Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Киев Донбасска байланыштуу келишимге макулдугун берди


Украин президенти Владимир Зеленский Киевдеги брифингде. 1-октябрь, 2019-жыл.
Украин президенти Владимир Зеленский Киевдеги брифингде. 1-октябрь, 2019-жыл.

Расмий Киев Украинанын жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарына байланыштуу Минскиде жетишилген келишимдин шарттарына алдын-ала макулдугун берди. Украина, Орусия жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму макулдашкан бул келишимге ылайык, эгер бардык куралдуу күчтөр Украинанын чыгышынан чыгып кетсе жана расмий Киев Орусия менен 400 чакырымдык чек арага көзөмөлүн кайра калыбына келтире алса, анда украин бийлиги Донецк менен Луганскиде жергиликтүү шайлоо өткөрүп, бул аймактарга өзгөчө макам бериши керек болот. Бирок ал үчүн өздөрүн Донецк жана Луганск элдик жумурияттары (ДНР жана ЛНР) деп атаган облустардагы шайлоонун жыйынтыгын эл аралык коомчулук таанышы зарыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-октябрда атайын брифинг өткөрүп, «Штайнмайер формуласы» деп аталган бул документ «андай деле коркунучтуу эмес» экенин айтты. ЕККУ тараткан билдирүүдө Донбасстан Украина менен Орусия «аскердик техникасын жана жоокерлерин 7-октябрдан тартып чыгара баштайт» деп айтылды.

«Штайнмайер формуласы» деп аталган документти Германиянын азыркы президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 2015-жылы ЕККУга төрагалык кылып турганда сунуш кылган.

2014-жылдын жазында Крымдын аннексиясынан көп өтпөй Украинанын Луганск жана Донецк облустарында Орусия колдогон жикчилдер менен украин армиясынын ортосунда куралдуу кармаш башталган. Андан бери аймакта 13 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG