Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

Украинада макулдашууга каршы митинг өттү


Киевдеги митинг. 6-октябрь, 2019-жыл.
Киевдеги митинг. 6-октябрь, 2019-жыл.

6-октябрда Украинада "Штайнмайердин формуласына" каршы митингдер өттү. Полиция эч кандай мыйзам бузуулар болбогонун жана кармалгандар жок экенин билдирди.

Киевдин Эгемендик аянты – Майданда Украинанын "Штайнмайердин формуласына" кошулуусуна каршы митинг өттү. Нааразылык акциясына он миңге чукул киши катышты. “Багынууга жок” ("Нет капитуляции") деген ураан менен чогулгандар партияларга тиешеси болбогон символикалар менен келишти. Митингге келген киевдик тургун:

- Биз Украина үчүн жакшылыкты каалайбыз. Украина жеңилип эмес, жеңип чыгышын ойлоп турабыз.

Андан кийин чогулгандар Украинанын президенттин администрациясына жана парламентине жөө жүрүш менен барышты.

Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салууда Орусияны эпке келтирүү чараларына каршы экендигин буга чейин мурдагы президент, Жогорку Раданын депутаты, "Европа тилектештиги” сыяктуу бир нече партиялар да билдиришкен.

Киевдеги он миң киши чогулган митинг тынч тараганын полиция кабарлады. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар катталган эмес, кармалгандар да жок.

Ушундай эле акциялар жекшембиде Украинанын башка шаарларында да өттү. Харьковдо 300 чамалуу киши облустук кеңештен кезексиз сессияга чогулуп, президент Владимир Зеленскийдин аракетин айыптаган чечим чыгарууну талап кылышты. Мындай айыптоолорду айрым облустук кеңештер өткөн аптанын соңунда эле чыгарышкан.

Нааразылыктардын тутанышына ушул аптада Минскидеги сүйлөшүүлөрдө “Штайнмайердин формуласы" деп аталган макулдашуу себеп болду. Макулдашуу Орусия колдогон жикчилдердин көзөмөлүндө турган Донбасстагы райондорго өзгөчө макам берүүнү камсыздайт.

Бул келишимдер “Украинанын Орусияга багынуусуна” алып келерин айткан акциялардын катышуучулары президент Владимир Зеленскийдин аракеттерин айыпташууда.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 3-октябрда элге теле аркылуу кайрылып, "Украинаны сатпайм" деген:

Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

- Бул маселени чечүүдө алдыбызда узак жана татаал жол турат. Биз бул жолду чогуу басып өтүүгө тийишпиз. Ал үчүн бизге ынтымак керек. Мен ар бир жарандын конституциялык укугун сыйлайм. Мен сиздерди угуп жатам, мен эч качан Украинаны сатпайм!

Зеленскийдин айтымында, Донбасстын өзгөчө макамы тууралуу жаңы мыйзамды парламент эми "коомчулук менен тыгыз кызматташтыкта жана ачык талкуулоо аркылуу" иштеп чыгат. Ал сөзүндө “Штайнмайердин формуласында" кеп болгон Донбасстагы шайлоолор бир катар шарттарды аткаргандан кийин гана өтөрүн айткан. Ал ошондой эле Украинанын чыгышынан орусиялык аскерлердин чыгарылышын жана Орусия менен чек арадагы көзөмөл украин чек арачыларына өткөрүлүп берилишин да ушул шарттарга кошту.

Киев, Москва жана ЕККУ эл аралык коомчулукта "Штайнмайердин формуласы" деген ат менен таанымал документке 1-октябрда кол койгон. Ага ылайык, өздөрүн "Донецк жана Луганск элдик жумурияттары" (“ДНР” жана “ЛНР”) деп атап алган облустардагы шайлоонун жыйынтыгын эл аралык коомчулук таанууга тийиш. Аймактардан куралдуу топтордун баары чыгарылып, Украина чыгышындагы Орусия менен чек арасын толук өзү көзөмөлдөйт.

Буга чейин Москва эгерде Киев "Штайнмайердин формуласына" көнбөсө, Путин "Норманд төрттүгүнүн" алкагында Зеленский менен жолукпай турганын айткан.

Келишимге ылайык, Украина Донецк жана Луганск облустарынын айрым райондорунда кезексиз шайлоо өткөрүүгө макулдук берет. Шайлоолор Украинанын Конституциясына жана кезексиз шайлоо тууралуу атайын мыйзамга ылайык өткөрүлөт. Донбасстын убактылуу макамы добуш берүү бүтөрү менен күчүнө кирет жана ЕККУнун байкоочулары шайлоонун жүрүшү тууралуу баяндамасын жарыялаганга чейин сакталат.

Эгер ЕККУ Донбасстагы добуш берүү демократиялык шайлоо тууралуу эл аралык талаптарга жооп бергенин тааныса, Донбасстын өзгөчө макамы бекийт. Бул мыйзамда эмнелер каралганы азырынча белгисиз. Бирок Украинадагы орусиячыл партиялар аймакта орус тили да украин тили менен катар өзгөчө макамга ээ болушу керек экенин талап кылышууда.

"Штайнмайердин формуласы" деп аталган документти Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 2015-жылы ЕККУга төрагалык кылып турганда сунуштаган. Орусия документти макулдашуу болсо гана Франция, Германия, Украина жана Орусия лидерлери катыша турган “Норманд форматындагы” жолугушууга барарын билдирген. Жолугушуунун качан өтөрү, так күнү азырынча аныктала элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG