жумурияттары" (“ДНР” жана “ЛНР”) деп атап алган облустардагы шайлоо демократиялык эрежелерге жараша өтүп, аны жыйынтыгын эл аралык коомчулук таанууга тийиш. Мындан тышкары, аймактардан куралдуу топтордун баары чыгарылып, Украина өлкө чыгышындагы Орусия менен чек арасын толук өзү көзөмөлдөй баштайт.

Зеленскийдин бул планды ишке ашыруу ниети оппозияциялык күчтөрдүн, оңчул, ардагер топтордун жана активисттердин нааразылыгын жараткан. Алар макулдашууну “Украинанын Орусияга багынуусу” катары баалашкан.


Нааразылыктарга жооп берген Зеленский Донбасстын өзгөчө макамы жөнүндө мыйзам коомчулук менен талкууланарын убада кылган.

"Штайнмайердин формуласы" деп аталган документти Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 2015-жылы ЕККУга төрагалык кылып турганда сунуштаган. Кремль аталган документке кол коюлса гана Франция, Германия, Украина жана Орусия лидерлеринин “Норманд форматындагы” жолугушууга катыша тургандыктарын билдирген.

Вадим Пристайко “Норманд форматындагы” сүйлөшүү ноябрда өтүп калат деген үмүтүн билдирди.

2014-жылдагы Украинадагы Майдан окуялары деген ат менен белгилүү элдик толкундоолордун шартында ошол кездеги президент Виктор Януковичтин бийлиги кулап, андан көп өтпөй Орусия Крымды аннексиялап алган.

Өлкө чыгышындагы жаңжал аймагында кызмат өтөгөн украин жоокери.
Өлкө чыгышындагы жаңжал аймагында кызмат өтөгөн украин жоокери.


Москва ошондой эле Украинанын чыгышына өздөрүн "Донецк жана Луганск элдик жумурияттары" деп атап алган, украин өкмөтүнө каршы согушкан орусиячыл жикчилдерге колдоо көрсөткөн. Бирок Орусия Донбасстагы жикчилдерди акча, курал-жарак берип жана машыктырып жатканын тастыктаган далилдерге карабастан, бир канча жолу танган.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын апрелинен берки уруштардан 13000ден ашуун киши жарыкчылык менен кош айтышты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG